Баскынчы яхудий вужуду Батыш Жээктин үчтөн бирин аннексия кылууга даярдык көрүүдө

202
0

Баскынчы яхудий вужуду Батыш Жээктин үчтөн бирин аннексия кылууга даярдык көрүүдө

Фалестина режими Араб Мамлекеттери Лигасынын тышкы иштер министрлери алкагында тез күндөрдө виртуалдуу жыйын өткөрүүгө чакырды. Бул жыйында яхудий вужудунун Батыш Жээктеги жерлерди аннексия кылуу максатына каршы туруу үчүн көрүлө турган чаралар талкууланары айтылды. Бул жөнүндө Фалестиндин Араб Мамлекеттери Лигасындагы өкүлү Дияб Лавх билдирди: «Шек-күмөнсүз, «Израиль» Батыш Жээкти же анын бир бөлүгүн аннексия кылуу планын ишке ашырышы эл аралык мыйзамдуу токтомдорго тескери».

Ушул маанайда Фалестин режиминин башчысы Махмуд Аббас: «Эгер «Тель-Авив» Батыш Жээктин бирер бөлүгүн аннексия кыларын жарыяласа, Фалестина режими да «Израиль» жана Кошмо Штаттар менен түзгөн бардык келишимдерди бекер кылат», – деп коркутту.

Яхудий вужуду АКШнын «Кылым келишими» деп айтылып жаткан тынчтык планынын беренелерин ишке ашыруу үчүн кадамдарды шилтеп жатат. Белгилүү болгондой, «Кылым келишиминин» беренелеринде яхудийлер Иордан өрөөнүндө жана Батыш Жээкте курган турак-жайларды аннексия кылуу каралган. Батыш Жээктин үчтөн бирин түзгөн бул регионду Биньямин Нетаньяху менен Бени Ганц «яхудий мамлекетинин уюлдары болгон жана колдон чыгарбоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк эсептелген регион» деп айтышат. Бул регион ушул эки жетекчини өз ара келишпестиктерди таштап, үчүнчү ирет өткөн шайлоолордон кийин өкмөттү кезектеп башкаруу үчүн министрликтерди бөлүп алууга үндөдү.

Жерлерди аннексия кылуунун мындай багыты аннексия туурасында яхудий вужуду өкмөтүндөгү бир нече тараптардын мунасага келиши менен дагы да бекемделди. Алар аннексияны июль айында ишке ашырууга келишип алышты. О.э. АКШнын бул багыт жөнүндөгү жообу менен бул нерсе дагы да бекемделди. АКШ мамлекет катчысы Майк Помпео яхудий вужудунун бул жарыясына мындай түшүндүрмө берди: «Батыш Жээктеги бул регионду аннексия кылуу туурасындагы акыркы токтом «Израилге» байланыштуу. Вашингтон бул жөнүндө өз позициясын жакында ишкере кылбастан жаңы «Израиль» өкмөтүнө билдирет». Ушинтип аннексия маселеси убакыт маселесине айланды.

Мубарек Фалестин жерине жана калкына каршы мына ушундай иш-аракеттер жана тил бириктирүүлөр болуп жатканда ушуга күбө болуп турабыз – Фалестин режими ийгиликсиздик позицияны карманып, түрдүү ыкмалар менен Фалестин маселесин текке кетирди… Өлкө калкын жана армиясын ондогон жылдардан бери алдап келди. Азыр Араб Мамлекеттери Лигасынын жыйынын чакырганы да ушул алдоолордун бири. Акыйкатта болсо, бул Лига соңку кездерде уялганынан гана каралап, сөздө гана каршылык билдирүүдөн ары өтпөй жатат. Фалестин режиминин жетекчиси Махмуд Аббас да өлкө калкы жана мусулмандар өтө сейрек учураткан «коркутууларына» өттү. Негизи, ал ар дайым баскынчы яхудий вужуду менен коопсуздук жана саясий тармакта кызматташтыкты улантууну баса белгилеп келет.

Ооба, яхудий вужуду Батыш Жээкти жана Иордан өрөөнүн аннексия кылышы убакыт маселесине айланганы анык. Бул – Фалестин маселеси жана Фалестин калкы жөнүндөгү чечимди камтыган кезектеги мусибат. Бул нерсенин элибиз үчүн коопсуздук жана саясий акыбеттери оор болот. Аны жок кылуунун бирден бир жолу – Ислам Умматы жана анын бүткүл армиясы козголуп, тезинен яхудий вужудун түп тамыры менен кулатышы керек о.э. анын жырткычтыгынан Фалестина калкын жана мусулмандарды гана эмес, бүткүл адамзатты куткаруу зарыл.

Фалестин режими эл аралык мыйзамга, Коопсуздук Кеңешине, АКШга, БУУга, Кытайга, Европа Союзуна жана Араб Мамлекеттери Лигасына кече да таянган, бүгүн да таянуууда. Бирок, аларга таянуу бир да планды бекер кылбайт, бир да душманды тыйбайт. Тескерисинче, бул нерсе яхудийлер менен колонизатор кафир Батыштын зомбулугун күчөткөндөн күчөтүп, массалык кыргын кылуучу пландарын ишке ашырууга жардам берүүдө. Ушул бүгүнкү абал саясий чындыктан жана шаръий өкүмдөрдөн бүтүндөй алыс болуп, адамдар душмандардан үмүт кылып жатканын жана алардын жалган убадаларына ишенип жатканын ырастап турат.

 Роя гезити, №285, 2020-жыл, 6-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here