Батыштын Тунистеги жаратман акылдарды алкышташын туура багытта түшүнүү

235
0

Батыштын Тунистеги жаратман акылдарды алкышташын туура багытта түшүнүү

Соңку убактарда коронавирус жайылып жатканда Батыш жана анын үгүтчүлөрүнүн Тунистеги жаратман акылдарга этибары улам көбөйүүдө. Мисалы, Франциядагы Сен-Дени коммунасынын ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн төрагасы Матиас Варгон «RTL» радиоберүүсүндө Францияда иштеп жаткан тунистик дарыгерлердин тажрыйбаларын жана жөндөмдөрүн алкыштады. О.э. Би-Би-Си каналы Тунистин Сус шаарындагы улуттук инженердик окуу жайынын студенттери даярдаган беткаптар жөнүндө макала жарыялады. АКШнын «Нью-Йорк пост» гезитинде да Тунис Улуттук фундаменталдык илимдер жана технологиялар мамлекеттик институтунун инженерлери жөнүндө макала жарыяланып, адамдын көкүрөк клеткасынын ренген сүрөттөрүн изилдөөгө жана коронавирусту жуктургандыгын аныктоого жасалма интеллекттен пайдалануу жөндөмдөрү айтылды. Макала «Тунис коронавируска каршы күрөштө глобалдуу аракеттерге салым кошууда» деп аталат.

Роя гезити

Батыш тунистиктердин талантына «жогору баа» берип жатканын айтканын угуп, биз Батыштын эски, бирок, жаңыланып туруучу стратегиясы т.а. өз долбоорлору үчүн жөндөмдүү таланттуу адамдарды «уурдашы» эсибизге түштү. Т.а. өлкөлөрүбүздөн таланттуу кишилерди көчүрүп кетүүдө о.э. жергиликтүү майданды Ислам негизинде өнүгүүнү камтыган саясий долбоорго кошулууга жарактуу кишилерден тазалоого болгон күчүн жумшады. Өкүнүчтүүсү, Умматтын кээ бир окумуштуулары жана муфаккирлери капиталисттик түзүмдүн глобалдуу масштабда колдонулушу акыбетинде келип чыккан кризистерден куткарууга жөндөмдүү түзүмдү байкабай жатышат. Айрымдар Халифалык долбоорунун маңызын билүү мүмкүнчүлүгүнөн жана учурунан өзүлөрүн кур жалак калтырышууда. Батыш ондогон жылдардан бери каралоого катуу аракет кылып келе жаткан бул Халифалык долбоору Ислам бийлиги жок болгондуктан пайда болгон илим-техника боштугун толтура алат. Толтуруп гана калбастан, ал тургай, ал буга бирден-бир ылайык долбоор. Бул долбоор Батыштагы муфаккирлерди жана стратегиялык изилдөө институттарын – Аллахтын уруксаты менен – тикеленип жаткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети менен кандай мамиледе болуу туурасында баш катырууга мажбур кылды.

 

Роя гезити, №284, 2020-жыл, 29-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here