Өзгөчө абал режими узартылды
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бул жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеш 30-апрелде жалпы жыйынга чогулуп, Кыргызстандын өзгөчө абалды узартуу же токтотуу маселесин карай тургандыгын билдирди.
Комментарий: Светтик өкмөттөр жарандардын акы-укуктарын камсыздоодо негизги программа деп дабаа кылуучу конституцияларда да өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал киргизилген учурда жарандар кандай акы-укуктарга ээ экендиги белгилеп коюлган.
А бирок, кыргыз бийлиги өлкөдө өзгөчө абал жарыялаганы менен өзүнүн мойнундаы милдеттерди аткарбады. Өзгөчө абал себептүү жумушунан айрылган же убактылуу жумушсуз калгандарга компенсация төлөп берүүгө аракет кылып да койбоду. Өкмөт алыскы жана жакынкы кошуналардан келген гуманитардык жардамдарды о.э. материалдык резервден бир аз ун таратып коюу менен чектелди. Жумушсуз калгандарга компенсация төлөп берүү, карантин учурунда коммуналдык төлөмдөрдү жокко чыгаруу иштерин кылбады. Карапайым калк негизинен кайрымдуу адамдардын жардамы менен күн көрүп жатат.
Өкмөт карапайым калктын жашоо шартын эсепке албастан өзгөчө абалдын тартибин узартып келет. Жарандар ачка калса да өкмөт белгилеген тартипке моюн сунуп жаткан соң, өкмөт да өз конституциясында белгиленген милдеттерди аткарышы керек. Өзүбүздүн акы-укуктарыбызды талап кылалы!
Абдурахман Адилов
Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу Устаз Асъад Мансур Ар кандай…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү Устаз Ахмад Таий –…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…