Саудия балак менен жазалоону жокко чыгарды

464
0

Саудия балак менен жазалоону жокко чыгарды

Сауд Арабиянын Жогорку соту ушул айда балак менен жазалоону жокко чыгарды. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, бул реформа Сауд Арабиясынын “адам укуктары” жаатындагы алдыга карай маанилүү кадамы катары сыпатталууда. Ошондой эле бул жаза камакка же айыппулга алмаштырылат.

Саудия падышалыгында демократиялык реформалар 2017-жылы Мухаммад бин Салмандын мураскер болуп жарыяланышынан кийин күч алган. Ал 2030-жылга чейинки стратегиясын жарыялап, алардын алгачкылары падышалыкта “аялдардын укугун көтөрүү” демилгелери менен башталды. Маселен, аялдарга валийи жок саякатка чыгууга уруксат берилди, ага чейин борбор калаада казинолордун ачылуусуна уруксат берилген.

Бул өзгөрүүлөр негизинен Ислам өкүмдөрүнө каршы келгендиктен, Батыш жана маалымат каражаттары ал окуяларды тынымсыз чагылдырып, колдоого алышууда.

Белгилей кетсек, Саудия бийлиги ушунча жылдардан бери өзүн “исламий мамлекет” катары көрсөтүүгө урунуп келди жана кандайдыр бир деңгээлде айрым мусулмандарды алдай да алды. Мына эми чүмбөттөр арты-артынан сыйрылып түшүп, анын чыныгы жүзү ачыла баштады.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here