Карантин, экономиканын начарлашы же оорунун жайылышы…

296
0

Басма сөз баянаты

Карантин, экономиканын начарлашы же оорунун жайылышы

Иордания режиминин коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү чараларынын оор натыйжалары

Азык-түлүк камсыздоо, саламаттыкты сактоо жана таалим берүү жаатында адамдардын жашоосу коронавирус кризисинен мурун деле суктанарлык эмес эле. Салыктар көтөрүлүп, кымбатчылык жана жумушсуздук жогорулап 20%га жакындашкан болчу. Мамлекет кыйроого келип калган экономиканы жана ушул жылы январда 42 миллиард долларга жеткен карыздарды отуз жылдан бери Эл аралык Валюта Фондунун программалары негизинде чечүүгө о.э. Трамп менен жашыруун жана ашкере түзүлгөн келишимдерге байланыштуу долбоорлорду аткарууга аракет кылып келди.

Бийлик коронавирус жайылышын токтотууда бири-бирине тескери жана башаламан чараларды колдонду. Айрым чаралар кечикти жана карантин чектөөлөрү туура жолго коюлбады. Ошол эле учурда, адамдардын нааразылыгы күчөдү. Режим коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн «коргоо» мыйзамын жарыя кылды. Бийлик адамдарды үйлөрүнө камады. Натыйжада, саламаттыкты сактоо, таалим жана социалдык тармакта аракет токтоду, экономика начарлады. Үйдө олтурган адамдар болгон акчаларын азык-түлүккө сарпташты.

Кырсыктуу абал режим үмүт кылган нерсенин тескери натыйжасын бере баштаганда өкмөттүн расмий өкүлү саламаттыкты сактоо министри менен бирге: «Олуттуу жана кескин чаралар көрүлсө, жакында турмуш муруку абалына кайтат жана мечиттер да ачылат», – деп билдиришти. Негизи, мурунку күнү дагы 22 адам ооруга чалдыкканы айтылды. Саламаттыкты сактоо министри айтышынча, бир да абалдын катталбашы кризистин бүткөнүн түшүндүрбөйт.

Жогорудагылардан улам ушуларды айтабыз:

Биринчиден: режим Ислам баян кылган саясатты аткарышы ыңгайлуу жана жеңил эле. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلَا تَدْخُلُوهَا وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا مِنْهَا»

«Бирер жерде чума тараганын уксаңар, ал жерге барбагыла, өзүңөр турган жерде чума тараса, ал жерден чыкпагыла». Исламий мамлекет бир нече жүз жылдар ушул саясатты алып барган. Эпидемия тараганда аны чектөө үчүн ушул саясат аткарылышы керек. Муну менен бирге, башка жайлардагы адамдардын тиричилиги, экономикалык иш-аракеттер уланышы зарыл. Ушул саясат канчалык эрте ишке ашырылса, анын пайдасы ошончолук көп болот.

Экинчиден: мамлекет оорулууларга да, дени сак кишилерге да мажбурий карантин колдонду. Акыйкатта болсо, дени сак кишилер көпчүлүктү түзүшөт. О.э. экономикалык, таалим, соода-сатык, саясат жана медицина кызматы токтотулду. Башка оорулуулардын саламаттыгын көзөмөлдөөнү токтотуп, коронавируска каршы күрөшүүнүн кандай пайдасы бар? Жакырлар ачкалыктан кыйналып, экономика токтоду. Пайгамбарыбыз ﷺдын төмөндөгү хадиси ушул абалга ылайык келет:

«دَخَلَتْ امْرَأَةٌ النَّارَ فِي هِرَّةٍ رَبَطَتْهَا فَلَا هِيَ أَطْعَمَتْهَا وَلَا هِيَ أَرْسَلَتْهَا تَأْكُلُ مِنْ خَشَاشِ الْأَرْضِ حَتَّى مَاتَتْ هَزْلًا»

«Бир аял мышыкты өлгүчөктү, тамактандырбай байлап койгону жана жердеги курт-кумурска кармап жеши үчүн коё бербегени үчүн тозокко кирди». Режим адамдарга карата ушундай мамиле кылууда.

Үчүнчүдөн: ооруга чалдыгуу абалдары уланууда жана ооругандар менен байланышта болгондорго карата карантин абалы токтогон жок. Ошондуктан, коргонуу, сейилдебөө, мамлекет иштерин токтотуу жана адамдардык тиричилик иштерин чектөө дагы эле уланууда. Бирок, ушундай учурда режим жакында турмуш мурунку абалына кайтат деп жарыялашы жогорудагы иш-чаралар ийгиликсиздикке учураганын көрсөтүүдө. Ошондуктан, эпидемия тараган региондорго гана карантин киргизип, оору тарабаган региондордо жашоо адаттагыдай уланышы керек. Ушул шарт менен – бүгүн расмий өкүл айтып жаткан чаралар көрүлүшү керек. Ошол чаралардын эң маанилүүлөрүнүн бири – мусулмандар мечиттерде жамаат жана жума намаздарын окушуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү.

Төртүнчүдөн: режимдин коронавируска каршы күрөштө колдонгон чаралары кырсыктуу экономикалык натыйжаларга алып келди. «Раъй» гезитинин 2020-жылдын 11-апрелдеги санында коронавирус пандемиясына улам бир ай иштер токтотулушу акыбетинде миллиард доллардан азыраак зыян көрүлдү. Ага карабастан, финансы министри: «Каражат азайтылбайт, себеби, ал экономикада пайда болгон солгундоону тездетет», – деди. Акыйкатта болсо, экономикалык проблемага колонизатор кафир капиталисттик экономикалык түзүм себеп. Анткени, бул түзүмдүн экономикалык өнүгүү долбоорлору виртуалдык акчага жана сүткордукка негизделген. Анын опурталдуу натыйжалары Америка жана Европа жетектеген эң күчтүү мамлекеттерде жаркын көрүнүп турат. Исламдагы экономикалык түзүм Умматты сүткордук, кыялий акчалар жана экономикалык виртуалдык долбоорлордон азат кылат. О.э. алтын жана күмүшкө эмес, Американын дүйнө байлыктарын уурдашына жана айла-амалына негизделген кагаз акча өкүмдарлыгынан азат кылат.

Бешинчиден: оору тараган мусулман өлкөлөрүндөгү көпчүлүк режимдер диктаторлук болуп эсептелет. Алардын эпидемияга карата саясаты ката болуп, алар эпидемияны токтотуу үчүн карантин киргизүүдөн башка чара табышкан жок. Көрүнүп тургандай, өкмөт адамдарды эки тандоого таштап койгон: карантинде отуруп экономика кыйрайт, жакырчылык жана ачарчылык болот же ооруга чалдыгып, эпидемия тарайт. Ошондуктан, режим иш-чараларды ушул эки тандоодон бирине ылайык алып барды. Эки абалда тең саламаттыкка, же экономикага, же экөөсүнө кооптуу натыйжа бар. Ошондуктан, Уммат режим сунуштаган саясий жана экономикалык төлөмдөн сак болушу керек. Себеби, адамдар бул төлөмдөрдү коронавирус эпидемиясынын экономикалык акыбеттери акысына төлөшөт.

Эй мусулмандар… Эй Иордания калкы!

Бүгүн дүйнөдө, исламий өлкөлөрдө пайда болгон башаламандыктын себеби эпидемияларды туура чечкен Исламий мамлекеттин жоктугунда. Эгер Исламий мамлекет тикеленсе, кырсыктар пайда болушунан мурда жоюлат, оорулар тарашынан мурда токтотулат. Мамлекет эпидемия тарашынан мурда аны токтотууга даяр болот жана убакытты колдон чыгарып, кийин экономиканы курман кылбайт. Мамлекет адамдардын саламаттыгы менен соодалашпайт жана кайдыгерлик кылбай экономиканы коргойт. Кырсыкка жана эпидемияга туура жандашуу менен бирге, дүйнө үчүн программа сунуштайт. Уммат перзенттери ушуну унутпашы керек, жашоодо Исламдын жоктугу – эң үлкөн эпидемиядан өткөн мусибат.

Аллах Таала улуу рисалат менен азиз кылган Исламий Уммат бүгүндөн баштап өзүн жана адамзатты бактысыздыктан жана кыйынчылыктан куткаруу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Биз силерди сооп ишке, мамлекет тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берүүгө чакырабыз жана кайраттуу болууну сурайбыз.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»           [8:24]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here