Нефть бааларынын согушу артында Америка турат
2016-жылы Саудия менен Россия ортосунда нефть өндүрүү боюнча келишимге кол коюлгандан бери нефть баасы жетимиш доллар айланасында туруктуу турган. Ушул келишим боюнча нефть өндүрүү дээрлик 1.8 миллион баррелге кыскартылды. 1.8 миллион баррелдин 1.2 миллионун ОПЕКке мүчө мамлекеттер, калганын болсо Россия азайта турган болду.
Ушул келишим түзүлгөндөн тартып нефть баасы 2020-жылдын март айынын башына чейин салыштармалуу туруктуу турду. Андан кийин нефть баасы төмөндөп, баанын төмөндөшүнө базарларда нефть көбөйүп кеткендиги о.э. ОПЕКтен тышкарыда жаңы нефть өндүрүүчүлөрдүн пайда болушу жана коронавирус себеп болду. Натыйжада, ОПЕКтен өкүл болгон Саудия менен нефть өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду турган Россия ортосунда жаңы келишим түзүү зарылды жаралды.
Т.а. Саудия оройлук менен, эч кандай эскертүүсүз жана сүйлөшүүсүз Россиядан нефть өндүрүүнү күнүнө бир миллион баррелге азайтууну талап кылды. Мындай күтүлбөгөн талап Россияга жаккан жок жана ал аны четке какты. Себеби, Россия Саудиянын талабын буйрук катары түшүндү. Ошондо Саудия Россиянын бул каршылыгын шылтоо катары кармап, орустар менен эч кандай келишимге барбастан, өтө көп көлөмдө нефть өндүрүүнү баштады, ошентип 2016-жылы эки мамлекет ортосунда түзүлгөн келишим бекер болду. Кийин Саудия муну менен гана чектелбестен, нефть экспортунун баасын да төмөндөттү, ушул даражада дейсиң, бир баррель нефтинин баасын Азия базарларына төрт долларга, АКШ базарларына жети долларга жана Европа базарларына он долларга түшүрдү. Ушул аркылуу Саудия базардын эң чоң үлүшүн т.а. күнүнө болжол менен он үч миллион баррелди түзгөн үлүштү тартып алды.
Саудиянын эч бир түшүндүрмөсүз жана себепсиз мындай кадамы бир баррель нефтинин баасы отуз доллардан төмөндөп кетишине алып келди. Мындай абал отуз жылдан бери жүз бербеген.
Натыйжада, баары зыян көрдү. Мисалы, Саудия фонд индекстери 15% жоготту жана Арамко акциялары төмөндөп кетти. Зыян Россия, Иран, Ирак, Алжир, Ливия, Нигерия, Уганда жана башка дүйнөнүн бардык нефть экспорттогон мамлекеттерине жетти. О.э. нефть биржалары да 50%дан 40 %га чейин жоготту. Муну менен бирге, нефть жаатында кызмат көрсөткөн компаниялардын инвестициялары кыскарды.
Россия Саудиянын мындай кадамына кежирдик жана өжөрлүк менен жооп кылды. Россия президенти Путин: «Биз мындай бааларга туруштук бере алабыз, ал тургай, он жылга чейин бир баррели 30 доллар болуп турса да», – деди.
Россияда рублдун наркы 20%га төмөндөдү жана Россияда бир баррель нефть өндүрүүнүн кыйматы Саудиядагы баага жакындашып, бир баррель үчүн 2.5 долларды түздү. Россиянын мындай күрөш алып барып жатканы ушуну көрсөтүүдө – бул мамлекет нефть бааларын белгилөө жана өндүрүү жаатында кызматташкан мамлекеттердин катарында өз таасирин сактап калууга аракет кылууда.
Түпкүлүгүндө, Россиянын бул күрөшү Саудияга эмес, АКШга каршы багытталган. Бул сөздөр, Россия нефть дүйнөсүнө таасир өткөрө турган мамлекет экендигин сактап калат жана аны четке чыгарып коюуга таптакыр жол бербейт дегенди түшүндүрөт.
Бардык далил жана ишаралар Саудиянын бул иш-аракетинин т.а. нефть баасын капыстан атайылап төмөндөтүүнүн жана болуп көрбөгөндөй нефть өндүрүүнү көбөйтүүнүн артында Америка турганын көрсөтүүдө. Далилдердин айрымдарын ачыктап өтөбүз:
- АКШ энергетика министри өз билдирүсүндө учурда АКШ-Саудия нефть альянсынын түзүлүшү АКШ саясатын белгилеген тараптан алга сүрүлүп жатканын баса белгиледи. Бул билдирүүнү тастыктап жаткан дагы бир нерсе ушул – азыр АКШ конгресси мүчөлөрүнүн басымдуу тобу нефть өндүрүү жана нефть баасын белгилөө планын түзүүдө Саудиядан АКШ менен кызматташып иш алып барууну талап кылууда.
- Учурда АКШ энергетика министрлиги Саудияга өкүл даярдап жатат, ал Саудияда кеминде бир ай туруп, нефть боюнча эки мамлекет ортосундагы саясатты координация кылышы айтылууда.
- АКШ президенти: «Мен ыңгайлуу учур келгенде эл аралык нефть чатагына албетте аралашам, учурда Саудия менен Россия ортосундагы нефть күрөшү Россияны жеңилүүгө учуратат, себеби, анын экономикасы нефтиге негизделген, муну менен бирге Саудияга да жаман болот», – деди.
Демек, Америка ушул нефть күрөшүндө Россияны оюндан чыгарып жибермекчи жана нефть өндүрүү, баасын белгилөө, базарга жеткирүү ишине жалгыз өзү Саудия аркылуу ээлик кылмакчы. Бул күзөткөн адам үчүн сыр эмес. Король Салман жана анын уулу Мухаммад доорунда Саудия Америка минген улоого айланып калды, Саудия тышкы саясатта жана нефтиге тиешелүү саясатта Америка каякты көрсөтсө, ошол тарапка басууда. Акыркы убактарда Саудия режими мамлекеттеги бардык министрлерди жана нефть министрлеринин командасын иштен алып, ордуна Американын пландарын эч каршылыксыз аткарууга даяр команданы алып келди. Америка өзүнүн стратегиялык нефть запасын толтуруу үчүн бул мамлекеттен 77 миллион баррель нефтини арзан баада сатып алганын жарыя кылды. Көрүнүп тургандай, учурда нефть баасын төмөндөтүү себептеринин дагы бири ушул болгон жана көп өтпөстөн нефть жогорку баасына чыгат.
Бүгүнкү күндө саудиялык акимдер Уммат байлыктарын бүтүндөй жоопкерчиликсиз сапырышууда, алар үчүн Американын кызыкчылыгы гана маанилүү. Алар өздөрү бешене тери менен таппаган акчаларды Америкага аябай беришип америкалык ач көз колонизаторлордун пландарын аткарышууда.
Роя гезити, №280, 2020-жыл, 1-апрель.