АКШ жана Талибан Ким утту, ким утулду?!

308
0

АКШ жана Талибан

Ким утту, ким утулду?! 

Устаз Муътазбиллах Ашкар

Жакында Талибан кыймылы менен АКШ ортосунда кол коюлган келишим кыймылдын жан тамырына катуу сокку болду, анын максаттарына зыян жеткирди. Себеби, Талибан Американын зыянына эч кимге жардам бербөөгө, Афганистанда Америкага каршы эч кандай аскерий операция болбошуна убада берди. Муну менен Аллах Тааланын:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда»       [8:72]

деген каламына о.э. Расулуллах ﷺдын:

«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لَا يَظْلِمُهُ، وَلَا يَخْذُلُهُ»

«Мусулман – мусулмандын боордошу, ага зулум кылбайт, аны жардамсыз калтырбайт» деген сөзүнө тескери иш кылды.

Мисалы, Пакистан калкы Америка тарабынан массалык түрдө кыргынга учураса, ушул келишимгө ылайык, Талибан аларга жардам бербейт, кыргын болушуна жол берет. Бул келишимден кийин Талибандын бирер мусулманга жардам беришине тыюу салынып гана калбастан, Талибандан, эгер мусулман анын келишимине каршы чыкса, аны өлтүрүү да талап кылынды! Бул биринчиден.

Экинчиден, мусулман кафир менен жарашуусу жана кафирге тынчтык, мусулман боордошуна зыян жеткире турган келишимге кол коюшу жаиз эмес. Себеби, мусулмандар башкалардан өзгөчөлөнгөн бир Уммат, тынчтыгы да бир, согушу да бир. Мусулмандардын согушу жана тынчтыгы өз-өзүнчө болушу туура эмес. Мындай абалды мусулмандарга бир адам өкүм жүргүзгөн, согуш жана тынчтыкты жарыя кылуу бир анын колунда болгон замандарда эч ким элестетпеген.

Америка – мусулман өлкөлөрүбүздү басып алган капиталисттик колонизатор мамлекет. Ага карата согуш абалында мамиле кылынат. Америкалыктар да, Фалестин баскынчылары яхудийлер да бирдей. Эгер Талибан Америкага каршы согушпаса, бул нерсе биз менен Америка ортосунда согуш абалы жок экенин түшүндүрбөйт. Негизи, он тогуз жылдан бери Талибан Американы туңгуюкка кептеп, мусулмандарга карата душмандыгын тосуп, айласын чыгарып келди. Америка өз тарыхында Талибан менен эң узак убакыт күрөштү жана миңдеген аскерлери каза болду жана жараат алды. Андан тышкары, АКШ Афганистан согушунда жүз миллиарддаган доллар зыян көрдү. Америка Обама доорунан бери абдан аракет кылып Афганистандан өз аброю менен, эч болбосо айбатын сактаган абалда чыгууга урунду жана текебер болгону үчүн жеңилген абалда чыгууну каалабады.

Талибандын мындай ыплас келишимге кол коюшу чөгүп бара жаткан Америка үчүн куткаруучу тутка болду. Америка ушул аркылуу жоготкон аброюн тикелөөгө, шерменделиктен чыгууга урунуп жатат. Эгер Талибан кыймылы саясатка жана Афганистанда адамдардын иштерин башкарууга киришсе, америкачыл мамлекеттердин санын дагы бирге көбөйткөн болот. Себеби, Талибандын иши саясат эмес жана мүчөлөрү саясат менен тарбиялабаган. Ошондуктан Трамп: «Америка Афганистанда ондогон жылдардан бери полициянын ишин кылды», – деди жана мунун таң калычтуу жери жок. Т.а. ал «бизден башка полициянын милдетин аткара тургандар табылмайын Афганистандан чыгып кетпейбиз» демекчи.

Полициянын ролун ким аткарышы мүмкүн, Талибан кыймылыбы?!

Америка мусулман өлкөлөрүндө атаандашсыз жеке акимдик саясатын алып барууда жана бул жаңылык эмес, бардык жерде ушундай кылат. Учурда ал Талибан сыяктуу исламий кыймылдардагы Уммат перзенттерине карата да ушундай кыламын деп ойлоодо, бирок, жаңылышат. Себеби, алар оозунан Куръан түшпөгөн, өлкөлөрү жана топурактары үчүн колонизатор кафирге каршы жихад кылып ырахат алган перзенттерибиз. Ушул себептен улам, Афганистанды Америкага кызмат кылган дагы бир картон мамлекетчелердин катарына кошуу акылга да, Исламга да туура келбейт. Түпкүлүгүндө, мусулман өлкөлөрү бир болуп, мусулмандардын согушу да, тынчтыгы да бир. Ушунча жыл жихад кылып, согуш майдандарында такшалган мыкты мужахиддер бир келишим менен эле жихадды токтотуп, өз боордошторун жардамсыз таштап коюшпайт. Бүткүл дүйнө мусулмандар менен миң өлчөп эсептешүүдө. Бул мусулмандардын мамлекети жок абалдагысы, эртең алардын мамлекети тикеленсе, эмне болот, элестетип көргүлө! Учурда бүткүл дүйнө, негизинен Америка саясий да, экономикалык жактан да бүтүндөй артка кетүүдө. Ислам жана анын мамлекети бүгүнкү түзүмдөрдүн мураскору болушун бүткүл дүйнө күтүүдө.

Шек-күмөнсүз, Талибан кыймылы Америка менен келишимге кол коюу менен уттургандарга айланды. Ыктымал, Талибан бул келишим менен туткундарыбызды Афганистан камактарынан азат кылууга жетиштик деп ойлоп жаткандыр жана аларга айрым шаръий өкүмдөрдү колдонууга уруксат да берилер. Бирок, бул нерселер Америкага да, Батышка да зыян жеткирбейт. Бул америкачыл малай мамлекеттин табиятын да таптакыр өзгөртпөйт, бул көз боёмочулуктан башка нерсе эмес.

Саясий киши Талибан кыймылынын уттурушу – ал Америка менен келишимге кол койгону деп билет. Себеби, бул кыймыл өзүнүн принцибин да жоготту, жер жүзүндөгү эң күчтүү мамлкетке каршы жихадий тарыхын да колдон чыгарды. Талибан бул мамлекетке катуу сокку берип, нусратка өтө жакын калып, болгону сабыр кылса жетиштүү эле. Тарыхта колонизатор кафирди өз өлкөсүнөн чыгарууга жетишкен кыймыл деп жазылмак. Бирок, Талибан эртең Афган конституциясын түзүүдө Ашраф Ганиге шерик болушу жана ички саясатта Исламдын бир бөлүгүн колдонушу, тышкы саясатта кайрыисламий негизде аракет кылышы мүмкүн. Ошондой болгон соң, муну кантип жеңиш жана утуш деш мүмкүн?!

Талибан арасындагы даанышман жана калыс адамдар жетекчилерине туура жол көрсөтүүлөрү керек. Талибан тарыхтан сабак алышы зарыл, антпесе, Американын тузагына түшүп, олжосуна айланат. Америка мусулман өлкөлөрүндөгү куралдуу кыймылдардын эң күчтүүсү болгон Талибанды зыянсыздандырды жана аны да бир кездерде Америкага каршы курал көтөргөн исламий кыймылдардын катарына кошту. Талибандын ушул келишим менен Афганистандын ичиндеги жана сыртындагы боордошторунан баш тартканы Кыямат күнүндөгү шерменделик болот. Ким билет, Аллах сактасын, эртең бул Талибан «терроризмге» каршы күрөшүүнү шылтоолоп өз боордошторуна каршы курал көтөрүшү о.э. Американын өкүлү катары согушкан мамлекетке айланышы мүмкүн, кудум Ливия жана Яманда куралдуу топтор сыяктуу!

Ооба, Талибан өтө оор кылмышка барды. Анын бул иши жылдап өзү курган нерсесин бышык болгондон кийин бузуп салган аялдын ишине окшойт. Эгер ал эл аралык позиция жана тең салмактуулук өзгөрүп жатканына көргөндө, төмөндөгүлөргө күбө болгон болоор эле: бүгүн Америка жана Батыштын жылдызы бата баштады, кыйроо жарына жакындашты. Бүткүл дүйнө Америка, Батыш жана анын акыйдасы заманынан башка бир замандын келишине ынтызар болуп турат. Ал тургай, капиталисттик акыйда, түзүмү жана мыйзамдары соңку демин алууда десек да ашырып жиберген болбойбуз. Жакын арада – Аллахтын уруксаты менен – дүйнө жаңы мабда тикеленгенине жана жаңы акыйда өкүмдарлык кылышына күбө болот жана бул Халифалык мамлекетисиз таптакыр ишке ашпайт. Кафирлер бүгүн Халифалыктын тамгаларынан жана сөздөрүнөн да коркуп-титиреп калышкан. Демек, Талибан кыймылы Аллах Субханахунун ушул аяттары жөнүндө көңүл коюп ой жүгүртүшү керек:

﴿وَأَلَّوِ اسْتَقَامُوا عَلَى الطَّرِيقَةِ لَأَسْقَيْنَاهُم مَّاء غَدَقاً﴾

«Эгер алар жолдо бекем турганда, албетте, Биз мол жамгыр менен суугарган болоор элек»

                                                                                                                                 [72:16]

﴿وَلاَ تَهِنُواْ فِي ابْتِغَاء الْقَوْمِ إِن تَكُونُواْ تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمونَ وَتَرْجُونَ مِنَ اللّهِ مَا لاَ يَرْجُونَ وَكَانَ اللّهُ عَلِيمًا حَكِيماً﴾

«Бул кафир коомду кубалоодо суздук кылбагыла! Эгер кыйналып жаткан болсоңор, алар да, силер кыйналгандай кыйналышууда, силер Аллах тарабынан алар үмүт кылбаган нерсени үмүт кылуудасыңар го?! Аллах билимдүү жана даанышман»                                                [4:104]

Аллах Субханахудан Талибан арасындагы калыс адамдарды рушду хидаятка жетектөөнү сурайбыз.

 

Роя гезити, №280, 2020-жыл, 1-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here