Кайтып келгис кылып жок кылуу зарыл болгон түзүм – мына ушул

273
0

Басма сөз баянаты

Шекер жана буудай кризиси жөнүндөгү отчёттордон көрүнүп тургандай, түпкү кыргын салган вирус – бул капиталисттик демократия

Кайтып келгис кылып жок кылуу зарыл болгон түзүм – мына ушул

Шекер жана буудай кризиси жөнүндөгү отчёттор өкүмдар элитанынын, Наваз Шарифтин жана анын ага-инилеринин бетин ачты. О.э. бул маалыматтар демократиянын жийиркеничтүү жүзүн жана демократия өкүмдар капиталисттик элитага мамлекеттин каражаттарын уурдоого мыйзамдуу жол ачып бергенин ачыкка чыгарды. Андан тышкары, салыктан түшкөн миллиарддаган рупиялар муктаж үй-бүлөлөргө жана адамдарга жардам көрсөтүү деген шылтоо астында талап-тонолгонун көрсөттү. Демократия адамдарды залимдерди өкүл кылып шайлоого үндөп жатат. Натыйжада, бул өкүлдөр өз каалоосуна ылайык мыйзам жана саясаттарды белгилөө үчүн мыйзамдуу укукка ээ болушту. Алардын бул мыйзамдары жана саясаттары адамдардын жыргалчылыгын камсыздап, алардын иштерин башкарат деп айтылат, бирок иш жүзүндө алып караганда алар өкүмдар элитанын каалоосуна жана нафсине кызмат кылды. Өкүмдар элита үлкөн байлыктарды чогултуп алууда, өз аброюн сактап калуу жана кеңири жайылган коррупцияны жашыруу үчүн адамдардын кызыкчылыгы үчүн айрым экинчи даражадагы чараларды ишке ашырышат.

Коррупциянын очогу жана оорунун булагы болгон демократиядан баш тартуунун ордуна, адамдарды сындап, алардан добуш берүү катуу талап кылынууда. Коррупцияга каршы күрөшкөн өкмөт деп айтылган жаңы режим мурунку өкмөттөрдөй эле жакын досторуна кызмат кылууда жана аларга финансылык укуктарды берүүдө. Мурунку өкмөттөр да дал ушундай кылышкан, Имран Хан да дал ошондой кылып, «Мадинаи мунавварадагы мамлекет» түшүнүгүнөн айла-амалдуулук менен пайдаланып жатат. Буга министрлер мекемесине караштуу экономикалык координациялык кеңеш шекерди экспорттоого уруксат бербегени мисал болот. Буга бир гана ички продукциянын таңкыстыгы себеп болбоду, мамлекет казынасын сапырууга жол ачылды, адамдардын шекерди жогору баада сатып алуусуна жол берди. Демек, капиталисттик демократия жана анын бийликтеги элитасы кыргын салган вирус болуп, алардан бүтүндөй кутулуу керек.

Халифалык аппараты Халифа, муавиндер, казылар, жихад амири идарасы жана Уммат межлиси сыяктуу он үч аппараттан турат. Бирок бул аппараттардын ичинде мыйзамдарды адамдардын каалоосуна ылайык иштеп чыгуу үчүн мыйзамдуу укукка ээ адам болбойт. Халифалык аппаратында мыйзамдар шаръий нусустардан т.а. Куръан жана Суннаттан алынат. Бул болсо, демократияга бүтүндөй карама-каршы. Демократияда саясатчылар өз кызыкчылыктарына кызмат кылган мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу миллиарддарга жетүү үчүн миллиондорду сарпташат. Исламда болсо, халифа Ислам негизинде тергеп-тескелгени жана өкүм чыгарылганы үчүн халифа жана анын муавиндери шаръий өкүмдөрдү бекем кармоого милдеттүү. Бул жөнүндө исламий тарыхта мисалдар көп. Халифалыкта саясий чөйрө Аллах Таалага жана Расул ﷺга итаат кылуу негизинде белгиленет. О.э. адилеттүү шаръий өкүмдөрдү колдонуу аркылуу жеке адамдын жана коомдун муктаждыктары камсыздалат. Коронавирустун жайылышы артынан капиталисттик демократия адамдарга жыргалчылык алып келет деген жомок жалган экендиги айкын болду. Ошондуктан кулайын деп турган капиталисттик демократиянын урандылары үстүнө улуу Халифалык имаратын куруунун доору келди.

﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ اِلَّا الضَّلَالُ فَاَنّـٰى تُصْرَفُوْنَ﴾

«Акыйкаттан кийин адашуу гана бар, каякка карай баратасыңар?!»                     [10:32]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here