Кыргызстан эл аралык уюмдардан үмүттөнүүдө

351
0

Кыргызстан эл аралык уюмдардан үмүттөнүүдө

 Кыргыз өкмөтү Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү, Европа өнүктүрүү банктары жана башка бир катар эл аралык каржы уюмдары менен 456 млн. доллар алууну сүйлөшкөн. Мындан тышкары Кытай, Түркия, Жапония, Корея, Швейцария, Орусия жана башка коңшулаш өлкөлөрдөн акчалай жана гуманитардык жардам катары азык-түлүк жана медициналык жабдуу түрүндө алынган жардам бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 17-апрелде билдирди.

 “31-мартта ЭВФтен 120 млн. доллар келип түшкөн. Калган сумма келе элек. ЭВФтен алынган каражат бюджеттик чыгашаларга: айлык акы, жөлөк пул, пенсия жана Саламаттык сактоо министрлигинин чыгашаларына жумшалып жатат”, – деди Эркин Асрандиев.

Комментарий: Коронавирус пандемиясы айыл-чарбага негизделген, ансыз деле жакыр болгон мамлекеттерди дагы да көбүрөөк карызга батыруу куралына айланып барууда. Кыргызстан да өз мүмкүнчүлүгүн эсепке албастан өзгөчө абал киргизди. Экономика дээрлик токтоп калды. Жээнбеков пандемияга каршы туруу жана анын экономикага зыянын жоюу үчүн бардык эл аралык каржы уюмдарынан карыз сурап жүрөт. Өкмөт натыйжасын ойлобостон, ким кандай шарттар негизинде карыз берүүгө макул болсо эч бирин кайтарбастан алып жатат. А бирок, убактысы келгенде ал карыздарды кайтарып бериш керек болот. Ошондо өкмөт мурунку карыздарды төлөө үчүн дагы кайрадан карыз алууга мажбур болот. Мисалы, быйыл Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө бюджеттен 28 миллиард сом (350 миллион доллар) бөлүшү керек. Бирок, бюджеттеги дефицит себептүү өкмөт ал карызды төлөй албайт. Ошол себептен да Жээнбеков Кытайдан карыздын мөөнөтүн жылдырууну суранды. А бирок, азырынча Кытай бийлиги президенттин суранычына жооп бере элек. Мындан тышкары, Кыргызстандын Эл аралык валюта фондунан 139 миллион доллар карызы бар (жакында алынган 120 миллион доллардан тышкары). ЭВФ жана башка сүткор уюмдар 25 мамлекеттин карызды төлөө мөөнөтүн 6 айга жылдырды. Бирок, ал мамлекеттердин арасында Кыргызстан жок. Демек, кыргыз бийлиги быйыл да карызын төлөшү, андан тышкары бюджеттеги 30 миллиард сомдук дефицитти жабышы керек болот. Ал үчүн болсо дагы кайрадан карыз алып, мамлекетти карызга батыра берет. Негизи, колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылуучу уюмдардын көздөгөн максаты ушул болчу.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here