Алтын учур

413
0

Алтын учур

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын жана бул оорудан көз жумгандардын саны тездик менен өсүп жатат. Ага каршы аткарылып жатка иш-чаралар күтүлгөндөй натыйжа бербей жатат. Дүйнөнүн биринчи мамлекети макамына ээ болгон АКШ бул вирусту жуктуруп алгандар жана өлгөндөр саны боюнча биринчи орунга чыкты. АКШ тарыхында биринчи жолу бардык штаттарда табигый апаат жарыяланды. Пентагон коронавирус менен күрөшүү үчүн 800 миң отставкадагы аскерди кызматка чакырууга мажбур болду.

АКШнын саламаттыкты сактоо системасы жөнүндө баяндамалар жарыя кылынганда укмуштай сөздөр менен көккө көтөрүп макталар эле. Мисалы, эксперт Махмуд Миншавий АКШнын саламаттыкты сактоо тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө даярдаган баяндамасында: “Америкада дүйнө жүзүндөгү эң жакшы жабдылган ооруканалар бар, бул жерде дарылануу үчүн акчалуу адамдар ар тараптан агылып келишет. Медицинанын алдыңкы технологияларын колдонууда. Бул болсо, АКШнын медициналык жаатта илимий изилдөөлөрдө алдыда экендигин түшүндүрөт. Америка атаандашсыз көрүнүштө Нобель сыйлыгына ээ болууда теңдеши жок мамлекет. Эң маанилүүсү, Америка саламаттыкты сактоо системасына 3,6 триллион доллар жумшайт. Аталган каражат ИДПнын 17 пайызын түзөт. Саламаттыкты сактоо тармагы үчүн бөлүнүүчү каражат Америка армиясына жумшалган акчадан беш эсеге көптүк кылат”, – деп айтылат.

А бирок, Американын финансылык мүмкүнчүлүктөрү жогорку деңгээлде болушуна карабастан, коронавирус менен күрөштө деңгээли үчүнчү дүйнө мамлекеттери сыяктуу экендиги белгилүү болду. Америка калкы башка мамлекеттерден келүүчү медициналык жардамдардан үмүттөнүп калды. Эмне үчүн мындай болду? Баяндамада келишинче, саламаттыкты сактоо тармагы үчүн триллиондогон долларларды жумшаган жана Нобель сыйлыгын алууда теңдеши болбогон АКШ эмес беле?

Бул туралуу Хизб ут-Тахрирдин активдүү мүчөлөрүнүн бири, доктор Мухаммад Малькави мындай дейт: (кыскача котормо)

“Коронавирус маселеси саламаттык проблемасынан өтүп, бүткүл дүйнөлүк проблемага айланды. БУУнун Коопсуздук Кеңеши да бул жаатта жыйын өткөрүп, бул кризистен кандай кутулуу жөнүндө талкуулап жатат. Никсон доорунда АКШнын мамлекеттик катчысы болгон Генри Киссинжер коронавирус дүйнө жүзүн өзгөртүп жибериши жөнүндө макала жазды. Учурда Америкадагы жана башка жерлердеги белгилүү экономисттер капиталисттик экономика кулап бара жаткандыгын айтышууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, Киссинжер айтып жаткандай капитализм түзүмүнүн кулашы коронавирус себептүү жүз берип жаткан жок. Тескерисинче, капитализм түзүмүнүн негиздеринде кризис келтирип чыгаруучу потенциалдар бар. Коронавирус болгону капитализим табиятындагы проблемаларды ачып койду.

Капитализм экономикалык түзүмүндө болжол менен өткөн 50 жыл ичинде экономиканын эки түрү өкүм сүрүп турду. Биринчиси, адамдар жашоодо муктаж боло турган нерселер, мисалы, азык-түлүк, электрондук жабдыктар жана үй эмректери сыяктуу нерселерди өндүрүү негизине курулган реалдуу (чыныгы) экономика. Экинчиси, биржалардагы акчадан-акча табуу, карыз, риба, акциялар жана пайыз түзүмү негизине курулган фаразий виртуалдык (цифралык) экономика. Эки экономиканын ортосундагы айырма мындай, бири накталай акча жана ошол акча каптамасында товар жана кызматтар менен өлчөнөт. Экинчиси, абадагы фаразий цифралар менен өлчөнөт.

Мындай абал жүз бериши себептеринин бири 1971-жылы АКШ доллары алтындан ажыратылышы болду. Дагы бир себеп, 1984-жылы Рейгандын тушунда “reaganomics” деген аталыш менен белгилүү болгон мыйзам кабыл алынды. Муну менен Американын финансылык түзүмү экономикалык түзүмдөн ажыратылды. Натыйжада виртуалдык экономикада 500 триллион доллар болушу мүмкүн, бирок, анын каптамасында реалдуу  экономикада 5 триллион доллардык да товар жана кызматтар жок. Башкача айтканда, акча экономикадан ажыратылган абалда т.а. анын каптамасында товар жана кызматтар болбогон абалда биржаларда көбөйүшү мүмкүн болду.

Ири проблемалар жүз берген учурда реалдуу экономика менен виртуалдык экономика ортосунда өтө чоң жарака бар экендиги ачылып калат. Мисалы, коронавирус жайылганда, ал бир тараптан өндүрүшкө сокку берген болсо, экинчи тараптан медициналык жабдыктар, дарыгерлердин маянасы,  маскалар, дары-дармектер жана жаңы ооруканалар сыяктуу муктаждыктарды пайда кылды. Триллиондогон доллар жөнүндө сөз кылып жаткан мамлекеттер бул муктаждыктар алдында кыйын абалга дуушар болуп калды. Себеби, виртуалдык экономикага көз чаптырсак ондогон триллион доллар бар экендигин көрөбүз, бирок реалдуу экономикада адамдардын негизги муктаждыктарына жете турган товар жана кызматтар жок. Мына ушундан АКШ жана башка Европа мамлекеттеринде кризис жүз бере баштады.

Эгерде бул ишке көңүл бурсак, Америка жана Европа мамлекеттери негизинен пайыздар, кредиттер, карыздар жана үлүштөр негизине курулган биржа базарлары кулашынан коркуп жатышат. Мисалы, Уолл-Стритте жана Лондон биржасында үлүштөр баасы 30 пайызга түшүп кетиши булар үчүн түзүмдүн кулашы дегени. Анткени, виртуалдык экономика менен реалдуу экономика ортосундагы бул айырма ашкере болушу т.а. виртуалдык экономикадагы акчалар канчалык көп болсо да, адамдардын реалдуу керектөөсүнө жетиштүү эместиги ашкере болушу бул системанын кулашын түшүндүрөт.

Эгерде экономика исламий экономика негизине курулганда, анда бул жерде фаразий виртуалдык экономика деген нерсе болмок эмес. Акча бар болсо анын каптамасында товар жана кызмат да болот эле, ушуга ылайык керектөөнү камсыздоо жаатында проблема болмок эмес.

Маанилүү чекит төмөнкүдөй, АКШ үчүн реалдуу экономикага караганда виртуалдык экономика өтө маанилүү. Ошондуктан, Трамп конгресстен 2.2 триллион доллар талап кылган учурда АКШ бул акчаны “Голдман Сакс” “Жей Пи Морган” сыяктуу ири банктардан алып берди. Америка Советтер Союзу менен кансыз согуш учурунда да, Кытай менен соода согушунда да мына ошол виртуалдык акчадан пайдаланды. Ошондуктан, Америка бул вирустун акыбетинде виртуалдык экономика кулап кетишинен коркууда. Башкача айтканда, АКШ колундагы чыныгы акчасы менен согушка кире албайт, анын согуштагы экономикасын камсыздаган нерсе виртуалдык экономика. Эгерде виртуалдык экономика болбосо АКШ ири өлчөмдөгү аскерий операциялар, согуштар жана баскынчылыктарды ишке ашыра албайт. Себеби, Америка чоң жүрүштөрдө виртуалдык экономикага таянат. Виртуалдык экономиканын кулашы АКШ назарында эл аралык өкүмдарлыкты жоготуу дегени. Натыйжада Америка Европа сыяктуу экинчи дүйнө мамлекеттерине, ал тургай Африка жана Орто Азия сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттерине да өкүмүн өткөрө албай калат. Ошондуктан, Доу-Жонс сыяктуу биржалардагы индекстердин түшүп кетиши Америка үчүн эң чоң коркунуч болуп эсептелет. Генри Киссинжердин “Эгерде виртуалдык экономика куласа, Америка бүт дүйнөгө өкүмдарлыгын сактап кала албайт” деген сөзү да ушуга ишара кылат. Ошондуктан, Америка виртуалдык экономиканы сактап калуу үчүн өлүп-тирилүүдө.

Ортодо боштук пайда болууда. Мен 25-февралдан бери фейсбуктагы баракчамда “коронавирус дүйнөлүк системаны өзгөртөт” деп ачык айтып келе жатам, бул акыйкат. Мунун себеби дүйнөлүк түзүмдүн үстүнөн Америка өкүм жүргүзүп келет. Дүйнөлүк түзүм дегенде эл аралык маселелер т.а. Европа маселелери, Кытай маселеси, Азия маселелери, Россия маселеси, мамлекеттердин позициясы, коопсуздук түзүмү маселелерин чечүү назарда тутулат, булардын үстүнөн Американын чечими таасирдүү. Кээде кырдаалга карай, Британия, Франция, Кытай, Россия же Европа коопсуздук жыйынында шерик болушу мүмкүн. Америка мында эки нерсеге, биринчиси аскерий кубатка, негизинен ядролук куралдарына, экинчиси акчанын күчүнө таянат, экономикага эмес. Башкача айтканда, реалдуу экономиканын эмес, виртуалдык экономиканын күчүнө таянат. Биз коронавирус виртуалдык экономиканы кулатат деп айттык, бул болсо Американын эл аралык маселелер үстүнөн чечим чыгаруу укугун жокко чыгарат жана жаңы боштук пайда кылат.

Коронавирустун акыбетинде экономикалык кулоодон кийин күтүлгөн нерсе, Америка дүйнөнүн үстүндөгү таасирин жоготот т.а. Кытайды өнүгүп бара жаткан соодадан тосуу, Россияны аскерий өнүгүүдөн тосуу жаатында таасир күчү алсырайт жана алардын үстүнөн аскерий жана саясий таасирин жоготот. Ири мамлекеттер үстүнөн көзөмөлүн жоготуу менен эле чектелип калбайт, ошол эле учурда Жакынкы Чыгыш жана Африкада, ал тургай Латын Америкасында да көзөмөл күчү белгилүү бир өлчөмдө алсырайт. Эрдоган айткан жана Киссинжер олуттуу өзгөрүүлөрдөн эскерткен нерсе мына ушул. Т.а. Америка Коопсуздук Кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдарга да сөзүн өткөрө албай турган абалга келет.

Ошондуктан, биз саясатчылар катары сөз кылганда серепчи гана болуп калбастан, сөзүбүздү ишке каратышыбыз керек. Чындыгында боштук пайда болууда. Аны толтура алуучу жападан-жалгыз күч Халифалык мамлекетинин кайрадан тикелениши болгон соң, Ислам үммөтү эл аралык түзүмдү көзөмөлдөй турган жана дүйнөнү капитализмдин зулумунан куткара ала турган Исламдын кайтып келишине катуу аракет кылышы керек. Айрыкча, Түркия мусулмандары ичиндеги пикир ээлери, жетекчи адамдар катуу аракет кылышы керек. Эгерде азыр келечекти көрө ала турган күчтүү, солих жетекчи алдыга чыкса, эл аралык түзүм кулашы артынан пайда болгон боштукту толтурушу табигый, себеби башкасы толтура албайт. Бул маселени мусулмандар арасындагы жетекчилерге жана таасир ээлерине жеткиришибиз зарыл. Көпчүлүк адамдар, анын ичинде Түркия президенти да “дүйнө тартиби өзгөрөт” деп айтууда, аны мен жакшы билемин. Бул жерде маанилүү болгон нерсе, ал өзгөрүү кандай болот, дүйнөгө рахат-жыргалчылыкты ким алып келет.

Учурда коронавирус дүйнөлүк түзүмдү кулатуу менен коркутууда. Бул болсо мусулмандарга, Исламий аракеттерге жана Исламий жашоону жаңыдан баштоо үчүн аракет кылып жаткан мусулмандарга Исламды жашоого кайтаруу үчүн тарыхий алтын учур пайда болгонун түшүндүрөт.

Биздин жетекчилерге, муфаккирлерге, Мисир, Пакистан, Ирак, Жазаир, Марокко жана дүйнө жүзүндөгү бардык жоопкерчиликтүү мусулмандарга, өзгөчө Түркиядагы мусулмандарга кайрылуубуз бар. Туура, бул мусулмандарга каратылган кайрылуу. Бирок, мунун Түркия үчүн өзгөчө орду бар. Себеби, Халифалык Түркияда кулады, ошондуктан Түркияны бөлүп айтып жатам. Азыр Түркиядагы мусулмандар үчүн жоготкон мамлекетти кайрадан тикелөө учуру келди, алтын учур жүз берди.

Эрдогандын “дүйнө өзгөрүүдө” деп айтып коюшунун өзү жетиштүү эмес. Эрдоганга да – президент катары эмес, мусулман катары – жана башка бардык мусулмандарга да кайрылабыз, Ислам түзүмүн кайрадан жашоого алып келүү үчүн алтын учур келди, бул ыңгайлуу учурду колдон чыгарбагыла! Бардык мусулмандарды Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылууга чакырабыз!”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here