Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга жеңилдик бербейт

499
0

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга жеңилдик бербейт

Кыргызстан Эл аралык валюта фондуна карызын кечиктирбей төлөшү керек. Бул тууралуу 17-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык валюта фондунун жана башка финансы институттарынын жакыр өлкөлөрдүн карыздарын төлөө мөөнөтүн алты айга жылдыруу чечиминин Кыргызстанга тиешеси жок. Анткени андай мүмкүнчүлүк ички дүң өнүмү киши башына 1100 долларга жетпеген өлкөлөргө берилген. Кыргызстанда ички дүң өнүмү ар бир адам башына 1300 доллардан айланат. Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд сом тышкы карызын төлөөгө милдеттүү.

Эл аралык валюта фонду тышкы көрүнүштө финансылык жана экономикалык иштер менен алектене турган уюм. Бирок, анын кылып жаткан иштери саясий максаттарды көздөйт. Анын карыздарды берүүдө жана жакыр өлкөлөргө жеңилдиктерди берүү артында саясий арамза ниеттери жатат. Башкача айтканда, жеңилдиктер уюмдун толук таасирине кирип, карыздан кутулууга мүмкүнчүлүгү жетпеген өлкөлөргө гана каралган. Мындай карыз берүү жана жеңилдиктердин аркасында сөзсүз өлкөдө “реформаларды” кылуу талабы турат. Акыбетте инвесторлордун кирүүсүнө шарт түзгөн мыйзамдар кабыл алынып, салыктарды, электр энергиясына карата тарифти көтөрүү талаптары да коюлат. Бул өз кезегинде инвестор беткабын кийген капиталисттердин өлкө ресурстарын талап кетишине жол ачат. Андан тышкары, ЭВФ бийлик күрсүсүндө отургандар кредиттердин бир бөлүгүн өз чөнтөгүнө салып аларын билип турса да кредит берет. Себеби, ЭВФ үчүн кредит пайызы менен кайтышынан да өлкө карызды төлөй албай, кайра-кайра кредит алып биротоло кишенделип калышы маанилүү. Мына ушундайча, мамлекет карыздардын үстөк пайызын берүү менен бирге алардын талаптарын да аткарууга мажбур болот.

Түпкүлүгүндө, Эл аралык валюта фонду долларды коргой турган, Америка экономикасын артка кетүүдөн же кеселденүүдөн сактап тура турган уюм болуп саналат. Ошондуктан, анын жеңилдик берүүлөрү АКШ таасири жайылбаган аймакты да камтыбайт. Ошондой эле АКШ кызыкчылыктарына каршы иш алып барган мамлекеттерди карыздарды жана жардамдарды токтотуп коюу менен коркутуу аркылуу басым өткөрүү жолун карманат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here