Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион доллар бөлдү

439
0

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион доллар бөлдү

 “Sputnik.” сайты  РИА НОВОСТИ телеканалына таянып, Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ)121 миллион долларга чукул каражат алганын кабарлады.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЭВФтен коронавирус менен күрөшүүгө акча бөлүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган фонд Кыргызстан коронавирус менен күрөштө 400 миллион доллар зыян тартышы мүмкүн экендигин билдирип, эл аралык донор уюмдарды Кыргызстанга жардам берүүгө чакырган.


Мухасаба:  Президент да, премьер-министр да жарандарга кайрылып, кырдаалга аң-сезимдүү түрдө баа берип, түшүнүү менен жандашууга чакырышты. Адамдарды карантиндин жана “өзгөчө абалдын” шарттарына моюн сунуу менен өздөрүнө жана бийликке жардам берүүгө чакырышты.

Ар бир президентти камака алганыбыздан кийин, же кууп чыкканыбыздан кийин, ал бийликте турганда мамлекетти үлкөн карызга батырып кеткенин, мамлекетке экономикалык, саясий зыяндарды жеткиргенин о.э. жарандарга зулум кылганын айтып жар салабыз, сыртынан соттоп өзүбүздү актамакчы болобуз!

 Элдин башына сыноо келип, силердин демилгеңер менен алар киреше табуучу жумушун токтотуп үйлөрүндө олтурушат. Көпчүлүк адамдар күнүмдүк киреше менен жашап жаткан. Алар да карантиндин шарттарына моюн сунгандыктан үйлөрүндө сабыр кылып олтурушат.

Коронавирусту шылтоолоп эл аралык донорлордон акча алынууда. Адамдардын башына кыйынчылык түшүп турган учурда, мамлекет экономикалык кризиске жүздөнүп бара жаткан абалдан пайдаланып, эл үчүн ажыратылып жаткан акчаларды коррупциялык жол менен өздөштүрүп албагыла! Тышкы карыздар бийликке берилип жаткан жери жок, тескерисинче, элдин башына оорчулук түшүп, экономикалык иш-аракеттер токтоп калганы себептүү берилип жатат. Бардык тышкы карыздарды төлөө жоопкерчилиги да элдин мойнунда.

 

Эй президент жана бийлик өкүлдөрү, карылардын, жетимдердин жана аялдардын акысын жебегиле! Карызга алынып жаткан бул акчалар, негизи силердин экономикалык жана саясий алсыздыгыңар себептүү алынууда! Уялгыла, аманатты коргоп, аны өз ордуна иштетүүгө кепил болгула. Биз карантин же башка чектөөлөргө моюн сундук, силер да моюн сунгула. Мамлекетти карызга батыра берүүдөн тыйылгыла. 

 

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here