Фалестин режими Хизб-ут-Тахрирге каршы ырайымсыз кампаниясын улантып, Хизб мүчөлөрүн камакка алууда жана өмүрлөрү үчүн кооптуу шартта кармоодо

255
0

Фалестин режими Хизб-ут-Тахрирге каршы ырайымсыз кампаниясын улантып, Хизб мүчөлөрүн камакка алууда жана өмүрлөрү үчүн кооптуу шартта кармоодо

Фалестин режими акыйкат үнүн өчүрүү бастыруу үчүн Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алуу кампаниясын улантууда. Буга себеп, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Фалестин режиминин өлкөгө жана калкка каршы тил бириктирүлөрүн ачып таштап, Трамптын «кылым келишимине» жана башка бузуку долбоолоруна каршы пикир билдиришкени болду.

Шаршемби күнү режимдин коопсуздук кызматкерлери Захирия шаарынан кайраттуулугу жана акыйкат сөздү тайманбастан айтуусу менен белгилүү шейх Махариза Абу Химамды умрадан кайтканда камакка алышты.

Байтлахм соту эки устазды т.а. Батир шаарчасынан Мухаммад Нажжар менен Хусан шаарчасынан Анис Хамаманын камакта кармоо мөөнөтүн он беш күнгө узартуу жөнүндө токтом чыгарды.

Халил соту устаз Ваил Тумайзанын камакта кармоо мөөнөтүн беш күнгө, устаз Салам Салиманыкын төрт күнгө узартты. Эки устаз Халилдеги Изна шаарчасынан болот.

О.э. Давро соту Захирия шаарчасынан шейх Юнус Рубанын камакта кармоо мөөнөтүн алты күнгө узартты. Устаз Юнус 2020-жылы 28-февралда жума намазынан кийин камакка алынган.

Фалестин режиминин коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир тарапкерлеринен болгон эки жигитти камакка алды. Алардын бири Тулкармдан, экинчиси Килкилиядагы Аззун шаарчасынан болушат.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө Хизб мүчөлөрүнүн камакка алынышын кескин каралап, алардын тезинен азат кылууну талап кылып мындай деди:

«Биз камактагы жигиттердин ден соолугунун жоопкерчилигин режимге жана анын коопсуздук кызматына жүктөйбүз. Алар кармалып турган жайда жөнөкөй ден соолукту сактоо каражаттары да жок. Мунун үстүнө, бүгүн түрдүү оорулар жана эпидемиялардын жайылышына ыңгайлуу түрмөлөрдө жана зындандарда коронавирустун жайылышы коркунуч туудуруп жатат. Режим ушул хак ээлеринин о.э. режимдин бузгунчу саясатына каршы чыгып жаткандардын үнүн өчүрүү аракети шексиз ийгиликсиздикке учурайт. Хизб-ут-Тахрир, өзгөчө, анын мүчөлөрү о.э. бүткүл Фалестин калкы режим менен колонизаторлордун Фалестин маселесине каршы тил бириктирүүлөрүн ачып таштоону улантышат. Аларды акыйкат сөздү айтуудан о.э. Фалестин маселесин өз калкына кайтаруу жана мубарек жерди азат кылууга аракет кылуу үчүн Умматка кайрылуудан камакка алуулар да, коркутуулар да эч качан токтото албайт».

 

Роя гезити, №277, 2020-жыл, 11-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here