348
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّة»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот»

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты хижрий 1441-жылы 5-ражаб, миладий 2020-жылы 29-февраль күнү Түндүк Кордофан вилаятынын борбору Абяз шаарында конференция өткөрдү. Халифалыктын кулатылгандыгынын 99 жылдыгына карата өткөрүлгөн конференция

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّة»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» урааны астында өттү.

Конференцияда Абяз шаарынан таасирдүү жана белгилүү кишилери, шаар жетекчилери, уламалар, шейхтер, саясатчылар жана устаздар, саясатчылар, журналисттер катышты. Конференциядагы иш-чаралар Түндүк Кордофан телевидениесинен көрсөтүлдү. Түндүк Кордофан радиосу Абяз шаарында шейшемби күндөн баштап ушул конференцияны эфирге берип турду. Көпчүлүк адамдар конференцияны радиодон тыңдашканын айтышты. «Суна» маалымат агенттигинин кабарчысы иш-чарага катышып, интервьюларды алып барды.

Конференцияга келгендер өзүлөрүнүн пикирлерин такбир-тахлилдер жана ураандар менен билдиришти: «Бардык мамлекеттер ийгиликсиздикке учурады. Халифалык гана – жалгыз чечим», «Жарандык мамлекет да, аскерий мамлекет да керек эмес, бир гана Исламий Халифалык керек», «Шек-күмөнсүз, Халифалык гана чечим»…

Баса белгилеп кетсек, конференцияны айрым маалымат каражаттары ачыкташты. «Ахбар Явм» гезитинин 2020-жылы 1-март күнкү санында, гезиттин экономикалык бөлүмүндө «Хизб-ут-Тахрир: финансы министри ушул программага ылайык аракет кылды» деп талган макалада конференция жөнүндө айтылды. «Мажхари саясий» гезитин №2746-санында «Хизб-ут-Тахрир Суданда Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылууда» деген макала жарыяланды. Ушул темада бир нече маалымат сайттары, 2020-жылы 3-март «Куш Ньюс» сайты, 2020-жылы 1-мартта «Судофакс» сайты, 2020-жылы 1-мартта «Судан» сайты макала жраыялашты. «Ахром Явм» гезити 2020-жылы 4-март күнү «Халифалыктын кулатылгандыгынын 99 жылдыгына карата Хизб-ут-Тахрир абалды ачыктап, чечимдерди сунуштоодо» деп аталган макала жарыялап, конференцияны кеңири ачыктады.

Кыскасы, Абяз шаарында өткөн бул конференция Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифаликты тикелөөгө болгон аракеттин кушкабары болду. Конференция адамдарды үндөп гана калбастан, кайраттандырды, кадыржам кылды, өлкө ичинде колонизаторлорго малайлык кылып жаткан жетекчилер Исламга, анын өкүмдөрүнө жана шариятына каршы ыплас кампанияларды алып барышы артынан пайда болгон түшкүндүктү жана үмүтсүздүктү арылтты. Ал тургай, бул конференция Ислам Умматынын өлүмү туурасында фитна чыгарып жаткан ооздорду дудук кыла турган даражада күчтүү кушкабар болду… Алардын «Исламды колдоно турган Халифалык мамлекетин тикелөө долбоору ийгиликсиздикке учурады» деген куру кыялдарын жокко чыгарды. Халифалыктын кайра тикелениши жөнүндөгү убада – жалганга чыгаргыс убада, анын  белгилери көрүнө баштады, убада кылынган күн улам жакындашууда.

https://www.youtube.com/watch?v=iBC9bpwn3dY

Роя гезити, №277, 2020-жыл, 11-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here