Жээнбеков энергетика тармагындагы финансыны ачыкка чыгараарын билдирди

396
0

Жээнбеков энергетика тармагындагы финансыны ачыкка чыгараарын билдирди

            Бүгүн, 20-февралда  Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди. Депутаттардын жана өкмөттүн алдында сүйлөп жатып Жээнбеков энергетика тармагына токтолуп өттү.

            Анын айтымында, учурда Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын каскадын курууга инвесторлор каралып жатат. Ошондой эле энергетика секторунда жоготууларды азайтууга чаралар көрүлүп жатат.

Жээнбеков бул тармакта негизги максат каржы агымдарын ачыкка чыгаруу экенин баса белгиледи.

Түпкүлүгүндө энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар айдан ачык көрүнүп турат. Бирок, бул коррупционерлерди дал ушул өкмөттөгү аткаминерлер калкалап келет. Алар болсо, бийликчил партиялардын шайлоолордо жеңип чыгышына акчалай жардам көрсөтүп турат.

Эми энергетика тармагындагы коррупциялык схемага келсек, бүгүнкү күндө ГЭСтердеги өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 16 тыйын, Жылуулук борборундагы энергиянын өздүк наркы болсо 3 сом 63 тыйын деп эсептелип жатат. Экөөнүн орток баасы 70 тыйын деп белгиленген. Буга кошумча чыгым катары техникалык жоготууларга 26 тыйын, кошумча нарк салыгы үчүн 11 тыйын кошулууда. Ошентип, өкмөт электр энергиясынын тарифин абадан алган сандар менен кураштырып эле чыгарып жатат. Негизи, ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы 3 тыйындан 8 тыйынга чейин болушу мүмкүн. Маселен, “эгемендик” жылдарда эле Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн электр энергиясы 7 тыйындан сатылып келген. 2010-жылдары Алмазбек Атамбаев да электр энергиясынын өздүк наркы 8 тыйын экенин айтып, 18 эсе кымбат сатып жатканын билдирген эле. Муну менен катар ЖЭБден өндүрүлгөн электр энергиясы да сырттан импорттолгон көмүр ж.б ашыкча чыгымдар менен эсептелип, тарифтин баасы ашыра айтылып келет. Мунусу аз келгенси эки жакта өндүрүлгөн энергиянын баасы да туура эмес эсептелип, 70 тыйынга чыгып кеткен. Ал эми техникалык коммерциялык жоготуулар болсо, чиновниктер менен ишкерлердин ортосундагы бизнеске айланып калган. Дүйнөлүк тажрыйбада бул жоготуу ашып барса 7 тыйынга жетет.

Мына ушундай ууру-кескилердин айынан Кыргызстан калкы кымбат тариф менен электр энергиясын колдонуп келет. А түгүл, өкмөт жыл сайын энергетика тармагына  бюджеттен миллиарддаган каражат бөлүп, чет элден грантарды тартып келсе да, бирок, жыл аягында бул тармак ар дайым карыз менен чыгат. Тармактын мындай абалда болушуна дал ушул грант берген Дүйнөлүк банк сыяктуу уюмдар кызыктар. Анткени, алардын максаты, мамлекеттик компанияларды банкрот кылуу менен аларды жеке секторго өткөрүү жана тарифтерди кымбаттатуу менен жергиликтүү товарларды чет элдик товарларга атаандаша албай турган абалга кептөө болуп эсептелет.

Демек, маселе энергетика тармагындагы акча агымдарын эле ачыктоо эмес, бул тармакты бир ууч чиновник жана эл аралык уюмдардын кызыкчылыгына иштетүүнү токтотуу шарт. Ал эми тарифтерди үммөт кызыкчылыгы үчүн ыңгайлуу баага түшүрүү, ал тургай бекер берүү керек. Анткени, ГЭС, дарыя жана чубалгылардын баары шариятта жалпы элдик мүлк түркүмүнөн!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here