Ат-Башылыктар Кытайга ижарага жер берилишине кайрадан каршы чыкты

511
0

Ат-Башылыктар Кытайга ижарага жер берилишине кайрадан каршы чыкты

17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү. Чогулгандар өкмөткө бир катар талаптарды коюшту. Алардын негизгилери кытай-кыргыз компаниясына 200 гектар жерди ижарага берген өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу, мындай маселелерди эл менен кеңешип кабыл алуу жана активисттерге куугунтуктарды токтотуу.

Буга чейин Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылаары айтылган. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат.

Кытай мамлекети карыз, инвестиция шылтоолору менен бир катар өлкөлөрдүн стратегиялык жайларын ээлеп алган. Шри-Ланка Кытайга 8 миллиард карызы үчүн маанилүү порту Хамбантотаны кытайлык компанияга 99 жылга берүүгө аргасыз болгон. Бирок бул да карызынын 1,1 миллиард долларын жабууга гана жеткен. Шри-Ланкага чейин Пакистан да Гвадар портун Кытайга 43 жылга берүүгө мажбур болгон. Ал эми Африкадагы Жибути мамлекети Кытайга болгон карызынан улам, өлкөсүнө Кытайдын аскердик база ачуусуна макулдук берген. Коңшу Тажикстан болсо, Кытай компаниясынын жылуулук борбор куруп берген акысына “Жогорку Кумарг” алтын кенин берүүгө аргасыз болду.   

Акыркы учурда Кытай Кыргызстанга карата да колонизаторлук саясатын күчөтүп барууда. Маселен, Кытай 1999-жылы бийликтеги саткындардын колу менен Үзөнгү-Куушту тартып алган. Учурда да “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Кыргызстанды экономикалык жактан тузакка илип алып, Шинжаңдагы мусулмандардын үстүндөгү зулумдугун колдой турган кылып койду. Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи айлампасын утуп алып, башка тараптан өкмөт менен түзмө-түз келишим аркылуу адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотуп, Шинжаңдагы саясатын Кыргызстанда да ишке ашыруу алдында турат. Бул албетте, Кытайдын негизги кызыкчылыктарынан эсептелет. Инвестиция шылтоосу менен миллиарддаган карыздарды берип, ал каражаттар менен Кытай компаниялары ТЭЦ, Датка-Кемин чордону, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырып капчыктарын кампайтууда. Учурда Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу астында турат. Кыргызстан болсо бул акчаларды үстөк пайызы менен кайра төлөмөкчү. Ошондой эле кен байлыктарыбыз Кытай компанияларына ит бекер берилип, пайдасын ташып кетип, таштандылар биздин экологияны бузуп калууда. Кытай өз сакофаты менен да кирип келүүгө аракеттенип жатат. Буга Кытай жазуучу тарыхчыларынын биздин тарыхты иликтөөсү, Кытай маалымат каражаттарынын Кыргызстанда иш алып баруусу мисал боло алат. Алар баалуулуктар такыр башка болсо да окшотууга, салт-санаабыз бирибиздики Исламга, экинчисиники атеизмге негизделсе да, жакындатууга аракеттенишүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, Кытай Кыргызстанды өз колониясы катары көрө баштады, болгону бул баскынчылык кооз сөздөр менен шөкөттөлүп айтылууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here