Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунда Казакстандын үстүнөн арызданды

350
0

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунда Казакстандын үстүнөн арызданды

“Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитети Кыргызстандын транзиттик жүктөрүнө карата Казакстандын соода чектөөлөрү маселесин карады”, – деп кабарлады Кыргызстандын экономика министрлиги.  

Кыргызстан тараптын билдирүүсүндө келишинче, 2019-жылы чек арадагы татаал кырдаалды жөнгө салууда бардык зарыл болгон чараларды көрүү үчүн Кыргызстан Казакстанга жазуу түрүндө кайрылууларды жөнөткөн жана ДСУнун алкагында эки тараптуу консультациялар өткөрүлгөн.

“Кыргызстан Казакстан тарапты автоунаалардын топтолуп калышына байланыштуу абал менен кеңири тааныштырды  о.э. соода тоскоолдуктарын алып салуу жана ДСУ тарабынан белгиленген эрежелер негизинде аракет кылуу зарыл экендигин билдирди”, – деп айтылат Кыргызстан экономика министрлигинин билдирүүсүндө.

Сүйлөшүүлөр кырдаалдын жакшырышына алып барбады. 2020-жылдын 11-февралында Кыргызстан экономика министринин орун басары Элдар Алишеров жана экономика министрлигинин ДСУ боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Нурбек Максутов Женевада ДСУнун соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитетинин отурумуна катышты.

“Кыргызстан Республикасы ДСУнун мүчөлөрүнө Казакстан Республикасынын эл аралык соода эрежелерин бузгандыгы жөнүндө маалымат берди…” – деп айтылат кабарда.

Кыргызстан республикасы Казакстандын  текшерүүчү органдарынын мыйзамсыз аракеттери о.э. кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстан аймагынан өтүп бара жатканда көзөмөл пункттарындагы кыйынчылыктар жөнүндө баяндады. ДСУ комитетинин мүчөлөрү Казакстандын аракеттери себептүү жүк ташыган унаалар 10 кмдей узундукта топтолуп калганы, чек арада жана атайын аймактарда турган жүк ташуучу унаалардын саны 250гө жеткени тууралуу кабардар кылынды.

“Казакстандын аракеттери Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода алакасына о.э. ар бир жүк ташуучуга орду толгус зыян жеткирүүдө”, – деп айтылат кабарда.

 Белгилүү болгондой, Казакстан менен Кыргызстан экөө тең ДСУга да, ЕАЭБге да мүчө. Ал эми аталган эки уюмга, айрыкча, ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстандын экономикасына пайдага караганда көбүрөөк зыян алып келди.  2017-жылы Кыргызстан БУУда Казакстандын үстүнөн арызданып,  “мамлекеттер тарабынан саясий жана экономикалык милдеттенме боюнча бир тараптуу экономикалык чараларды көрүү өнүгүп бара жаткан мамлекеттер үчүн кабыл алынгыс аракет экендигин” билдирген. Негизи, бул уюмдар – ДСУ болобу, же БУУ болобу айырмасыз – ири мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн о.э. ири мамлекеттер тарабынан кабыл алынган токтомдорду алсыз мамлекеттерге мажбурлап өткөрүү үчүн түзүлгөн.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here