Күнөөсүз туткундар эки от ортосунда

387
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Күнөөсүз туткундар эки от ортосунда

Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Халабдын батыш четинде жайгашкан Артаб шаарында «Күнөөсүз туткундар эки от ортосунда» деген аталышта демонстрация өткөрүштү. Демонстрациянын катышуучулары «Туткундарды бомбалоо астында калтыруу – атайылап кыргын жасоо. Сөзү же чечими менен бул кыргынга катышкандардын баары Аллахка кыргын болгондордун каны менен жолугушат» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Күнөөсүз туткундар бүгүн коркунуч астында. Шаар жана айылдарды коргой албаган киши туткундарды таптакыр коргой албайт. «Зулум – Кыямат күнүндөгү караңгылык… Хак сөздү айтып камалган туткундарды азат кылгыла» деп жазылган плакаттар болду.

Башка бир плакатта Артоб калкына «Силер козголоңдун батыш Халабдагы тамырысыңар, силердин эркин үнүңөр кайда?!» деп суроо салынган. Идлибдин түндүгүндөгү Дер Хассан айылында да жума намазынан кийин демонстрация өттү. Демонстранттар Тахрири Шам комитетинин камактарындагы жазыксыз камакка алынган айыл аксакалдарын жана башка туткундарды азат кылууну талап кылышты. Калали шаарчасындагы Али ибн Абу Талиб мечити алдында өткөн демонстрацияда да туткундарды азат кылуу о.э. топ жетекчилерин жана коопсуздук күчтөрүн кулатуу талап кылынды. Демонстранттар: «Биздин аракетибиз өз күчүбүздү кайра тикелөөгө жана козголоңубуздун жолун оңдоого багытталган мубарек кадамдын башталышы», – деп баса белгилешти. Жума түнүндө да Калали эли топ жетекчилерине, алардын коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөттөрүнө каршы демонстрацияга чыгышты. Ошол эле учурда, Идлиб четиндеги Атма шаарчасында да «Шам козголоңу үчүн Исламды өкүм чыгаруучу кылуудан башка нажат жолу жок» деген түнкү демонстрация болуп өттү.

Роя гезити, №271, 2020-жыл, 29-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here