АКШ акча адалдаганга байланыштуу финансылык аракеттерди көзөмөлдөөчү топ (FATF) аркылуу ички жана тышкы саясатыбызга өкүмдарлык кылууда

331
0

Басма сөз баянаты

АКШ акча адалдаганга байланыштуу финансылык аракеттерди көзөмөлдөөчү топ (FATF) аркылуу ички жана тышкы саясатыбызга өкүмдарлык кылууда

Чыныгы көз карандысыздык эл аралык колонизаторлук түзүмүнөн баш тартуу аркылуу гана жүзөгө чыгат

Бажва-Имран режими АКШнын талаптарына моюн сунуу аркылуу Пакистан кызыкчылыктарынан баш тартууну улантууда. Себеби, улуттук кеңеш FATF талабына ылайык, 2020-жылы 6-январь күнү 2020-жыл үчүн өз ара жардам көрсөтүү мыйзам долбоорун тастыктады. Бул болсо, Пакистан бардык чет мамлекеттер менен мыйзамдуу кызматташтыкты камсыздашы керектигин түшүндүрөт. Бир сөз менен айтканда, бүгүн Пакистан тышкы иштер министрлиги АКШ мамлекет департаментинин өкүмдарлыгы астында. АКШ бул өкүмдарлыкты өзүнүн Исламабаддагы элчилиги аркылуу башкарууда. БУУ, Эл аралык Сот, Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк жана FATF тобу сыяктуу уюмдар – Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөгө өкүмдарлык кылуу үчүн пайдаланып жаткан уюмдар. Америка үчүн башка мамлекеттердин өкүмдарлыгынын кыйматы жок. Америка өз өкүмдарлыгын орнотуу үчүн санкцияларды же кара тизмеге киргизүү менен коркутат. Бажва-Имран режими – колонизатордун колундагы куурчак. Бул режим эл аралык колонизаторлук түзүмдүн пайдасы үчүн эч бир каршылыксыз «улуттук» өкүмдарлыктан баш тартат. О.э. кызыкчылыктарыбызды бизди буктурмада күтүп жаткандарга моюн сундурат.

Эл аралык мыйзамдарды милдеттүү колдонуу – Батыштын улуттук суверенитет түшүнүгүнө тескери. Муну ушундай түшүнүү мүмкүн, колонизатор күчтөр башка мамлекеттерди көз каранды же жарым эгемендүү мамлекеттерге айлантууда эл аралык уюмдардан пайдаланат. Түпкүлүгүндө, мамлекеттер биргелешкен келишимдер же эл аралык өлчөөлөргө ылайык ыктыярдуу кызматташтык негизинде иш жүргүзүшү керек. Мисалы, элчиге өлүм жок сыктуу же арабдардын Исламдан мурда арам айларда согушпоого келишимдери сыяктуу нерселер. Бирок, бул иштер мажбурлоо эмес, коомдук пикирден коркуп о.э. ахлакий үндөө аркылуу болушу зарыл. Чындыгында, Ислам куфр башкаруусуна моюн сунуудан кайтарат. Себеби, Аллах Таала бул жөнүндө мындай дейт:

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»                                [4:141]

Дүйнө эл аралык колонизаторлук түзүмдүн зулумунан тажады. Ошондуктан, мамлекеттер аралык алакалар Куръан жана Сүннөткө ылайык түзүлүшүнүн убагы келди. Бул нерсе Ислам адилетин дагы бир ирет көрсөтүү аркылуу ишке ашат. Дүйнөнү ушул репрессиячыл түзүмдөн азат кылуу сыймыгына мусулмандардан башка эч ким татыктуу эмес. Пакистан армиясындагы саналуу калыс офицерлер Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу эл аралык колонизаторлук түзүмдү кыйратышы мүмкүн. Биз бүгүн Константинополду фатх кылган жана Расулуллах ﷺдын башаратын жүзөгө чыгаруу сыймыгына жетишкен Султан Мухаммад Фатихтин эрдигин жана чеберчилигин эскерип жатабыз. Бүгүн Пакистан армиясында султан Мухаммад Фатихти ээрчий турган жана Расулуллах ﷺдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелеп, Расулуллах ﷺдын башаратын жүзөгө чыгара турган киши барбы?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here