Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чет өлкөдө калыптанган оппозиция мамлекетке кирип келишине жол берилбестигин айтты
Gazeta.uz сайтынын кабарына таянсак, президент Мирзиёев 27-декабрь күнү Мухаммад ал-Хоразми атындагы мектепте жаштар менен жолугушуу учурунда ушундай деген.
“Социалдык тармактарда оппозиция талкууланууда. Ал кандай пайда келтирген? Мен президент катары оппозицияга каршы эмесмин. Бирок, элдин көйгөйлөрүн биле турган, бардык көйгөйлөрдү калк менен биргеликте башынан өткөрө турган, ушул жердин нанын жеп, суусун иче турган оппозиция пайда болушу үчүн шарт түзүшүбүз керек”, – деген Мирзиёев.
Бул Шавкат Мирзиёевдин президент болгондон бери оппозиция жөнүндөгү алгачкы билдирүүсү болду.
Комментарий: Каримов режими Өзбекстанда СССРден калган саясий чөйрөнү жана ошондо калыптанган башкаруу режимин сактап калды. Бийликтин жарандарга карата позиция жана мамилеси да ушуга ылайык белгиленди. Авторитардык башкаруу режими, өзбек калкында саясаттан үзүлгөн, толук моюн сунуучу менталитет пайда кылды!
Каримов өлгөндөн кийин режим дүйнөлүк башкаруу системасына ылайыкташуу максатында өзүн-өзү реабилитация кыла баштады. Батыш дүйнөсү менен жакындашып, өлкөдө анын илманий (светтик) талаптарын ишке ашырууга аракет кылып жатат. Бирок, Батыштын каалоосу оппозициялык күчтөр да болушун талап кылат. Бул болсо, чет өлкөдө өзбек режиминен качып жүргөн оппозициялык күчтөр кайтып келишин, же болбосо ичкериде жаңы көз каранды оппозиция (конструктивдүү оппозиция) пайда кылууну талап кылат. Мирзиёев экинчи вариантты тандады!
Демек, Өзбекстан да жасалма оппозициялык күчтөрдүн ишмердүүлүгү негизиндеги бийлик монополиясын пайда кылмакчы болуууда! Буга мисал келтирсек, АКШда эки партия (демократтар жана республикачылар) ортосунда жасалма пикирлер, аракеттер жана жасалма кескиндиктер аркылуу парламент монополия кылып алынган. Негизи, демократияга негизделген бардык капиталисттик мамлекеттер ушул принципке таянат. Мамлекет жетекчилери – бийлик өкүлдөрү (жетекчи топ) жана оппозиция өкүлдөрүнөн туруп, эки тарап тең өкмөттүн үстүнөн түздөн-түз же кыйыр түрдө көзөмөлдөп турушат. Буга Россия парламентиндеги оппозициялык партиялардын жалган принциптери далил боло алат.
Мамлекетти эл башкарышы мүмкүн эмес! Дүйнөлүк капиталисттик жетекчи топтун өкүлдөрү бул акыйкатты коомчулуктан жашыруу максатында элдин расмий өкүлдөрүн (бийлик өкүлдөрүн) да, расмий эмес (оппозиция) өкүлдөрүн да өз таасири астында кармап турууга аракет кылышат. Радикалдык (жетекчи топтун таасири астында болбогон) күчтөрдү мүмкүн болушунча коомдон, саясаттан жана саясий жараяндардан алыс кармоого аракет кылышат. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде, булар идеал тутуп, аларга жетүүгө умтулуп жаткан Батыш мамлекеттеринин бардыгында да ушул негиздеги саясий принциптер өкүмдар болуп келет. Батыш мамлекеттеринин бардыгы капиталисттерден турган жетекчи топтун таасири астында. Алар мамлекеттерин эки же андан көп партиялардан турган парламенттер аркылуу башкарып келишет.
Өзбекстан да дүйнөлүк капиталисттик башкаруу принциптерине негизделип, өлкөдө позиция жана жасалма оппозиция негизиндеги демократиялык башкаруу системасын пайда кылмакчы болууда. Өзбекстан да жетекчи мамлекеттер сыяктуу эле, оппозиция элдин арасынан табигый түрдө келип чыккан күчтөрдөн пайда болушун каалабайт. Ошондуктан, Мирзиёев “оппозициялык күчтөрдү өзүм даярдаймын” деген убаданы берүүдө.
Тыянактап айтканда, өзбек бийлиги түптөн өзгөрбөдү! Ал дүйнөлүк бузуку жетекчи системага ылайыкташып, жасалма демократиялык реформаларды ишке ашырууда! Исламий мухитти да, өз тарапкерлеринен (мээлүүн исламчылардан) турган диний адамдардын таасири астына өткөрмөкчү болууда! Өзбек режими өткөөл мезгилди жасалма реформалар менен өткөрүп жибермекчи болууда. Бирок, бул нерсе өтө татаал жана оор жараян!
Батыш дүйнөсү да Мирзиёевга ишенбейт. Бирок, Өзбекстан азыр Батыштын кызыкчылыгы үчүн революциялык тополоңдорго даяр эмес. Батыш Өзбекстанды сакафий колония кылып болгонго чейин революция уюштурууга аракет кылбайт. Бүгүн Өзбекстан да, Кыргызстан сыяктуу эле Батыш сакафий механизмдери үчүн дарбазаларын кеңири ачып коюуда. Демек, өзбек режими кулашы да убакыт маселеси болуп калды. Батыш хазараты астында жетилип чыгуучу бул оппозициялык күч, убагы келгенде режимди кулатууга аракет кылат!
Жыйынтыктап айтканда, жетекчи топтор да, аларга оппозиция болгон батышчыл күчтөр да батыл, жасалма жана негизи ката болгон идеологиянын өкүлдөрү. Эки тарап тең демократия акыйдасына курулган жасалма мабдаъга таянган хазарат ээлери болуп, ошол мабдаъ ичинде бири-бири менен бийлик талашышат. Биз мусулмандар бул эки же андан көп тараптардын бири тарапта турушубуз жайыз эмес. Ислам жана мусулмандардын өз акыйдасы жана андан келип чыккан мабдаъга – башкаруу системасына таянган хазараты (дүйнө караш) бар. Коомдорду ушул хазаратыбыз негизинде калыптандырууга аракет кылабыз. Дааватыбызда исламий мабдаъны коомдо жетекчи пикир кылууга умтулабыз. Ошондо бири-бири менен жасалма күрөшүп, бизди чалгытууга аракет кылып жаткан куфр күчтөрүн коомдон четтетүүгө жана калкты ал күчтөрдүн зулумунан куткарууга жетишебиз, инша Аллах!
Абдураззак Муъмин.