Кыргызстан ЕАЭБ комиссиясынан мурунку бажы алымды сактоону суранат

361
0
Кыргызстан ЕАЭБ комиссиясынан мурунку бажы алымды сактоону суранат
19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны болот. Жыйында кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылды.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт. Ага ылайык, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле автоунаанын бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Белгилүү болгондой Бажы Биримдиги түзүлгөндөн бери уюмга мүчө өлкөлөр оор жоготууларга учураса, Орусия тескерисинче пайдага ээ болууда. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, 2019-жылдын январь-сентябрь айларындагы соода байланышта уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары тескери сальдо менен чыккан, тагыраагы, экспорт импортко караганда аз болгон. Бир гана Орусияда экспорттун көлөмү өскөн.

Буга кошумча, Орусия өзүнө кирип жаткан жашылча жана башка товарларды ар кандай документтик шылтоолор менен артка кайтарып жиберүүдө. Маселен, 8-ноябрдан 14-ноябрга чейинки аралыкта Кыргызстандан жана Казакстандан Орусияга 138 тонна жашылча-жемиш киргизилген эмес.

Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө. Муну менен эле чектелип калбай, Өзбекстан менен Тажикстандын уюмга мүчө болуусу үчүн Орусиянын басымдарына шерик болушууда. Маселен, Казакстан Өзбекстан транспортторунун товар алып өтүшүнө жасалма тоскоолдуктарды пайда кылууда. Кыргызстан болсо Кытайдын товарлары Өзбекстанга өтүшүнө тоскоолдук кылуу менен бир катарда мөмө-жемиш, кийим-кече жана керектүү товарларды алып кирүүгө тоскоолдук кылуу аркылуу басым өткөрүп жатат.
Мунун каршылыгында болсо, Орусиянын сапатсыз унааларын же үчүнчү өлкөлөрдөн мурункудан он эсе кымбат баада сатып алуу алдында турабыз.


Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here