Саудия Россиядагы долбоорлорго 10 миллиард доллар каражат бере турган болду

342
0

Саудия Россиядагы долбоорлорго 10 миллиард доллар каражат бере турган болду

14-октябрда расмий сапар менен Саудияга барган Россиянын президенти Владимир Путин Эр Риядда мураскор шахзада Мухаммад бин Салман менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки өлкө ортосунда миллиарддаган доллардык келишимдерге кол коюлду.

Келишимдер инвестиция, аэрокосмикалык өнөр-жай, маданият, саламаттыкты сактоо жана нанотехнологиялар тармагына тийиштүү экендиги кабарланууда.

Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, Путин Мухаммад Бин Салман менен жолугушуу учурунда Саудиянын коомдук фонду Россиядагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 10 миллиард доллар инвестиция ажыратканын билдирген.

Путин Саудияга сапары учурунда “Al Arabiya”, “Sky News Arabia” жана “RT Arabic” телеканалдарына берген интервьюсунда король жана мураскор шахзада менен достук мамиледе экендигин билдирген.

Комментарий:  Бирер мамлекет экинчи мамлекетке инвестиция жаткырышы, ошол мамлекеттин экинчи мамлекетти өзүнө, дүйнөкарашына же бирер кызыкчылыгы тарапка тартуу максатында ишке ашырылат. Ушул негизден келип чыгып, алар алсыз мамлекеттерди экономикалык жактан көз каранды абалда кармап турууга аракет кылышат. Ошондуктан, алсыз мамлекеттер өздөрүнүн экономикасын, дүйнөлүк таасир кубатына ээ болгон  ири колонизатор мамлекеттерден карыз алуу же аларга өз байлыктарын сунуштоо менен инвестиция тартуу негизинде иш алып барышат.

Бирок,  ядролук куралга жана башка потенциалдарга ээ болгон Россиянын, эл аралык саясатта дээрлик таасири болбогон Саудиянын инвестициясына муктаж болуп калышынын себеби эмнеде? Россия он жылдан бери өзүнүн резервдик  фондундагы дээрлик 4 триллион рубль акчасын иштетип болду. Путиндин саясаты Россиянын оор өнөр жайын дээрлик жок кылып, өлкөнү Батыш жана Кытай инвесторлоруна ачып берүүгө мажбур кылды. Путиндин режими резервдик фонддун эсебинен жарандардын жашоо деңгээлин бүгүнкүдөй абалда кармап келди. Бир жыл мурда резервдик фонддогу акчалар дээрлик түгөнүп калды. Оор өнөр жайы, анын артынан жеңил өнөр жайы да жоголуп бара жаткан Россия өлкөгө инвесторлорду чакырууга мажбур болду. Бирок, бул да мамлекеттин чыгымдарын толтура албаган соң,  кытайлык компанияларга  мамлекеттик жерлерди, токой жана табигый байлыктарды узак мөөнөткө бере баштады.

Россия өзүнүн проблемаларын каражат менен чече албайт. Путин Россиянын оор өнөржайын дээрлик изден чыгарды. Табигый түрдө мунун артынан жеңил өнөр жайы да чет өлкөлүк инвесторлорго муктаж болуп калды. Эми Путин да, Кыргызстандын президенттери сыяктуу, чет өлкөлөрдөн каражат издей баштады. Орус калкынын жашоо деңгээли төмөндөп барышы менен, өлкөгө гранттарды берүүчү компаниялар жана  ар түрдүү кредиттик банктар кирип келет. Бул болсо, Россия Батышка колония болуп бара жатканын түшүндүрөт.

Россия мындай абалдан кутулуу максатында Кытай, Индия тарапка жүздөнүүгө аракет кылууда. Бирок, алар да Россияны бул экономикалык жана саясий абалынан сактап кала алышпайт. Себеби, Россия экономикалык системасын жана анын туруктуулугунун кепилдиги болгон экономикалык механизмин бузуп алды. Батыштын Россияны сындыруу максатына жетүүсүндө Путиндин кызматы аябай зор болду. Путин Россиядагы ири жеке менчик компанияларды, (нефть, газ, завод, фабрика..) мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу менен оор өнөржайды талкалап берди. Балким ошону үчүн көпчүлүк олигархтардын балдары Батыш өлкөлөрүндө жашап жүрүшкөндүр. Путин жана башка олгархтардын кыймылсыз мүлктөрү жана миллиарддаган акчалары да Батыштагы банктарда сакталат. Россиянын абалы аянычтуу көрүнүштө начарлап барууда!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here