Путин: ИМ тобу Орто Азияга коркунуч жаратууда

339
0

Путин: ИМ тобу Орто Азияга коркунуч жаратууда

Ислам мамлекети тобунун согушкерлери Сирияда жеңилгенден соң Балканда, Түштүк Чыгыш Азияда жана КМШнын чек араларында таяныч жайларын ачууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн башкы саммитинде билдирди. 

“Сирияда жеңилгенден кийин көп согушкерлер башка аймактарга барып, жайланышып жатат. Алар Балканда, Түштүк Чыгыш Азияда таяныч жайларын ачууга аракет кылууда. КМШнын түштүк тарабына – Орто Азияга – да жайгашуу ниеттери бар”,-деди Путин Ашхабаддагы отурумда.

Бүгүнкү күндө Орусиянын Борбор Азиядагы таасири алсырап барууда. Анын негизги “козырь картасы” катары аймактагы аскердик таасири кызмат кылып жатат. Ошондуктан, ал калкты коркуу астында кармап туруу үчүн өзү лидерлик кылган КМШ, ЖККУ сыяктуу уюмдары аркылуу “терроризм” коркунучун жарнамалап турат. Жакында эле ЖККУнун биригелешкен штабынын башчысы Анатолий Сидоров “Учурда Ооганстанда “Талибан” жана “ИМ”тобунун 15 миңдей аскерлери бар экендигин, алар Борбор Азия кооопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын” билдирген.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here