Капиталисттик цивилизациянын жемиштеринен

273
0

Капиталисттик цивилизациянын жемиштеринен

Эрдоган Түркиясы бааларды көтөрүү аркылуу экономикалык кризистин акыбеттерин адамдарга жүктөөдө. Жакында түрк өкмөтү 1-июлдан баштап газ баасын 15%га жогорулатуу жөнүндө токтом кабыл алган эле. Август айында да баалар жогорулаган. Бул көрсөткүч акыркы беш жыл ичинде беш ирет көтөрүлүшү менен 54%га жетти. Энергетика министри март айында: «Газ жана электр боюнча эч канда баа көтөрүлбөйт», – деген убадасына карама-каршы түрдө бааларды жогорулатуу токтому кабыл алынды. Буга түшүндүрмө катары, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү ушуларды баса белгиледи:

«Баалардын көтөрүлүшү газга гана чектелбеди, ар бир нерсенин баасы көтөрүлдү… Газ, электр энергиясы, суу, транспорт жана башкалар…

Бул өтө кең жайылган көрүнүш. Капиталисттик режимдердин акимдери өз калктарын алдап келет, убадаларды берип, аларды бузушат. Түпкүлүгүндө, бул режим үчүн инфляция жана баанын көтөрүлүшү күтүлбөгөн абал эмес. Себеби, режим 31-мартта болуп өткөн шаардык шайлоолордон кийин эле ушул бааларды жогорулатууну пландап койгон. Истамбулдагы кайра шайлоодо учураган жеңилүүсүн көрсөтпөй туруу максатында бааларды жогорулатууну артка сүрүп келди… Бүгүнкү күнгө келип, баалар биринин артынан бири жогорулоодо».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет:

«Он жети жылдан бери өкүмдарлык кылып жаткан бул бийлик капиталисттик экономикалык түзүмдү колдонуп келди жана мунун акыбетинде келип чыккан экономикалык кризистин жүгүн өз калкына жүктөөдө… Ал инфляция жана бааларды көтөрүү сыяктуу мына ушундай ийгиликсиз саясатынын кунун адамдарга төлөтүп жатат. Негизи, капиталисттик түзүмдү колдонуп жаткан бул акимдер бул түзүмдө кризистерге чечим жоктугун, тескерисинче, проблемалар ушул түзүмдүн келип чыгышын өтө жакшы билишет. Билип туруп, бул түзүмдү колдонууну жана коргоону улантып жатышат. Бирок, бул акимдер унутушпасын, капиталисттик экономикалык түзүм турган соң, бул зулумдар да, адилетсиздиктер да сакталып тура берет».

Роя гезити, №252, 2019-жыл, 18-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here