Тахрир Шам комитети проблема Хизб-ут-Тахрир менен анын ортосунда эмес, аны менен бүткүл Уммат ортосунда экенин түшүнүп жетер бекен?!

176
0

Тахрир Шам комитети проблема Хизб-ут-Тахрир менен анын ортосунда эмес, аны менен бүткүл Уммат ортосунда экенин түшүнүп жетер бекен?!

Тахрир Шам комитети жетекчилери ушуну түшүнүүлөрү лазым, проблема алар менен Хизб-ут-Тахрир ортосунда эмес. Балким, алар азат кылынган региондордун тагдырын аскерий жана саясий жактан өз колдоруна алуусу, Умматка зулум кылуусу натыйжасында алар менен бүткүл Уммат ортосунда проблемалар пайда болду. Хизб-ут-Тахрир Ислам Умматынын бир бөлүгү, Умматтын тартып алынган бийлигин жана чечимин кайтарып алууга аракет кылууда. Бул аракет Тахрир Шам комитетинин тынчын бузуп жатат. Ошондуктан, бул комитет билип койсун, эгер, ал Умматка бийликти кайтарып берип, зулум-кыйынчылыктарга жана зомбулуктарга чекит койбой турган болсо, бир да проблеманы чече алышпайт. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн тынымсыз камакка алып жаткан болсо да, бирок, эч качан Хизб пикирлерин токтото албайт, тескерисинче, бул, бул пикирлердин жайылышын күчөтөт. Анткени, пикир ээлерине басым кылып, аларды камоо мүмкүн, бирок, пикирлерин кишендеп, камоо мүмкүн эмес. Эгер, бул комитеттин жетекчилери өз кылмыштарын түшүнүп жетишсе, Уммат менен мамилелерин оңдоп алышсын. Эгер, андай кылышпаса, анда, күрөш алар менен Хизб-ут-Тахрир ортосунда гана эмес, Хизб-ут-Тахрир жетекчилигиндеги Уммат менен да уланат. Бирок, өз Умматына каршы күрөшкөндөрдүн бирөөсү да ийгиликке жетишкен эмес жана эч качан ийгиликке жетише албайт. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِي الزَّبُورِ مِن بَعْدِ الذِّكْرِ أَنَّ الأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ الصَّالِحُونَ + إِنَّ فِي هَذَا لَبَلاغاً لِّقَوْمٍ عَابِدِينَ + وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلاَّ رَحْمَةً لِّلْعَالَمِينَ﴾

«Чындыгында Биз зикир кылгандан кийин Забурда: «Албетте (бейиштин) жерине Менин салих пенделерим мураскор болушат», деп жазып койгонбуз. Албетте, мында аабид коум үчүн жеткиликтүү үлгү бар. Чынында Биз сени бардык ааламдарга рахмат кылып жибердик»                                                                                                                             [21:105-107]

Роя гезити, №252, 2019-жыл, 18-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here