Жаңылыктар

Майк Помпео дүйнөдөгү мамлекеттерди уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырды

Майк Помпео дүйнөдөгү мамлекеттерди уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнө жүзүн мигрант уйгурларды Кытайга өткөрүп берүүдөн баш тартууга чакырып, Кытай өкмөтү мусулмандарды репрессия кылып жатканын баса белгиледи.

 “Кытайдын Шинжаң аймагында мусулмандарды кармап-камоолору терроризм менен эч кандай байланышы жок. Бул болгону Кытайдын өз элин, мусулмандардын маданиятын жана динин тыптыйпыл жок кылуу аракети. Биз бардык мамлекеттерди Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырабыз”, – деди Помпео.

Мындай билдирүүнү Майк Помпео Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун ассамблеясынын алкагында, Борбор Азиянын беш мамлекети – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолуккан учурунда айтты.

Комментарий:  Помпеонун бул билдирүүсү АКШнын Кытайга каршы кызыкчылыгынан келип чыккан. Ошондой болсо да, бул сыяктуу чакырык жана билдирүүлөр, негизи биз мусулмандар жана исламий өлкөлөрдүн башчылары тарабынан айтылып,  муну ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек эле.

Кытай өкмөтү Шинжаңда мусулмандарды лагерлерге камап, динден баш тартууга мажбурлап жатат. Муну “кайра тарбиялоо операциясы” деп жарыялады. Дүйнөдөгү кээ бир мамлекеттердин башчылары, ал тургай Саудия, Түркия… сыяктуу исламий өлкөлөрдүн башчылары да бул операцияны колдой тургандыгын жана бул нерсе репрессия эместигин билдиришти. Учурда Россия да Кытайдан таасирленип, лагерлерди куруп, ал лагерлерде мыйзамсыз жүргөн мигранттарды мажбурлап иштетүү менен тарбиялык иштерди жүргүзүүдө. Индия да мусулмандарга каршы Кытайдын долбоору боюнча тарбиялык лагерлерди кура баштады. Борбор Азия мамлекеттери да Кытайга экономикалык жана финансылык жактан көз каранды болуп бара жатып, Кытайдын исламий мабдаий аракетке каршы ыкмалары менен тааныша башташты. Былтыр Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ушул маселеде Кытайдын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашты.

Кытай өлкөлөрүбүзгө бастырып кирип келе жатат! Инвестиция алып  кирүү менен карызга батырып, ушул аркылуу мамлекеттерибизди көз каранды кылып барууда. Биз анын өз өлкөсүндөгү мусулмандарга каршы репрессиясын токтотуп калбасак, биздин өлкөлөрдө таасирин күчөтүп алган соң бизге карата репрессияны күчөтүүгө аракет кылат.

Помпеонун Кытайга каршы билдирүүсү, негизи биз мусулмандардын дартына ылайык айтылган сөздөр! Анын ниети өзүнө маалым, бирок биз Кытай баскынчылыгына о.э. анын Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү ыкмасы дүйнөлүк түс алышына каршы турушубуз керек! Кытайга эле эмес, Палестинадагы яхудийлердин зулумуна, Сиси жана башка залим режимдерге колдоо көрсөтүп жаткан дүйнөлүк башкаруу түзүмүнө о.э. эл аралык саясатка каршы күрөшүүбүз важиб.

Демек, бул күрөш мусулмандарга жана жалпы эле адамзатка карата болуп жаткан зулумдардын алдын алуу үчүн күрөш болот. Кээде кафир мамлекеттер же кафир саясатчылар менен максатыбыз дал келип калышы эч нерсени өзгөртпөйт. Башкача айтканда, бул күрөш алардыкы  болуп калбайт!

Абдураззак Муъмин.

turkistonkg

Recent Posts

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

9 hours ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

9 hours ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

9 hours ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

9 hours ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

9 hours ago

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

3 days ago