Москвада “Талибан” делегациясы менен жолугушуу болду
“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Москвага келишип, РФ Тышкы иштер министрлигинде жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
“Талибан”дын делегациясын РФ президентинин Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов кабыл алды.
“Жолугушууда Россия тарап “Талибан” менен АКШ ортосунда сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи. “Талибан”дын өкүлдөрү Вашингтон менен сүйлөшүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти”, – деп айтылат Тышкы иштер министрилигин кабарында.
Белгилүү болгондой, өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Кабулдагы теракт себептүү “Талибан”дын өкүлдөрү менен өтүүчү жолугушууну токтотуп койгон.
Комментарий: “Талибан” кыймылы Афганистанда чет өлкөлүк аскерлер турганда эч кандай сүйлөшүүлөр болбостугун билдирип, позициясында бекем турган учурда АКШ өкмөтү “Талибан”ды сүйлөшүү столуна тартуу үчүн ар түрдүү жолдорду издеп келди. Ал тургай, “Талибан” менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн Дохада талиптерге саясий офис ачууга да уруксат берди. Быйыл жыл башында Афганистан президенти Ашраф Гани да “Талибан” кыймылына Кабул, Нангархар же Кандагарда офис ачууга уруксат берүүгө даяр экендигин билдирди.
“Талибан” позициясынан чегинип, баскынчы мамлекеттер менен сүйлөшүүгө ыраазы болуп, бир нече жолу сүйлөшүү жана келишүүгө ыраазы болгондон кийин, эми АКШ өз талаптарын коё баштады. Трамптын Кабулдагы терактты шылтоолоп “Талибан” менен жолугушууну жокко чыгарышы да АКШ өз талаптарын өткөрүү үчүн таштаган алгачкы кадамдардын бири болуп эсептелет. Негизи, буга чейин мындан да чоң жана кандуу теракттар жүз берген учурларда деле АКШ өкмөтү “Талибан”ды жолугушуу жана сүйлөшүүлөргө чакырып келген.
Эгерде “Талибан” өз позициясында дагы бир топ жыл бекем турганда АКШ Афганистанда жеңилгендигин моюнга алып, шерменделик менен чыгып кетүүгө мажбур болмок. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам:
“Албетте, нусрат (жеңиш) сабыр менен бирге, шаттык кайгы менен бирге жана кыйынчылык жеңилдик менен бирге болот”, – деген. (Имам Бухарий, Имам Муслим риваяты).
Абдурахман Адилов
Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…
Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…
Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…
View Comments
purchase lasuna online cheap - cheap lasuna for sale buy himcolin generic
buy norethindrone sale - generic aygestin 5mg yasmin without prescription
estradiol cost - estrace 2mg sale arimidex 1 mg uk
シルデナフィル は通販での購 - バイアグラ 市販 おすすめ タダラフィル 副作用