Индия Кашмирдин өзгөчө макамы бекер кылышынын артында эмне турат?!

617
0

Суроо-жооб

Индия Кашмирдин өзгөчө макамы бекер кылышынын артында эмне турат?!

Суроо:

«Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылышынча, жума күнү АКШ президенти Дональд Трамп Пакистан премьер-министри Имран Хан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Индия менен Пакистан эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүү аркылуу Жамму жана Кашмирдеги кескин абалды басаңдатууга аракет кылуулары өтө маанилүү экенин айтты». (Рейтер, 2019-жыл, 17-август). Трамп бул сөздү Моди Кашмирди расмий түрдө аннексия кылып, эми ал Индия менен Пакистан ортосундагы талаштуу зона эместиги менен мактанып жатканда айтууда: «2019-жылы 15-августта Индия премьер-министри Нарендра Моди мамлекеттин эгемендүүлүк майрамы менен куттуктаган кайрылуусунда «анын өкмөтү мурунку өкмөттөр жетишпеген ийгиликке жетишкенин» баса белгиледи». (Шаркул Авсат, 2019-жыл, 16-август). Суроо мындай, Индия Кашмирди расмий түрдө аннексия кылып алган болсо, бул сүйлөшүүнүн эмне пайдасы бар? Эмне үчүн Пакистан Кашмирди азат кылуу үчүн жихад алып баруу менен туура иш-чара көрбөй жатат, негизи, анын армиясы буга кудуреттүү го? Кийин, бул иште Американын ролу барбы? Аллах ажырыңызды берсин.

Жооп:

Жооп жаркын болушу үчүн ушуларды баян кылабыз:

  1. АКШнын тышкы саясий пландары үчүн бүткүл дүйнө региондору ичинде Евразия региону маанилүү болуп эсептелет. Америка бул региондо ага атаандаштар пайда болбошу үчүн катуу аракет кылып жатат. Бул региондогу анын төрт ыктымалдуу атаандашы: Россия, Кытай, Германия жана Халифалык. Учурда, Америка реалдуу атаандаш Кытай деп билүүдө. Советтер Союзу кулагандан тартып, америкалык стратегиялык саясатчылар Кытай АКШ кызыкчылыктары үчүн эң чоң коркунуч деп карап келишет. Иш жүзүндө америкалык стратегдер Кытайдын деңизде бир күч катары өсүшүнө сокку берүү үчүн Азия мамлекеттеринен жана Тынчтык океанынан пайдаланышты. Индия жарым аралын Кытайдын Евразияда өкүмдар күч катары өнүгүшүнө каршы ишке салышты. Америка Тайван, Таиланд, Вьетнам, Филиппин, Япония, Индонезия жана Австралия сыяктуу мамлекеттер менен көптөгөн союздарды түзүү аркылуу Азия регионундагы жана Тынчтык океанындагы күчтөрүн бекемдеп жатканда, Индия жарым аралында, өзгөчө, Индияда эч кандай ири союз түзбөдү. Ошентип, Важпаи токсонунчу жылдардын акырында Индия премьер-министри болду. 2000-жылы президент Клинтон Индияга сапар жасаган соң бул өлкөдөн пайдалануу эң жогору даражага көтөрүлдү. 2001-жылы 11-сентябрь окуяларынан Буш администрациясы Индияга негизги этибарын каратты. Америка Индия менен Кытайдын ортосундагы аскерий айырманы кыскартуу үчүн ар кандай чараларды көрүп келүүдө, мисалы, АКШ менен Индия ортосунда ядролук келишимге кол коюлганы сыяктуу.
  2. Американын баамында, Кашмир жаатында Индия менен Пакистан ортосунда уланып келе жаткан кескиндик Индия жарым аралынын Кытайга каршы күрөшүнө терс таасир кылууда… Ушул себептен улам, ушул кескиндикти жоюу үчүн Кошмо Штаттар Индия менен Пакистан ортосунда мамилелерди нормалдаштырууга аракет кыла баштады. Максат – бул эки мамлекетти Кашмир үчүн бири-бири менен согушуусунан алыс кармап, алардын аракеттерин Кытайдын өнүгүшүнө каршы Кошмо Штаттар менен кызматташууга багыттоо. Америка «Кашмирди Индия аннекция кылып алса, мен Пакистанга басым кылып, Индияга каршы аскерий аракет кылуусуна жол бербей, теманы сүйлөшүү тарапка бурамын, ошондо Индия-Пакистан проблемасы чечилет» деп ойлоп жатат. Кудум Фалестиндеги Аббас режими жана араб мамлекеттери менен яхудий мамлекети ортосундагы аскерий аракетти алдын алганы сыяктуу. Мына, бүгүн яхудийлер Фалестинди басып алып, каалагандай аннекция кылып жатат! Ошентип, Моди Жамму жана Кашмирди аннекция кылууга жана ал жерде түзүмдү өзгөртүүгө киришти, 2019-жылы 5-августта конституциянын Кашмир жөнүндөгү 370-беренесине өзгөртүү киргизүү токтомун кабыл алды. Бул беренеде Жамму жана Кашмир вилаятына чоң автономиялык укук берилген болчу. Т.а. Кашмир өз конституциясына, байрагына, тышкы иштер, коргоо жана байланыш иштеринен тышкары көптөгөн маселелерде көз карандысыз эле. «Кайра карап чыгуу» мыйзамы деп аталган өзгөртүү токтомунда болсо, басып алынган Кашмир эки регионго т.а. Жамму жана Кашмир регионуна, Ладах регионуна бөлүндү, алардын администрациясы Нью-Делидеги федералдык өкмөткө моюн суна турган болду. Эртеси, 2019-жылы 6-августта Индия парламентинин жогору палатасы бул мыйзам долбоорун 125 депутаттын макулдугу жана 61 депутаттын каршылыгы менен тастыктады, 35-беренени бекер кылды. Бул беренеде кашмирлик болбогон адамдарга кыймылсыз мүлк жана жер сатып алууга тыюу салынган. Бул болсо, башка вилаяттардагы индустардын Кашмирге көчүп келүүсүнө жана ал жерден кыймылсыз мүлк, жер сатып алып, өкмөттөгү кызматтарда иштешине алып келет. Өз кезегинде, бул калкынын чоң бөлүгү мусулман болгон региондун калкы жана маданияты өзгөрүшүнө себеп болот. Башкача айтканда, яхудий мамлекети Фалестинде аннекция амалияттарын алып барышына окшойт! Нетаньяху муну Американын ыраазылыгы жана «жашыл чырагы» менен кылып жаткан болсо, Моди да анын ыраазылыгы жана «жашыл чырагы» менен ишке ашырууда. Т.а. Моди АКШнын ыраазылыгына жана колдоп-кубаттоосуна таянып Нетаньяху моделине ээрчүүдө.
  3. Индия Кашмирдин өзгөчө макамын бекер кылуу жөнүндө жогорудагы токтомду жарыялаганда Пакистан туруксуз позицияны карманып, мындай абалга чекит коюу үчүн каралоодон ары өтпөдү. Мисалы, Пакистан тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Пакистан Нью-Дели 2019-жылы 5-август күнү чыгарган токтомго кескин нааразылык билдирет, Индиянын мындай бир тараптуу иш-чарасы ортодогу жаңжалды өзгөртө албайт, мындай мыйзамсыз иш-чараларга каршы Пакистан бул эл аралык жаңжалдын бир бөлүгү катары, колунан келген чараларды көрөт». (Франс-Пресс агенттиги, 2019-жыл, 5-август). О.э. Пакистандын Москвадагы элчиси Казы Халилуллах: «Учурда Пакистан өкмөтү Индиянын Кашмирдеги иш-чараларына дипломатиялык, саясий жана укуктук жооп кайтарууга даярдык көрүүдө, бул жаатта өкмөткө сунуш берүү үчүн атайын комиссия түзүлдү», – деди. Демек, Пакистан режими дал Аббас режиминин жана араб мамлекеттеринин позициясын карманат… Алар яхудий вужудунун мубарек Фалестин жериндеги мыйзамбузууларына каршы эч кандай аскерий аракетке барышпастан, каралоо жана нааразылык билдирүү менен чектелип жаткандай, Пакистан да армияны согушка аракеттендирбестен, жөн гана каралоо позициясын тандоодо! Бул да жетишпегендей, проблеманы чечүү үчүн БУУга жана АКШга кайрылып жатат, акыйкатта болсо, алар душмандар!

﴿هُمْ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ﴾

«Алар душмандар. Демек, алардан этият болгун»                                                      [63:4]

  • Пакистан премьер-министри Имран Хан 2019-жылы 11-август күнү Твиттерде Индиянын бул кадамы «Индиядагы мусулмандарды репрессия кылууга, кийин Пакистанды бутага алууга алып келет, бул тектик тазалоо аркылуу Кашмирдеги калктын абалын изден чыгарууга урунуудан башка нерсе эмес», – деп, эл аралык коомчулуктан жардам талап кылып, Индияны тыйып коюу үчүн эл аралык коомчулукта кудурет бар экенин баса белгиледи! Ал Пакистан да кудуреттүү экенин унуткандай. Мисалы, Индия 2019-жылы 26-февралда Кашмирдеги жамааттар лагерлерине аба чабуулдарын жасап, «лагерлерде көптөгөн адамдарды кыргын кылды». Андан мурун Кашмирдеги жамааттар 2019-жылы 14-февраль күнү Индиянын басып алынган Кашмирдеги кошуунуна каршы операция алып барып, 41 индус аскерин өлтүргөнү айтылган. Индия чабуулунун эртеси күнү Пакистан Индиянын эки учагын атып түшүрүп, бир учкучун тутканга алып, экөөсүн өлтүргөнүн… кабарлады. Бул болсо, Пакистан армиясы Индияны тыйып коюуга кудуреттүү экенине, бирок, анын режими бул үчүн эч бир олуттуу кадам таштабай жатканына, тескерисинче, Американын буйруктарына итаат кылып жатканына далалат кылат. Мисалы, Америка эки учак атып түшүрүлгөндө абалды курчутпоону талап кылды. Кабарларга ылайык, «Индия «Жайшу Мухаммад» жамаатынын лагерине абадан чабуул жасашы артынан АКШ мамлекет катчысы Помпео индиялык жана пакистандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү, кийин билдирүү жарыялап эки тарапты тынчтыкты сактоого, коркунучту жана кескиндикти курчута турган ар кандай аракеттен тыйылууга үндөдү». Ал тургай, Америка Индия тарабында турду: «Индиянын аба соккулары терроризмге каршы күрөш болуп эсептелет, биз Пакистанды өз аймагында аракет кылып жаткан террорчу жамааттарга каршы олуттуу аракет кылууга чакырабыз». (Франс пресс жана Рейтер агенттиктери, 2019-жыл, 28-февраль). Бул билдирүүдөн Америка, кудум Фалестинде кылгандай, Индия тарабында турганы, анын бул кадамын колдоп-кубаттап жатканы жаркын көрүнүп турат. Америка өз өлкөсүн коргоп, аны азат кылууга аракет кылып жаткан мусулмандарга каршы ар дайым яхудий вужудунун тарабын алып келүүдө. Индиянын мына ушундай кылмыштарына карабастан, Пакистан режими да Аббас режими жана араб мамлекеттеринин режимдери сыяктуу, Америкага кайрылуу жана проблеманы чечүү үчүн анын аралашуусун күтүү адатына берилген бойдон калды. Пакистан Америка Индия тарабында турганын билет. Мисалы, Пакистандын Вашингтондогу элчиси Мухаммад Хан 2019-жылы 2-февраль күнү өз билдирүүсүндө мындай деген: «АКШ мамлекеттик катчысынын билдирүүсүнөн Индиянын позициясына колдоо көрсөтүлүп жатканы айкын болуп турат. Бул болсо, Индияны дагы да шыктандырууда», кийин: «Ыктымал, эч бир мамлекет АКШдан жакшыраак роль ойной албаса керек», – деп кошумчалады. (Франс-Пресс, 2019-жыл, 2-февраль). Т.а. Мухаммад Хан АКШ мамлекеттик катчысынын билдирүүсүнө таянып Америка Индияны колдоп жатканын моюнга алууда, бирок, проблеманы чечүү ролуна Америка ылайык деп эсептөөдө! Негизи, бул акимдерди Коопсуздук Кеңеши жана БУУ… сыяктуу нерселер менен алек кылып туруу Американын адатына кирет. Чынында эле, Пакистан режими ушундай кылды жана Индия менен абалды курчутууну каалабай жатканын, Нью-Делиге каршы БУУга расмий түрдө нааразылык билдирерин, мындан ашык да, мындан аз да аракет кылбашын жарыя кылды. Ал тургай, бул режим эки катыл учкучту Индияга тапшырмакчы экенин расмий жарыялап, «тынчтык белгиси» деген нерсени айтып, учкучтарды тапшырды. Ошентип, Кашмир аннекциясы артынан Пакистан «Кашмир вилаятынын автономиясы бекер кылынгандан кийин Коопсуздук Кеңешин ушул вилаяттын мамкамы боюнча атайын сессия өткөрүүгө чакырды… Жыйында Пакистандын БУУдагы өкүлү Малиха Лодхи Коопсуздук Кеңешинин Кашмир маселесин атайын сессияда кароо жөнүндөгү токтомун алкыштап, Кашмир маселесинин эл аралык даражада ортого салынганын, шексиз, (бул маселе) Индия менен сүйлөшүү өткөрүү аркылуу чечилишин баса белгиледи». (Арабий жадид, 2019-жыл, 16-август).
  • Мындай позиция ушуларга далалат кылууда, Пакистан режими Индияны токтотуу үчүн эч качан аскерий позицияга өтпөйт жана ага каршы бир да олуттуу аракет кылбайт. Бул болсо, Кашмирдин өзгөчө макамын өзгөртүү жөнүндөгү Индиянын токтомун жана анын баскынчылыгын бекемдейт. Белгилүү болгондой, 2019-жылы 21-июлда Имран Хан Пакистан армиясынын командачысы Жавид Бажва, разведка жана ички коопсуздук кызматынын жетекчиси Файз Хамид менен биргеликте АКШга сапар кылды. Жолугушуу учурунда Трамп андан Афганистанда Америка пайдасына роль ойноп берүүнү талап кылып, «Пакистан 18 жылдан бери Афганистанда уланып жаткан согушка чекит коюу үчүн саясий сүйлөшүүдө ортомчу болушуна жана бул иште жардам беришине үмүт кылып жактанын» билдирди. Имран Хан Трамптын буйругуна дароо моюн сунуп: «Талибан менен жолугушамын жана болгон аракетимди жумшап, аны Афган өкмөтү менен сүйлөшүүгө олтурууга көндүрүүгө аракет кылам», – деди. Кийин Имран Хан Пакистан режиминин саткындыгына жана Америкага кызмат кылып жатканына сыймыктанып: «Пакистан разведкасы америкалыктарга Усама бин Ладендин жайын аныктоого көмөк көрсөткөн маалыматтарды берген», – деди. (Рейтер, 2019-жыл, 22-июль). Америка Индияны колдоп-кубаттап жатат, ал эми, Пакистан мына ушинтип Америкага кызматтарды көрсөтүүдө! Индия Кашмирдин өзгөчө макамын бекер кылуу жөнүндө токтом кабыл алганда АКШ тышкы иштер министрлиги: «Биз Кашмир жана башка курч маселелер туурасында Индия менен Пакистан ортосунда түздөн-түз сүйлөшүү өткөрүлүшүн колдоп-кубаттайбыз», – деп билдирүү берди. (Рейтер, 2019-жыл, 7-август). Америка Индиянын бул кадамын каралабады жана бул эл аралык мыйзамдарга тескери деп айтпады, тескерисинче, сүйлөшүүгө чакыруу менен Имранды жана анын режимин акаарат кылды. Демек, кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн, акыйкатта болсо, Индия Кашмирди расмий түрдө аннексия кылып бүткөн болсо?! Бул болсо Америка Индиянын бул кадамына ыраазы экенине далалат кылат. Ыраазы гана эмес, ал тургай, алдын ала муну жакшы билгенин көрсөтүүдө. Себеби, Индия Америка менен кеңешпей жана андан «жашыл чырак» ишаратын албастан бул сыяктуу кадамга барбайт.
  • Биз 2004-жылы 21-майда жарыялаган «Басып алынган мусулман өлкөлөрүндөгү саясий маселелер» деп аталган китебибизде Кашмир маселеси жөнүндө мындай делет: «Ошондуктан, Америка өз таасири астындагы эки мамлекет – Индия менен Пакистан ортосунда Кашмир жаатында түшүнбөстүк болбошуна аракет кыла баштады. Проблеманы чечүү үчүн негизги көз карашын өзгөрттү т.а. башында маселеге эл аралык түс берилген болсо, эми ал эки тараптуу маселеге айланды. Америка Кашмирди бөлүштүрүү менен маселени чечмекчи болду. Мында Азат Кашмир Пакистанга, Индия өкүмдарлыгы астындагы Кашмир болсо Индияга таандык болуп калат». Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар ушул китебибизде айтылган пикирлерге туура келүүдө. Индия Кашмирдеги баскынчылыгын бекемдөө максатында бул кадамга барды жана ал жерде жаңы абалды жаратты.
  • Кытай Индиянын бул кадамын каралады. Индия «Кайра карап чыгуу» мыйзамы астында конституциянын Кашмир жөнүндөгү 370-беренесине өзгөртүү киргизүү токтомун кабыл алып, басып алынган Кашмирди Жамму жана Кашмир, Ладах регионуна бөлдү жана бул эки региондун адмнистрациясын Нью-Делиге федералдык өкмөткө моюн сундурду. Ладах региону Кытайга жакын Тибет тоолорунда жайгашкан. Ал эми, Индия бул мыйзамды кабыл алуудан мурда Кытай менен кеңешпеди. Ошондуктан, «Баян» гезити маалымдагандай, ушул жылы 8-августта Кытай тышкы иштеринин маалымат катчысы Хуа Чуньин Нью-Делинин токтомуна раддия катары мындай билдирүү берди: «Соңку убакта Индия чегара жөнүндөгү өзүнүн жергиликтүү мыйзамдарын Пекинге кайрылбастан өзгөртүү менен Кытайдын регионалдык саясатын бузууда, Кытай мындай аракетке макул болушу мүмкүн эмес». Токтомдо Ладах бүтүн аймак болуп, Кытай-Индия чегараларынын батыш бөлүгүн өз ичине алары баса белгиленген. Билдирүүдө: «Кытай Индия административдик вилаят деген шылтоо менен (Кытай жерлерин) кошуп алышына ар дайым каршылык билдирип келген», – делет.
  • Жогоруда айтылгандарды мындай тыянактайбыз:

а)   370-берененин бекер кылынышы, кийин Модинин кылган жана дагы эле кылып жаткан иштери Американын «жашыл чырагы» жана колдоп-кубаттоосу астында болууда. Америка «бул аннексия мусулмандарга Кашмирди унуттурат, эми Индия менен Пакистан өз ара проблемасыз мамлекеттерге айланат, себеби, экөөсү тең менин планым ылайык жүргөн режимдер» деп ойлоп жатат. Бирок, Кашмир Пакистан жана башка жерлердеги мусулмандардын жүрөгүнүн орун алганын жана алар Кашмирге башка басып алынган исламий өлкөлөр сыяктуу назарда карашын АКШ да, Индия да унуткан көрүнөт же унутумуш болуп жатышат.

б)   Пакистан режиминин Кашмир аннекциясына ыраазы болуп, сүкүт кылып жатканы Пакистан мусулмандары жана армиясы ыраазы болуп, сүкүт кылып жатышканын түшүндүрбөйт. Бул армиянын соккуларын Индия өтө жакшы билет, эки учагы атып түшүрүлгөн окуя да жакында эле болду. Имран режими Пакистан армиясына Кашмирди азат кылуу үчүн чабуулдарды уюштуруусуна жол бербей, аны коргонууда гана кармап, анын бул коргонуусу да чектелген учурда армия ушундай соккулар берди! Эгер, бул армия согушка сапарбар кылынса, эмне болушу мүмкүн. Демек, душман бул армияда өз кыйроосун көрүп-сезиши анык!

в)   Кытай Индиянын бул кадамын каралады. Кытай тышкы иштер министрлиги чыгарган билдирүүдө мындай делет: «Индиянын бул токтому бир тараптуу болуп, Кытайдын регионалдык суверенитетине терс таасир кылууда, эл аралык келишимдерди бузууда. Пекин Кашмир вилаятынын мыйзамдуу макамын өзгөртүү жөнүндөгү Индиянын бир тараптуу токтомуна ыраазы болбойт жана ал кабыл алгыс токтом деп билет». (Анадолу, 2019-жыл, 8-июнь). Т.а. Кытай Индиянын мындай кадамы региондогу Индия позициясын бекемдешин, аны Кытай менен атаандаша турган регионалдык мамлекетке айлантышын, бул болсо, Кытайдын регионалдык кубатына каршы багытталган АКШ планына ылайык болуп жатканын түшүнүүдө. Өзгөчө, Кашмир вилаятындагы Ладах Кытайга жакын Тибет тоолорунда жайгашкан, анын калкы аз (270000) болушуна карабастан, Кашмир проблемасы Кытай менен кеңеш өткөрүлбөстөн, Индия-Кытай чегараларындагы Ладах регионунда мына ушундай түрдө чечилиши Кытай сындоолоруна себеп болду. Эгер, Кытай өз кадамдарын бекемдеп, саясий аң-сезиминен туура пайдаланып, Ладах абалынан өз кызыкчылыгы үчүн пайдалана алса, АКШ пландарын кыйратышы анык, АКШ Ладахты өз күчтөрүнүн Кытайга каршы алдыңкы оперативдик базасына айлантууну пландап жатканда, АКШнын ушул планы америкалык күчтөр кайтып чыга албай турган даражада жарга кулашына алып келиши мүмкүн!

  • Ошентип, биздин мусибатыбыз мусулман өлкөлөрүндөгү акимдерде. Анткени, өз акы-укугубузду күч менен кайтарып алууга жана душманга унуткус сабак берүүгө потенциалдарыбыз жетиштүү, ашыгы менен бар! Бирок, Аллахтын, Расулунун жана момундардын саткыны болгон бул акимдер ааламдар Роббисинен көрө, бул колонизатор кафир кожоюндарына миң эсе көп сажда кылып жатышат… Армияларыбызга басып алынган Кашмирди душмандан азат кылуусуна жол бербей жатышат. Бул да жетпегендей, кор абалда БУУ жана Коопсуздук Кеңешинен болбогур нерселерди үмүт кылышууда…

Бирок, ушул мусибаттарга карабастан, Фалестин, Кашмир, рохинжалар жери болгон Бирма, Чыгыш Түркстан, Кавказ, Чеченстан жана анын айланалары, Крым, муаззин азаны жаңырган жана Ислам душмандары тарабынан басып алынган ар бир регион Аллахтын уруксаты менен, эртең мусулмандардын калканы болгон рошид Халифалыктын мужахид армиясынын колу менен кайра Ислам диярына айланат, бул региондордо Ислам байрагы желбирей баштайт. Кимде-ким бул дүйнөдөгү күч-кудуретти жана акыреттеги Фирдавс Аъланы кааласа, анда, калыстык, чынчылдык менен жеңди түрүп, ушул Халифалык үчүн аракет кылып жаткандарга кошулсун жана бул аракет анын канында, жүрөгүндө, денесинде аксын.

﴿إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ * لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Албетте мына ушул улуу бакыттын өзү. Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын!»                                                                                            [37:60-61]

                                                                                                             17-зул-хижжа, 1440-х.

                                                                                                                   18-август, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here