Түркиядагы уйгурлар депортацияланууда

572
0

Түркиядагы уйгурлар депортацияланууда

Учурда жүздөгөн уйгурлар Түркияда камакка алынган, алардын кырктайын депортациялоо маселеси турат. Түрк бийлиги дагы канча уйгурду бутага алары белгисиз. Бул тууралалуу «Financial Times» гезити жазды.

Маалыматка ылайык, уйгур мусулмандар Кытайга Тажикстан аркылуу депортациялана баштаган. Азыркы тапта Түркияда 30 миңдей шиңжаңдык уйгур жашайт.

Буга чейин түрк бийлиги Кытайдан 3,6 миллиард доллар карыз сураган. Бул карыздын 1 миллиард доллары июнь айында Түркияга жеткирилген. Көп өтпөй Кытай лидери Си Цзиньпин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Тажикстанда жолугушкан. Жолугушууда Си терроризмге каршы күрөштө эки өлкө кызматташууну күчөтүүсү керек экенин билдирген. Ал Түркияда эч бир күчтүн Кытайга каршы маанай жаратуусуна мүмкүнчүлүк бербегени үчүн Эрдоганга ыраазычылыгын кошумчалаган эле. Эрдоган өз кезегинде Түркия Кытай менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кытай 2009-жылдын июль окуясынан кийин уйгур мусулмандарын куугунтуктоону күчөткөн. Мындан улам, алар жан сактоо үчүн Түркия жана башка өлкөлөргө качып чыгышкан. Учурунда Түркия аларды кабыл алуу менен бирге Кытайга карата сын пикирлерин айткан эле. Бирок, бүгүнкү күнгө келип Эрдоган өз сөзүнөн кайтsg, боордош мусулмандарды бутпарас Кытай бийлигине тапшырып бере баштады. Буга кошумча, түрк бийлиги «мыйзамсыз миграцияга» каршы күрөшүү алкагында өлкө ичинде рейддерди өткөрүүдө. Ыйманын сактоо үчүн качып чыккан боордоштордо кайдагы “мыйзамдуу” документ болмок эле?

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here