Нур-Султанда “C5+1” форматындагы жолугушуу болуп өттү

343
0

Нур-Султанда “C5+1” форматындагы жолугушуу болуп өттү

2019-жылдын 21-августунда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында “Борбор Азия-АКШ” (“C5+1”) форматынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү.

 Жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков,Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Дэвид Хейл катышты.

Кабарда келишинче,жолугушууда көп тараптуу кызматташтыктын абалы жана аны өркүндөтүү о.э. экономикалык өнөктөштүктү колдоо, аймактык коопсуздук проблемаларын жөнгө салуу, Борбор Азияда жана кошуна Афганистанда тынчтыкты орнотуу маселелери боюнча пикир алмашуулар болгон.

О.э. биргеликтеги иш-аракеттер себептүү региондо жаңы ишеним чөйрөсү жаратылганы, мурда жакындашууга тоскоолдук кылып келген көптөгөн проблемалар чечилгени, соода-инвестициялык, транспорт-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык мамилелер, чек аралар жана аймактар аралык кызматташтык сыяктуу иштер активдешкени айтылды.

Комментарий: АКШнын “С5+1” форматын уюштуруудан көздөгөн максаты Борбор Азия өлкөлөрүн Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгуу жана ушул аркылуу бул региондогу экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга ээ болуу.Бул долбоор ишке ашса, АКШ бүтүндөй регионду Россиянын экономикалык таасиринен чыгара алат. Себеби, бул долбоор дүйнөгө бир гана Россия аркылуу чыгуучу жолдорго альтернатива болуп, Борбор Азияны Россия жана Кытайдын экономикалык колониясынан чыгарып жибериши мүмкүн. Башкача айтканда, бул долбоор АКШ үчүн экономикалык жана саясий пайда алып келиши мүмкүн болгон долбоор. Бирок, Россия да муну түшүнүп турат. Ал да ушул региондо көптөгөн долбоорлорун ишке ашырууда.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here