Жаш балдарды бузган демократия

534
0

Жаш балдарды бузган демократия

13-август күнү АКШда чыккан «The National Review» журналы «ЛГБТ уюмдарынын чектен чыгуусу» деген аталышта макала жарыялады. Макала: «… ЛГБТ уюмдары этикалык нормаларды кыйратып, билим системасын маскаралап, эч нерседен шектенбеген адамдардын турмушун бузуп жана жаш балдардын наристелигин тартып алып, эч бир ызы-чуусуз өзүлөрүнүн ишин улантууда», – деп башталат. Андан кийин бир нече мисалдар көрсөтүлгөн.

Бузуку ЛГБТ Батыш жашоосунда кадыресе көрүнүшкө айланган, алар спорт жаатына да кирип барганы жөнүндө макалада мындай делет: «Июлда оор атлетчи-трансгендер Самоада өткөн Тынч океаны оюндарында бир нече медалдарды жеңип алды. Жаңы Зеландиядан келген Лорел Хаббард үч категорияда 87 килограмм аялдар арасында эки алтын жана бир күмүш медалга ээ болду. Негизи, физикалык жактан алганда Хаббард эркек болуп эсептелет. Өткөн жылы Коннектикутта биологиялык жактан эркек саналган эки студент жеңил атлетика боюнча штаттын аялдар мелдешине катышышты. Алар 100 жана 200 метр аралыкта биринчи жана экинчи орундарды алышты. Батыш дүйнөсү ЛГБТ уюмунун талаптары астында ийилүүгө даяр турушкандыктан, эми өзүлөрүн аял сезген эркектерге аялдар менен мелдешүүгө уруксат берилди. Жана алар ар дайым жеңип чыгышууда».

Макалада ЛГБТ билим системасынын ичинде бекем орношуп, өз пикирлери менен жаш балдарды уулап, үгүттөп жатканы айтылат: «Иллинойс штатынын губернатору Прицкер жаңы мыйзамга кол койду, ага ылайык, мамлекеттик мектептерде ЛГБТ өкүлдүрүнүн салымы жөнүндө сабактар өтүлөт. Бул мыйзамда «мамлекеттик мектептерде тарых сабагында лесбийлердин, гейлердин, бисексуалдардын жана трансгендерлердин өлкөбүздүн жана штатыбыздын тарыхына кошкон салымы жана ролу үйрөтүлүшү керек» делет».

Бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан башталат, макалада «Associated Press» агенттигине шилтеме жасалып айтылат: «Калифорния штаты мамлекеттик мектептердин мугалимдери үчүн жыныстык тарбия жөнүндөгү колдонмого өзгөртүү киргизди, эми мугалимдер бала бакчаларда жаш балдарга жыныстык өзгөчөлүктөр жөнүндө талкуу өткөрөт». Алардын оюндагы жыныстык өзгөчөлүк – бул аял жана эркектен бөлөк гейлер, лесбийлер, трансгендерлер жана башкалар болот дегени. Алар ушундай бузукулукту бала бакчалардагы жаш балдарга үгүт кылышмакчы. Андан тышкары, макалада көрсөтүлгөндөй, АКШнын чоң шаарларындагы китепканаларда «трансвестит менен бир саат китеп окуу» деген нерсе пайда болду, башкача айтканда, трансвеститтер мектепке чейинки балдарга китеп окуп беришет.

Мен жогоруда, бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан башталат, деп жаңылыштым. Жок, бала төрөлгөн заматта башталат. Макалада мындай делет: «Нью-Йорк шаары Калифорния, Орегон жана Вашингтон штаттарына ээрчип, баланын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүккө жынысы көрсөтүлбөгөн графаны кошту». Демек, алар бала төрөлөбү, же кыз төрөлөбү, айырмасыз, аны бала же кыз деп карашпайт. Алардын оюнда бала чоңойгондо кыз болобу, же лесби болобу, же гей болобу… өзү чечип алат. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн бала бакчалардагы, мектептердеги, турмуштагы пропаганда турганда туура соо бала чыгары күмөн.

Батыштыктар ушундай бузукулукка абдан берилип, эми болсо келечек мууну да ушундай болушун каалашууда. А түгүл, бул бузукулукту мыйзамдар менен коргоп жатышат. Албетте, Батышта баары эле бул нерсени колдой беришпейт, алардын арасында да каршы чыккандары бар, алар аз эмес. Бирок, пропаганда машинеси алардын үндөрүн бастырып, аларды коомдун мокочосу катары көрсөтүп, шылдыңдап бузукулукка баш ийүүгө мажбурлап жатат.

Батышта өз баласын мындай бузукулуктан коргоого урунган ата-эне залим эсептелип, ага карата катаал мыйзам колдонулушу мүмкүн. «Февралда Канада соту ата-эненин жоопкерчилигине жана Канада үй-бүлөлүк укугуна таасир кылган токтом кабыл алды. Сот атасынын каршылыгына карабастан, жынысын өзгөртүүнү каалаган өспүрүмдү колдоду. Ошол эле учурда, атанын иш-аракети «үй-бүлөлүк зомбулук» деп тан алынды». («The Star», 12.03.19). Ошентип, бул өспүрүм – атасынын карышылыгына карабастан – өз жынысын өзгөртүү боюнча гормоналдык дарыланууну баштоо укугуна ээ болду. Соттун ушул токтомуна ылайык, эгер бала өзүн кыз сезсе, же кыз өзүн бала сезсе, ата-эне аны балам же кызым деп айтууга укугу жок, бул учурда алардын аракети «үй-бүлөлүк зомбулук» эсептелип, ата-энелик укугунан ажырап калышы да мүмкүн.

Турмуштун бардык тармагына эркиндик берген (тизгинди бош коё берген) демократия адамзаттын табиятына туура келбеген натыйжаларга алып келди. Анын акыбети кыйроо болору анык, муну Батыштагы адамдар өзүлөрү да сезип жатышат. Жогорудагы макалада мындай делет: «ЛГБТ уюмдары – коммунисттер жумушчуларга кам көргөндөй – лесбийлерге, гейлерге, бисексуалдарга жана трансгендерлерге кам көрүшөт. Бул уюмдар өзүлөрүнүн чыныгы максатына жетүү үчүн аларды далдаа катары колдонушат, алардын чыныгы максаты – биздин дүйнөкарашыбызды кыйратуу».

Биз, мусулмандар, демократия десе шайлоону гана элестетип калдык. Жок, андай эмес. Бул өзүнүн бузукулук иримине тарткан дүйнөкараш. Демократия шайлоо менен гана чектелбейт, ал турмушубузга, үй-бүлөбүзгө, адеп-ахлагыбызга, экономикабызга, бийлигибизге… бардык нерсебизге аралашат (бузат). Инсан өзүнүн кемчиликтүү акылы менен турмушту толук камтуучу жана бакыт алып келчү түзүмдү түзүүгө жараксыз. Андыктан, демократиянын ар кандай көрүнүшүнө каршы туруп, өз Исламыбызды бекем кармообуз керек. Мына ушул нерсе бир гана мусулмандарды эмес, бүткүл адамзатты куткарат.

Аллах Таала Мүлк сүрөсүнүн он төртүнчү аятында айтат:

﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾

«Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана Кабардар».

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here