Муслима апабыз Холдарова Камилахандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу таъзия билдиребиз

403
0

БАСМА СӨЗ БАЯНАТЫ

Муслима апабыз Холдарова Камилахандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу таъзия билдиребиз

Камилахан энебиз 80 жаш курагында, ыйман келтирип, жакшы амалдар кылган абалында, Хизб сабында туруп, ахирет турагына сапар алды. Аллахым бул пендесине жаннаттан жай берген болсун.

Муслима апабыз Холдарова Камилахан 1939-жылы жарык дүйнөгө келген. Апабыз өмүр жолунда 10 баланы динибизге ылайык тарбия берип өстүрдү. Акыйкат жолдо алдыңкы сапта аракет алып барган перзенттердин энеси болду. Энебиз адамдарга акыйкатты жеткирүүдө энелерге гана үлгү болуп калбастан, эр азаматтарыбыздын да ар-намысына таасир этүүчү болду. Анткени, энекебиз 2001-жылы, 62 жаш курагында исламий саясий Хизб-ут-Тахрир жамаатына мүчө болду. (Мунун каршысында, буура булчуңдуу жигиттерибиз баштарын катып кантип олтурушу мүмкүн?..)

Албетте, бул тикендүү жолдо апабыз ар кыл сыноолорго туш болду. Аллахтын изни менен, энебиз аларды сабыр жана кайраттуулукта жеңип өттү. Мүмкүнчүлүгүбүзгө ылайык, алардын айрымдарын гана айтып өтө алабыз.

Аллахтын сыноосу менен, энебиздин үч баласы бир учурда залимдер зынданына түшүп калат. Мына ошондо сабырдуу энебиз тоодой салабаты менен уулдарына кайрат айтып чыгат: “Акыйкат жолдо бекем тургула, артка кайтчу болбогула!” Уулдарынын эскеришинче, энебиз өмүрүнүн акыркы күндөрүндө да төмөнкү сөздөрдү көп насиха кылган: “Бекем болгула, Аллахтын нусраты жакын. Инша Аллах, аны силер көрөсүңөр…”

Аамийн, аамийн, энекебай, дубаңыз кабыл болсун, Аллахым сизди рахматына алсын, бизди нусраты менен сыйласын.

Аллахтын дагы бир сыноосу менен, энебиздин жаназасы – анын уулу Махмуд Абдулмумин – Украинада кармалып турган күндөргө туш келди. Ушул баарыбызды кайгыга салган күнгө байланыштуу, биз Махмуд бурадарыбызга жана апабыздын бардык жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллахым апабызды Өз рахматына алсын, сиздерге чырайлуу сабыр берсин. Аза сөзүбүздүн акырында кайгы бөлүшүүчү сөздөрдүн эң жакшысын айтып калабыз:

إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

– “Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”.  (2:156)

Хизб ут Тахрир – Кыргызстан

18.08.2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here