“Кыргызстан сулуусу-2019” конкурсунун финалына чыккан кыздардын сүрөттөрү жарыяланды

939
0

“Кыргызстан сулуусу-2019” конкурсунун финалына чыккан кыздардын сүрөттөрү жарыяланды

Sputnik.сайтынын кабарына таянсак, 26-августта Бишкек шаарында “Кыргызстан сулуусу – 2019” конкурсунун финалы өтөт. Аталган конкурсту жыл сайын уюштуруп келген Рыскүл Намазбекованын айтышынча, анда өлкөнүн сулуу бийкечи 31 конкурсанттын арасынан тандалат.

Катышуучулардын эң улуусу 30 жашта, эң кичүүсү 16 жашта.

Жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болуп, эл аралык сулуулук сынактарга жолдомо алышат.

Баш байге — автоунаа. Ал эми байгелүү орундарга илингендерге Түркия менен БАЭге путёвкалар, акчалай каражат жана баалуу белектер ыйгарылат.

Комментарий:

Дагы кайрадан ушул тема. Башкача айтканда, дагы кайрадан ар-намыс темасы.  Илгери энелерибиз, мейли исламий билимден толук кабардар болушпаса да абийирин сактап келишкен.  Конкурстун катышуучуларынан Жаратуучу жөнүндө сурасаңыз, шек-күмөнсүз “Кудай бар “деп айтышат. Бирок, тилинде айтканы менен жүрөгүнө жетип барбаганы өкүнүчтүү. Ислам түзүмү башка түзүмдөрдөн айырмалуу түрдө, адамдын табиятына туура келет.  Ушундай болгон соң эмне үчүн кыздарыбызды миңдеген намахрамдар астына чыгарып, дагы аларга байгелерди ыйгарып жеңүүчү кылып жатабыз? Ал тургай, кайры исламий түшүнүктөр менен жашап жаткан эркектер табиятынан келип чыгып аялын же кызын чоочун эркектерден кызганат. Бүгүнкү күндө муслима кызды коргоо жана анын түшүнүгүн өзгөртүп, туура жашоо таризине кайтаруу биздин милдетибиз эмеспи? Же ар-намысыбыз калбадыбы? Алар алгач өз өлкөбүздө, андан соң дүйнө жүзүнө авраттарын көрсөтүшөт го, кантип эле ошол кайрыдинчелик кызганбайбыз? Бардык тармакты тартипке салуучу бир Шаръий системага муктажбыз. А бирок, ошол күнгө чейин,  ар-намысыбызды сатып, сүкүт сактап күн көрүшүбүз керекпи?! Же мамлекет тикеленгенче жашоого кепилдик берилдиби? Бүгүн кошунаңыздын кызы конкурска катышса, эртең сиздин кызыңыз же небереңиз авратын ачышы мүмкүн. 18 жашка чейин никеге турууга чек коюп, кыздардын арамдан боюнда болушуна себеп болгон түзүм, табигый түрдө куфр идеологиясын  дал ушул кыздарыбыз аркылуу коомго алып кирет . Канчалык аракет кылсаңыз деле Аллах насип кылган ырыскыны аласыз. Демек ырыскы, өмүр боюнча акыйдаңыз чечилген болсо, Кыяматта суралуучу пенделик милдеттериңизге олуттуураак мамиледе болуңуз. Ыйманыңызды жана ар-намысыңызды бир автоунаага алмаштырып жибербеңиз.

Мунаввара Азиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here