Жаңылыктар

Дөөлөнбаева: Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт

Дөөлөнбаева: Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт

Екатеринбургдагы “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун мүчөсү Гүлшан Дөөлөнбаева миграциядагы аялдардын маселеси тууралуу сөз кылды.

Белгилей кетсек, 2-августта Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Форумга дүйнө өлкөлөрүндө иш алып барган кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү келген.

Дөөлөнбаева  Sputnik Кыргызстан  радиосуна берген маегинде иш-чарада ар түрдүү маселелер, анын ичинде,  миграциянын олуттуу көйгөйлөрү жөнүндө сөз болгондугун билдирген.

Ал: “Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт. Алардын арасында кош бойлуулар, көп балалуулар, өспүрүм кыздар, жалгыз бой аялдар бар. Миграциядан улам алардын ден соолугу жабыркап жатат, ажырашуулар көбөйдү, ВИЧ, кургак учук сыяктуу ооруларды жуктуруп алгандар арбыды”, – деген.

О.э. л Россияда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендиктен, үй-бүлөсү же жумушундагы жетекчиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылып, ооруканага кайрылган кыргызстандык кыз-келиндерди күнүгө кезиктире турганын кошумчалаган.

Комментарий:

“Адилеттүү башкаруу менен өкүм жүргүзгөн Халифалык мамлекети көбүрөөк кимге керек? Халифалыкка кайсы жыныстагылар көбүрөөк муктаж”, – деген суроо болсо, мен “Халифалык мамлекети баарынан да алсыз аялдарга керек”, – деген жоопту бермекмин. Себеби , куфрдан эркектерге караганда көбүрөөк кыз-келиндер жана жаш балдар жабыр тартууда. Алсыз табиятына карабастан турмуш машакатын, үй-бүлөнү камсыздоо жүгүн мойнуна алган байкуш аял, адилеттүү казыга, адилеттүү системага, коргоого аябай муктаж.

Куфр тамыр жая баштагандан бери, Аллахтын душмандары өзүнүн бузук идеологиясы менен алгач аялдардан пайдаланды. Аял киши өзүнүн акы-укугунан ажырап, коомдогу эң төмөнкү затка айланды.

Аялдардын бир бөлүгү гендердик саясаттын курмандыгы болуп, эркектер менен бир катарда иштөөгө мажбурланышты. Калган бөлүгү болсо, адамдардын көңүл ачуучу буюмуна айланышты.  Башкача айтканда, рекламалык роликтеги негизги нерсе аял киши болуп калды, ал тургай үй буюмдары жана курулуш жабдыктарынын рекламасын да аялдардын сүрөтүсүз элестетүү мүмкүн болбой калды. Бүгүнкү күндө аял киши сатып алынуучу товардан да төмөн даражага түшүп калды. Ал эми миграция маселесине келсек, бул нерсе талашсыз, үммөттүн эң бир жаралуу жери болуп эсептелет.

Баягы жылы Россиядагы  басмаканадагы өрттүн натыйжасында кыргызстандык 15 кыз-келин өмүрү менен кош айтышты. Бийлик болгону бир жолу көңүл айтып коюу менен чектелди. Ал кырсыкта турмушка чыга элек жаш кыздар арзуу тилектерине жетпестен жашоодон өтүп кетишти . Элди ар түрдүү убадалар менен алдап шайланган депутаттардын көзүн алда качан эле май басып калган. Алар элдин баары өздөрү сыяктуу токчулукта жашайт деп ойлошот. Аларды акча табуу үчүн чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон кыз-келиндердин абалы кызыктырбайт. Эгерде ошол депутаттардан коомдук транспорттун жол кире акысы канча экендигин сурасаңыз айтып бере алышпайт. Алар жарандардын кайгысы, аялдар проблемасы деген нерселерге баш катырып отурмак беле. Себеби, бул маселелер аларга оордук кылат!

Аэрпорт, вокзалдарга барсаңыз жолоочулардын көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар экендигин көрөсүз. Бул аянычтуу абал – мейли жогорудагы сыяктуу активист адамдар жүз жолу көтөрүп чыкса да – качан гана система өзгөрмөйүнчө жана ар бир адам өз макамына кайтып келмейинче улана берет. Адамзатты караңгылыктан, адашуудан жана кордуктан Шаръий чечимдер гана куткара алат.

Мунаввара  Азиз


turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…

9 hours ago

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

1 day ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

1 day ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

1 day ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

1 day ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

1 day ago