БУУ эки козголоңдун ортосунда эмне үчүн эки жүздүүлүк кылды?!
Устаз Рамзий Ражих – Яман
Мусулман өлкөлөрүндөгү же Батыш мамлекеттериндеги маалымат каражаттарынан жарыяланып жаткан саясий кабарларды күзөткөн киши БУУ 2011-жылы башталган «араб жазы» козголоңун талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жана конференцияларды өткөрүп жатканына күбө болот. О.э. бул сүйлөшүүлөрдө жана конференцияларда токтомдор чыгарылып, Сирия, Яман, Ливия, Судан жана Батыш Жээктеги абалга карата өкүл артынан өкүл дайындалып жатканы кабарланууда.
Бирок, БУУ Франциядагы «сары кемселчендердин» козголоңун талкуулоо үчүн сүйлөшүү же бирер коференция уюштурганы туурасында, же болбосо ал жердеги туруксуз абалды чечүү үчүн БУУ тарабынан атайын өкүл дайындалганы жөнүндө кабар укпайбыз!
Окурманга ачык-айкын болушу үчүн мисал келтиребиз:
Судан козголоңу башталгандан болгону бир-эки күн өтүп эле БУУ аралашты. БУУга мүчө болгон мамлекеттер экиге бөлүнүп, бир тарапта козголоңду колдоп-кубаттоочулар, экинчи тарапта Судандагы Аскерий кеңеш менен тил бириктиргендер аракет кылышты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн көз караштары алардын кызыкчылыктарына карап айырмаланат. Мисалы, Судан Аскерий Кеңеши Америкага достугун билдирип, малайлык кылып жатат, Америка Судандагы козголоң туруксуздук алып келет жана коопсуздукту бузат деп айтууда. Британия болсо, тышынан караганда Американы ээрчигендей болуп көрүнөт, бирок, ага каршы тузак коёт жана парда артында туруп Ямандагы малайларын Америка малайларына каршы аракеттендирет. Британиянын максаты чоң эмес, ал түлкүнүн насибин алмакчы т.а. арстандын олжосунан калганын алмакчы. Ал Судан козголоңунда «элдин каалоосун жана өзгөрүү үчүн өз тагдырын өзү белгилөөнү» каалайт. Британия мүмкүнчүлүк табары менен, Судандагы малайларын бийликтен бирер кызматка же үлүшкө ээ кылуу үмүтүндө эркиндиктер, жарандык мамлекет… деген пикирлерди жана айла-амалдуу ураандарды чүмбөт кылып алып өз кызыкчылыктарын ишке ашырат. Негизи, бул пикирлер бүткүл адамзаттын жашоосун тозокко айланткан капитализм болот.
Ошентип, кызыкчылыктар туурасында көз караштардын айырмачылыгына ылайык, мусулман өлкөлөрү үстүндө күрөшүп жаткан мамлекеттер ортосунда дипломатиялык билдирүүлөр айтылып, ашкере-жашыруун маалымат каражаттарынын фитналары башталат. Капиталисттик кызыкчылыктардын максаты үчүн конферениялар уюштурулат, мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан абалга байланыштуу жыйындар өткөрүлөт. Ушул күрөш алып барган мамлекеттердин колдоосунда өкүлдөр артынан өкүлдөр дайындалып, саммит артынан саммиттер өткөрүлөт, бул жыйындарга мусулман өлкөлөрүнөн жалган күбөлөр, арамза жуундукорлор өкүлдөр катышат жана күрөшүп жаткан ири мамлекеттердеги кожоюндарынын буйруктарын аткарышат.
Бирок, ал жыйындарга өзүбүздүн диндеш перзенттерибиздин арасында баёо кишилер катышып жатат. Ушул каргаша көрүнүштөгү эң кайгылуу жана өкүнүчтүү нерсе да мына ушул. Себеби, алар тигил эл аралык өкүлдөрдүн жетекчилигинде уюштурулган конференциялардан жакшылык үмүт кылып жатышат!
Алар Ислам Умматы перзенттери ачыктап жаткан саясий кабарларды түшүнүп, Францияда болгон козголоңго көз чаптырса кана?! Карагыла:
БУУга мүчө бирер мамлекет Франциянын ички ишине, анын мамлекет жана калк катары эгемендигине аралаштыбы?!
БУУ Франциядагы абалды талкуулоо жана ал жерге эл аралык өкүлдөрдү жөнөтүү үчүн бирер жыйын өткөрдүбү?!
Таптакыр, жок.
Аллах Таала айтат:
﴿قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاء مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الآيَاتِ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ﴾
«Алар (силерди) жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак» [3:118]
Эй мусулман өлкөлөрүндөгү саясатчылар!
Улуу Ислам кудурети намысыңарды ойготуунун жана бүткүл аалам Роббисинин эң жакшы элчиси болгон Мухаммад A алып келген чечим турмуштук проблемаларыңардын чечими экенин түшүнүүнүн убагы келбедиби?! Абал татаалдашып, акимдер зомбулук жана залимдик кылышканда, мындай проблемалардын чечимин өз диниңерден алышыңар керек эмес беле?!
«عَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ مِنْ بَعْدِي…»
«Силер менин жолумду жана менден кийинки рошид халифалар жолун бекем кармагыла»! Бул болсо, Аллахтын уруксаты менен, жакында тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Ислам менен өкүм жүргүзүлмөйүнчө таптакыр ишке ашпайт. Хузайфа ибн Яман Ахмад иштеп чыккан ушул сахих хадисте Расулуллах Aдын:
«…ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», дегенин риваят кылган.
Эй мусулмандар!
Эгер, силер Расулуллахты ээрчисеңер, анын жолун жолдосоңор, силерден өткөн жакшы саясатчылар болбойт. Демек, БУУ Коопсуздук Кеңешинде кафирлердин ойной турган куурчактары болбогула.
Ата-бабаларыбыз саясат жүргүзүп Кайсар, Кисролорду сансыз мүлктөрү менен кошуп талкалашкан. Анткени, алар өз душмандарын таанышкан, таанып алардан ырайым күтүшкөн жок, кандай абалда калышпасын, алардан жардам сурашпады.
Муну качан түшүнөсүңөр?! Адамзат тарыхында эң улуу китеп деп моюнга алынган Куръани Карим менен өкүм жүргүзүп, андан өкүм сурасаңар, Америка сыяктуу кафир мамлекеттер дүйнөнүн ары бетинде туруп алып, силерге текебердик кылууга, өзүнүн ыплас кайрыилахий түзүмдөрүн зордоп тыгыштырууга батына алар беле?!
Халифалык мамлекетиңерди кулаткан кимселерден өкүм сурай турган даражада эс-тутумуңарды жоготтуңарбы, деги, Халифалык Роббиңердин фарзы, Расулуңардын башараты, күч-кудуретиңердин булагы го?!
Хизб-ут-Тахрир силерге ушунча жылдардан бери ыйман чакырыгын жолдоп келүүдө, ага кулак салгыла жана эмне деп жатканын түшүнүп жеткиле. Нух Kдын сөздөрүн укпоо үчүн кулактарын жаап алган, аны көрбөө үчүн көздөрүн жумган коомго окшобогула. Ырас, бул даъват акыйкат болгон соң, акыйкаттан башка ээрчүүгө ылайык нерсе жок. Айткылачы, Халифалык мамлекетинин жана Ислам түзүмүнөн башка дагы кандай «акыйкатты» каалап жатасыңар?!
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла» [8:24]
Аллахым, бизди, даъват ээлерин, ачык-айкын кылып жеткирүүбүздү насиб кылгының, Аллахым, Өзүң күбө бол.
Роя гезити