Бахрейн конференциясы жана «кылым келишими»

477
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Бахрейн конференциясы жана «кылым келишими»

Суроо:

Кушнер жетекчилгиндеги Бахрейн экономикалык конференциясы бүгүн  аягына чыкты. Манамада өткөн бул конференциянын ачылыш сөзүндө Кушнер мындай деди: «Бахрейн семинары кылым келишими эле эмес, ал кылым мүмкүнчүлүгү». («Спутник арабий», 25.06.19). Ушул конференция «кылым келишиминин» бир бөлүгүбү? Же, Кушнер айткандай, ал өзүнчө долбоор болуп саналабы? Соңунда эмнеге келишимде эмнелер камтылганы жөнүндө ачыкталган жок? Же мунун айланасында жылжып кирүүлөр барбы? Анын ийгиликке ашып кетишине канчалык мүмкүнчүлүгү бар? Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Жооб түшүнүктүү болушу үчүн төмөнкү нерселерге назар салып чыгуу зарыл.

Биринчиден, Бахрейн конференциясы:

  1. «Кечээ кечинде Ак үй кийинки айдын акырында Бахрейндин  борбор калаасы Манамада эконимикалык «семинар» уюштуруларын жана анын алкагында Трамптын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык планы негизиндеги экономикалык бөлүгү жарыяланарын билдирди». («Жакынкы Чыгыш» сайты, 20.05.19).
  2. «2019-жылы 22-июнда, Бахрейн семинарынан мурда  Кушнер тынчтык планынындагы экономикалык бөлүктүн майда баратын ачыктады: Трапмтын тынчтык планы Фалестиндин жана кошуна араб мамлекеттеринин экономикасын өстүрүү үчүн суммасы 50 миллиард долларды түзө турган инвестициялык фонду түзүүнү камтый тургандыгын жана суммасы 5 миллиард долларга барабар болгон Батыш Жээк менен Газа тилкесин байланыштырган транспортук өткөөлдү курууну камтыгандыгын билдирди». («Франция 24», 24.06.19).
  3. «2019-жылы 25-июнда Вашингтон жана Манама тарабынан «Фалестин жеринде инвестиция көлөмүн өстүрүү максатында өнүгүү үчүн тынчык» аталышындагы чакырык ташталып жаткан Бахрейн конференциясы болуп өттү». («Би Би Си арабий», 25.06.19).
  4. «Трамптын  күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер Манамада «Бахрейн семинарынын» ачылышын жасады. Бул семинар Фалестинди өнүктүрүүгө арналган экономикалык форум болду. Кушнер Батыш Жээк жана Газа тилкесин экономикалык жактан өнүктүрүүгө арналган Америка планынын кээ бир 50 миллиард долларга барабар болгон майда баратын ачыктады. Мунун негизинде Фалестиндин ички дүң продукциясы эки эсеге өсүшүнө жана жумуш орундарынын пайда болуу мүмкүнчүлүгүнүн артышына ишаара кылды». («RT», 25.06.19).
  5. «Трамптын кеңешчиси Жаред Кушнер мындай деди: «Вашингтон саясий чечим даяр болгондо, аны жарыялайт». Кушнер дагы кошумчалап: «Бахрейн конференциясы Жакынкы Чыгыштагы көйгөйдү экономикалык жактан чечүү мүмкүн экендигин көргөздү», – деди. Ал бул билдирүүсүн  Бахрейндин борбор калаасы Манамада болуп өткөн Бахрейн семинары аяктаган соң эле берди». («Ал-Алам TV» сайты, 26.06.19).
  6. «Конференциянын жыйынтоочу баянатында: «өнүгүү үчүн тынчтык» аталышындагы семинардын катышуучулары Фалестин экономикасын көтөрүү үчүн инвестиция тартууну күчөтүүгө чакырышты. Баяндаманын корутундусунда семинар «Фалестин элинин кызыкчылыгын көздөгөн экономиканы өнүктүрүү үчүн ири көлөмдөгү инвестиция тартуу оптимизмин  жаратуу менен аятагандыгы белгиленди. Ошондой эле, семинардын аягындагы талкуулар Фалестин элинин кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык өнүгүүнү жолго салуу мүмкүнчүлүктөрүн жаратууга токтолгондугу да белгиленди. Ошону менен бирге, талкуулардын жыйынтыгы аялдардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жумушсуздуктун жогору арымына кабылып жаткан жаштар менен маанилүү, натыйжалуу байланыштарды калыбына келтирүү аркылуу жумушчу күчүн өнүктүрүүгө токтолду. Кушнер сунуштап жаткан экономикалык пландын негизинде Фалестин жерине суммасы 28 миллиард долларлык инвестиция тартуу жана мындан башка да Фалестин качкындарын кабыл алып жаткан Иордания, Мисир, Ливанга да жалпы суммасы 22 миллиард долларлык инвестиция тартуу каралган». («Анадолу» агентиги, 27.06.19).

Мына ушундайча бул конференция «кылым келишимин» жарыяланган учурдан ары улантуу шартын жаратуу максатында өткөрүлдү. Башкача айтканда, бул аймактагы араб жана араб эмес жетекчилер Трамптын келишими аркылуу өз өлкөлөрүнө кыянаттык кылуулары үчүн Трапмтын ыкмасындагы пара алуулары болуп саналат…. алар акыл жүргүзүшөбү?

Экинчиден, «кылым келишими» жана андан жылжып чыккан нерселер:

  1. Америка 1959-жылы Эйзенхауэр эки мамлекет долбоорун кабыл алгандан бери бул долбоорду ишке ашырууга бел байлаган. Абду Насыр мунун ишке ашырууга аракет кылды. Америка 1964-жылы ал аркылуу Ахмад Шакиирий башында турган Фалестин азаттык кыймылын түздү. Кийин 1967-жылдагы жеңилүүдөн кийин Шакиирий бул уюмдун жетекчилигинен кетти. 1968-жылы Британия өз малайы падыша Хусейндин, Булуң мамлекеттеринин колдоосу менен, жана Британия долбоору катары саналган Фалестин илманий мамлекетин куруу долбооруна чакырык салган, Ясир Арафатты Фалестин азаттык уюмунун жетекчилигине алып келүү менен өз долбоорун алга сүрөй баштады. Британия бул малайлары аркылуу 1965-жылы Фатх уюмун негиздеген. Бирок, Америка малайлары Мисирдеги Анвар Саадат, Сириядагы Хафиз Асаддын кысымы астында Британия долбоорун ишке ашыруудан баш тартты жана Америка долбоорун ишке ашырууну тандап алды. Ошондуктан, 1974-жылы бул уюм жалпы араб мамлекеттери тарабынан Фалестин элинин жападан жалгыз мыйзамдуу өкүлү катары тан алынды, ошондой эле, БУУ тарабынан да кабыл алынды жана ага өз өкүлүн киргизди. 1988-жылы Арафат расмий түрдө Фалестиндин 80% жерин басып алгандыгы менен биргеликте яхудий вужудун тан алды. Арафат бул тан алуусун Фалестин мамлекеттүүлүгүн жарыялап айткан билдирүүдө: «Фалестин жеринде эки эл үчүн эки мамлекет» деген сөзү менен билдирди. Ал 1993-жылы Ослодо келишимге кол койду жана Фалестин азаттык кыймылынын жетекчилиги астында Фалестин бийлигин түзүүнү, ошондой эле 1999-жылдын кирип келиши менен Фалестин мамлекетин тикелөө долбоорун жарыя кылды. Бирок, ошону менен биргеликте Америка бул долбоорун Клинтондун учурунда узак убакыт ишке ашыра алган жок. Кичүү Буш бийликке келгенден кийин 2002-жылы Араб лигасы Саудия демилеси аталышындагы Америка долбоорун ишке ашырууну тандады. Ал долбоордо, эгер яхудий вужуду өз жанында Фалестин мамлекетинин болуусун кабыл алган учурда, араб мамлекеттери яхудий вужудун тан алуулары каралган. Мунун артынан Америка 2003-жылы жол картасы долбоорун ишке салды. Бул долбоордо 2005-жылдын кириши менен Фалестин мамлекетин тикелөө жана Жакынкы Чыгыш төрттүгүн түзүү каралган. Бирок, бул мамлекетти тикелөө ишке ашкан жок. Эки мамлекет чечимин ишке ашыруунун оор жүгү 2009-2013-жылдары Американын экс-мамбашы Обамага жүктөлдү. Бирок, ал аны ишке ашырууда ийгиликсиздике учурады. Мына ушундайча Америка мамбашылары Фалестинде эки мамлекет чечимин ишке ашырууга урунушту, бирок аракеттери ийгиликсиздик менен аяктады. Кийин Трамп бийликке келди. Америка Фалестинде эки мамлекет чечимин ишке ашыра албастыгына көзү жетти. Ошондуктан, анын орун алмаштырууну же ага оңдоп-түздөөлөрдү киргизүүнү ылайык көрдү. Конгресс 1995-жылы Куддусту Израилдин борбору катары тан алуу токтомун чыгарган. Бирок, бул токтомду ишке ашырууну Америка мамбашысына милдеттүү түрдө кылган эмес. Ал бул токтомду кайсы учурда ылайык көрсө, ошол учурдагы мамбашыга милдетендире тургандай кылып артка сүрүп келген.
  2. Трамп ант бергенден кийин ушул пландын негизинде жолун улады. Ал өз билдирүүсүндө «Израиль» менен Фалестин ортосундагы күрөштү аягына чыгарууда эки мамлекет чечими бирден бир жол эмес, эгер тынчтыкка жеткире турган башка орун басар тандоолор бар болсо, аны кабыл аларына ишаара кылып мындай деди: «Биз эки мамлекет чечимин  же «Израиль» менен Фалестин бир мамлекет чечимине кадыржам болушарын караштырып жатабыз. Алар кайсы чечимди артык көрүшсө, мен ага макулмун. Бизге эки чечим тең ылайык келет». («Ал-жазиира», 16.02.17). Кийин Трамп ишке ашырып жаткан пландын ишааралары биринин артынан бири ишкек салына баштады. Трамп Америка элчиканасын Тель-Авивден Куддуска көчүрдү. Трамп муну 2017-жылы сентябрь айында ишке ашырды, башкача айканда, Трамптын планы негизинде Куддус «Израилдин» бир бөлүгү катары саналышына макулдугун жарыя кылгандан кийин. Андан соң Трамп «Израиль» жана Фалестин ортосундагы күрөштү «акыркы келишим» же «кылым келишими» алкагында алга сүрүү тууралуу айтты. Андан кийин бардык иш   Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси, ошондой эле Жейсон Гринбалттын кеңешчиси Жаред Кушнердин колуна өттү. Кушнер Жакынкы Чыгыш жана «кылым келишимин» алга жылдыруу боюнча Америка мамбашынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелет. Кушнер 2019-жылы февралда Трамптын планына колдоо табуу үчүн көптөгөн  өлкөлөргө иш сапары менен барды. Саудиянын ханзаадасы Мухаммад бин Салман менен жолукту, ошондой эле, 2019-жылы 27-апрелде Анкарада Эрдоган менен жолукту, кийин Бириккен Араб Эмираты, Бахрейн жана Омандын жетекчилери менен жолугушту. Анын бул иш сапарындагы негизге аракет аймактагы өлкөлөрдүн жетекчилеринин колдоосун табууга каратылды. Трамптын администрациясы 2018-жылы сентябрь айында Нью-Йоркто өтчү БУУнун жалпы жыйынында планды сунуштай тургандыгын убада кылды. Бирок, планды сунуштоо 2019-жылдын башталышына жылдырылды. Анын артка жылдырылышы «Израилдеги» шайлоолор 2019-жылдын май айына жылдырылгандыгы себебтүү болгондугу менен түшүндүрүлдү. Кийин рамазан айы кирип келди…  Трамп планды рамазан айынан кийин 2019-жылы июнь айында жарыя кыла тургандыгын билдирди, азыр болсо, жарыя «Израилде» шайлоолор бүткөндөн кийин 2019-жылы ноябрь айына жылдырылды. Трамп  Нетаньяху биринчи жана экинчи турдагы шайлоо айлампаларында ийгиликке жетише албагандыгына «кыжаалат» болду. Ошондуктан, Трамп келишимин жарыя кылууну дагы артка жылдырды. «Трамп Британияга иш сапары менен чыгуу учурунда Ак үй алдында журналистерге берген маегинде: «Нетаньяху өткөн үчүнчү күнү берилген мөөнөттүн акыркы мөөнөтүнө чейин өкмөт түзө албагандан кийин, «Израилде» сентябрь айында кайрадан шайлоолор өткөрүлөрү күтүлүп жаткан «Израилдеги» абалга токтолуп мындай деди: «Бул башаламандык» Биби шайланды. Азыр болсо, алар сентябрь айында кайрадан жалпы шайлоолорду өткөрүүгө камданып жатышат. Бул күлкү келерлик. Биз буга кызыкдар эмеспиз». («Россия сегодня», 03.06.19).

Трамп планын ушундай көрүнүштө даярдады жана аны менен кубанып сүйүнүчүнө чек жок болуп жатат. Трамп  өзүнөн мурунку мамбашылар эки мамлекет чечимин ишке ашыра албай ийгиликсиздикке учурагандыктарын «кылым келишими» аркылуу ишке ашырып ийгилик жарата алам деп ойлоду… Аллахтын жардамы менен, Трамптын бул иши да эки мамлекет чечими сыяктуу ийгиликсиздикке учурайт.

Үчүнчүдөн, келишимде камтылган нерселер ачык-айкын болбошу жана андан жылжып чыккан нерселер:

  1. Фалестин мусулмандардын жүрөктөрүндө жана акылдарында маанилүү роль ойнорун Трамп унутуп же ага унутуруп жатышат. Мусулмандар Трамптын бул келишимин эч качан кабыл алышпайт, тескерисинче аны четке кагышат. Ошого карабастан, Трамп эконмикалык долбоору аркылуу, ит жеминдей миллиарддары менен Фалестин элин азгырып өз планына макул кыла алам деп ойлоп жатат. Ошондуктан, ал планынын майда баратын ачыктаган жок жана Фалестин эли Трамптын келишимин кабыл алуулары үчүн абал жаратуу максатында Бахрейн конференциясын жолго салды!
  2. «Кылым келишиминен» жылжып чыккан нерселер. Ооба, бул жерде жылжып чыккан нерселер орун алды. Көрүнүп тургандай, бул жылжып чыгуулар максаттуу болгондугу жана «кылым келишимин» даярдоого жакындата турган нерселер экени көрүнүп турат. Бул жылжып чыккан нерселердин көпчүлүгүн «Израил Хайом» гезити 2019-жылы 27-майда жарыялады. Бул гезит Трамптын шайлоо кампаниясын күчтүү колдоого алган жана Нетаньяхуга жакын санаалаш катар эсептелген Шелдону Адельсонго таандык. Бул жылжып чыгуулар:
  3. Келишим. Келишим үч тараптуу ишке ашат: «Израил» – Азаттык уюму, Хамас жана Батыш Жээк, Газа тилкесинде «Израиль» жарандары мекен кылып албаган жерлерде жаңы пайда боло турган жаңы Фалестин мамлекети ортосунда түзүлөт.
  4.   Жерлерди бошоттуу. «Израиль» тарабынан отурукташтырып алынган жерлер кандай болсо, ошондой калат жана бул отурукташуулар кеңейтилип бири-бири менен байланыштырылып «Израиль» колунда калат.
  5. Кудус. Кудус бөлүнбөйт. Ал «Израиль» жана Фалестин ортосунда шериктеш пайдаланылат. Андагы араб жашоочулар жаңы Фалестин аймагына көчүрүлөт. Яхудийлер көчүрүлбөйт. «Израиль» муниципалитети  жаңы Фалестин билим берүүсүн кошпогондо Куддустун бардык аймагын өз ичине алып, анын жоопкерчилигин өзүнө алат. Жаңы Фалестин (Кудустагы имараттарды, жерлерди, сууларды пайдаландыгы үчүн) «Израиль» муниципалитетине салык төлөйт.
  6. Газа. Мисир жаңы Фалестин үчүн фалестиндиктердин жашап калуусуна уруксат бербестен аэропорт, соода сатыктарын жүргүзүүлөрү үчүн ишканаларды курууга жерлерди берет.
  7. Аскер. Жаңы Фалестиндин өз армиясы болуусуна уруксат берилбейт. Курал-жарак бир гана коопсуздук кызматкерлерине берилет. Хамас бардык куралдарын тапшырат жана Хамастын ичиндеги жеке адамдар да куралдарын Мисирге өткөрүп берет. Хамастын адамдары мунун акысына араб мамлекеттеринен маяна алып турушат. Келишимден бир жыл өтүп Фалестин өкмөтүн түзүү үчүн шайлоолор өткөрүлөт. Шайлоолордон бир жылдан кийин бардык камактагылар үч жыл аралыгында акырындык менен чыгарылат.
  8. Беш жыл ичинде жаңы Фалестин үчүн деңиз портору жана аэропорттор курулат, ага чейин фалестиндиктер «Израилдин» портторун жана аэропортторун пайдаланат. Фалестин жана «Израиль» чек аралары достук мамлекеттери болуу үчүн ачык калтырылат… Батыш Жээкти жана Газаны бириктире турган бийиктиги 30 метрлик асма көпүрө курулат. Бул көпүрөнүн чыгымын 50% Кытай 10% Жапония, 10% Түштүк Кореа, 10% Австралия, 10% Канада, 10% Европа жана Америка көтөрөт. Иордания өрөөнү «Израилдин» колунда калат, ошондой эле бүгүнкү күндөгүдөй 90 жолу төрт тараптуу жолго айландырылат жана анын бир тарабын «Израиль» көзөмөлдөйт. Калган Иордания менен Фалестинди байланыштырган эки бөлүгүнө фалестиндиктер ээлик кылат…
    1. Бул жылжып чыккан маалыматтар бейрасмий болгондугуна карабастан, алар Трамптын шайлоо кампаниясын күчтүү колдоого алган жана Нетаньяхуга жакын санаалаш катар эсептелген Шелдону Адельсонго таандык гезит аркылуу кабарланды. Ушулардан көрүнүп тургандай, келишимден жылжып чыккан бул нерселер Трамптын «ой толгоосун» чагылдырып турат. Мубарак жерге мындай деңгээлде кыянаттык кылууну  кабыл алуу, кыянатчыл араб жана араб эмес мусулман акимдерине  ордук кылуусу ачык көрүнүп турат. Алар эки мамлекет чечимин кабыл алышат, ал дагы кыянаттык. Анткени, бардык Фалестин жери  исламий жер болуп саналат. Анын бир сөөм жери кемитилбестен өз ээлерине кайтарылып берилүүсү важиб. Эгер, мунун тескериси орун алса, анда ал кыянаттык болуп эсептелет. Фалестин жеринин басымдуу бөлүгү басып алынгандан кийин кандай эки мамлекет чечими болушу мүмкүн? Бирок, араб жана араб эмес мусулман акимдери бул чечимди кабыл алышып, бул кабыл алууларын, өздөрүнө уят катары саналып турса да Фалестиндин мамлекетче сөлөкөтү сакталып калышы менен өздөрүнүн кадамдарын акташат. Ал эми, Трамптын келишими аларга эч нерсе калтырбады. Трамптын кеңешчиси Кушнер мындай деди: «Кылым келишими эки мамлекет чечимин камтыбайт, ошондой эле Кудус түбөлүк «Израилдин» борбору болуп калат». («Би Би Си», 02.05.19). Ал тургай 12% эле калган Батыш Жээктин жерлери «Израиль» күч түзүмү астында калып, ал жерлерге яхудийлерди «отурукташтыруу» иштери уланууда.

Төртүнчүдөн, Трамптын келишими ийгилик табышы же таба албашынын чеги… ал тургай, аны көтөрүп чыгып жатканы, Трамптын ийгиликке жете албашы да күтүлгөн нерсе… «Трамп өзү да Америка ТИМи Майк Помпео Американын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы ийгиликсиз болот деп айтканда чындык бардай деп айтты.   «Вашингтон пост» Помпеонун Нью-Йоркто яхудий жетечилери менен жарыя кылынуусу көп жолу артка сүрүлүп жаткан Америка планы тууралуу сүйлөп жатып «келишим алга жыла албайт» деген цитатасын келтирди». («Израиль Таймз», 03.06.19).

Трамптын акылсыздыгы Фалестин сатылбастыгын жана сатылып алынбастыгын түшүнбөй жаткандыгында. Ал – мусулмандардын биринчи кибласы. Анын мечити Исламдагы үчүнчү чоң мечит жана Пайгамбар Aдын асманга көтөрүлгөни жери. Аллахтын жардамы менен аны мусулман армиясы азат кылат. Ал жерде Ислам байрагы желбирейт.  Трамп бүгүнкү күнү ит жеминдей миллиарддарга өз напсилерин сатып Ислам жерлерине кыянаттык кылып жаткан рувайбиза акимдерди таап жаткан болсо, эртең яхудийлердин жана аларды колдоп-кубаттап жаткан колонизатор кафирлердин моюнуна кылыч чаба турган Халифалыктан башканы таппайт, ин шаа Аллах, андан соң крестүүлөрдөн Фалестинди азат кылгандай эле яхудийлерден жана аны колдоп-кубаттап жаткан колонизатор кафирлерден Фалестинны азат кылат. Эртеңдин таңы атышы абдан жакын. Бул иш  Аллахтын жардамы менен албетте ишке ашат. Абу Хурайра Gдан  айтты: Пайгамбар A айтты:

«لَا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يُقَاتِلَ الْمُسْلِمُونَ الْيَهُودَ فَيَقْتُلهُمْ الْمُسْلِمُون»

«Мусулмандар яхудийлер менен согушуп, аларды өлтүрмөйүнчө кыямат болбойт». (Муслим риваяты)..

﴿وَلَتَعْلَمُنَّ نَبَأَهُ بَعْدَ حِينٍ﴾

«Анын кабарын бир аз убакыттан кийин албетте билесиңер»                                 [38:88]

Хизбут-Тахрир амири                                                                              24шаввал, 1440-х.

Ата ибн Халил Абу Рушта                                                                           27июнь, 2019м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here