Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты сириялык качкындарга карата чабуулдарды каралайт

379
0

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты сириялык качкындарга карата чабуулдарды каралайт

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү басып чыгарып, Түркиянын бир нече шаарларында, негизинен, Истамбулда сириялык качкындарга каршы жасалган чабуул окуясын каралады. Билдирүүдө улутчул жана илманий саясатчылар берген билдирүүлөр өлгөндүн үстүнө көмгөндөй болгону, алар өз билдирүүлөрү менен фитна чыгарып, адамдардын кылмышына бардык сириялык качкындарды жоопкер кылышканы баса белгиленди. Билдирүүдө мындай делет:

«Бул саясатчылардын оозунан чыгып жаткан ыплас душманчыл сөздөрдөн алар Ислам жана мусулмандарды өтө жаман көрүүлөрү билинип турат. Башар Асад сириялык ага-инилерибизди мусулман болушканы үчүн качкынга айлантып, үй-жайларынан куру калтырып жаткан болсо, түркиялык бул илманий жана улутчулдар да кудум Башар сыяктуу пикирлеп жатышат, уялбай мына ушундай душманчыл сөздөрдү айтып жатышат. Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын мүчөлөрү, өкүмдар партия жана анын өкүлдөрү бул кылмышка сүкүт кылып жатышканын каралайбыз. Негизи, алар Сирияда Уммат козголоңу күчөп жаткан маалда качкындарга ансар экендиктерин айтышкан. Бүгүн болсо, кудум сириялык качкындарды айдоо керектигине ишара кылып жатышат».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет:

«Түркия өкмөтү бүгүн АКШ саясатынын алкагынан чыкпай аракет кылып жатат, анын Сирияга карата саясаты да бүтүндөй үмүтсүздүккө жана ийгиликсиздикке алып келет. Сириядан келип жаткан качкындар агымы мусулмандарга көрсөтүлө турган мамилени көрбөй жатат. Түркиядагы коом болсо, Ислам баалуулуктарынан жана исламий ага-иниликтен үзүлүүгө карай кетүүдө. Бирок, Аллахтын уруксаты менен, эртең бул илманий башкаруу да, коррупционер режим да шексиз өзгөргөндө, жок болгондо бардык нерсе түп-тамырынан өзгөрөт.

Роя гезити, №242, 2019-жыл, 10-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here