Тахрир Шам кайра дагы Хизб-ут-Тахрир жигиттерине душмандык кылууда

243
0

Тахрир Шам кайра дагы Хизб-ут-Тахрир жигиттерине душмандык кылууда

2019-жылы 1-июль күнү Тахрир Шам кыймылынын коопсуздук кызматы Лазикия жанындагы Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин биринин үйүнө бастырып кирип, төрт Хизб мүчөсүн камакка алды. Андан тышкары, үйдөгү бардык буюмдарды алып чыгып кетти. Кийин Хизб-ут-Тахрирдин Жээктеги радиосунун жабдыктарын да тартып алды.

Эртеси күнү аср убагында Салкин шаарында жана Идлиб жанында Хизбдин жети мүчөсүн, ошол күнү кечинде Жээкте төрт мүчөсүн камакка алды.

Роя гезити:

Козголоңчу «исламий» кыймыл Пайггамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө аракет кылып жаткан адамдарды камакка алып жатканы өтө кооптуу кадам. Бул эң оболу Исламдын, кала берсе, козголоңдун душмандарына кызмат кылат. Бул амалияттан мурда да Тахрир Шам бир нече амалияттары менен атайылап Хизб-ут-Тахрирдин Сириядагы аракетине басым өткөргөн. Негизи, Хизб бардык козголоңчу  кыймылдарга тынымсыз насаатчы болуп келди. Тахрир Шам болжол менен үч ай мурда Хизб-ут-Тахрирдин Жабали Завиядагы радиосунун жабдыктарын тартып алган. Анын бул кылмышы мусулмандардын мүлкүнө ачык душмандык кылуу болуп эсептелет. Кийин акыркы айларда Хизбдин бир нече жигиттерин камакка алып, үч-төрт күн ур-токмокко алып, акаараттап коё беришкен. Тахрир Шам мындай кылмыштары менен Хизбди маъруфка буйруу, мункардан кайтаруу жана Ислам байрагын көтөрүү аракетинен баш тартууга мажбур кылууну максат кылганы көрүнүп турат.

Ко-ош, Хизб-ут-Тахрир өз билдирүүлөрү менен Тахрир Шам кыймылын тынчсыздантып койдубу?! Бул жана бшка топтордун жетекчилери Түркия сыяктуу регионалдык мамлекеттер менен «алака» кылып жатканын, алардын буйругусуз бир кадам да таштабай, баары Сочи жана Астанада кабыл алынган кызыл сызыктан чыкпастан аракет кылып жатканын ачып таштоо менен ачуулантып койдубу?! Хизбди эл колдоого алып жатканы алардын ачуусун келтирдиби?! Жакында азат кылынган региондордогу таасирдүү жана интеллигент кишилер калктын катышуусунда конференция өткөрүп, бийлик Умматтыкы экендигин, ал эми, Сирия козголоңунун өзгөргүс максаттарына баш ийбеген топторго бийлик берилбешин баса белгилешти, балким, ушул нерсе аларды ачууланткан болушу мүмкүн?! Же тынчтыгын бузган нерсе, алар Сирияда шариятты өкүмдар кылууларын көптөн бери айтып келе жатышканда, Хизб Халифалыкты тикелөө менен шариятты өкүмдар кылууга чакырып жатканы болушу мүмкүн?!

Роя гезити, №242, 2019-жыл, 10-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here