Пакистан жана Түркия режимдери колонизатор кожоюндарынын талабын аткаруу үчүн Хизб-ут-Тахрирге каршы жарыша күрөшүп жатышат

256
0

Пакистан жана Түркия режимдери колонизатор кожоюндарынын талабын аткаруу үчүн Хизб-ут-Тахрирге каршы жарыша күрөшүп жатышат

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет:

«Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсү Навид Батт 7 жыл мурун уурдалгандан бери дагы эле дарексиз калууда. «Жоголгон адамдардын маселеси боюнча комиссия» Навид Баттын камакка алынганын тастыктоо үчүн Пакистан разведка бөлүмүнө талап катын жөнөткөн, өкмөт органдарынан бул маселе боюнча анын сотко тартылышын расмий талап кылган. Бирок, ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Навид Батт эч бир сотко тартылган жок».

Билдирүүдө ушуларга этибар берилди: «Навид Баттын окуясы ушуну дагы бир жолу тастыктап турат, бул режим мусулмандарга адилеттик көрсөтүү керек болгондо көр жана дүлөй болуп алат, колонизаторлорго кызмат кылуу зарыл болгондо катуу аракет кылышат! Пакистан акимдери мушрик индус согушкерин сый-урмат менен үй-бүлөсүнө тапшырууга шашылышты, эмнеге Навид Батты жети жылдан бери үй-бүлөсү менен эч болбосо телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө да жол беришпеди?!»

Билдирүүнүн соңунда мындай делген:

«Пакистан акимдери колонизатор кожоюндарынан Исламга каршы күрөшүү жана Исламды бийлик аркылуу колдонууга аракет кылып жаткандарды жок кылуу милдетин алышкан. Навид Баттын уурдалышы да Халифалыктын кайра тикелөө идеясынан тынчсызданган кожоюндарын ыраазы кылууга кирет. Ко-ош, калыс мусулмандар Навид Баттын азат кылынышын талап кылуу менен бул акимдердин күнөөлөрүнөн өздөрүн четке алар бекен?!

Роя гезити, №241, 2019жыл, 3июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here