Демонстрация: Ливанда жарандык согушка жол бербейбиз

296
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Демонстрация: Ливанда жарандык согушка жол бербейбиз

Белгилүү болгондой, Ливан акимдери бүткүл мусулмандарга, өзгөчө сириялык качкындарга каршы текчилдикке негизделген билдирүүлөрү жана иш-аракеттери менен фитна чыгарышууда. Бул фитнага каршы туруу, маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу жана зулумга каршы туруу максатында Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты хижрий 1440-жылы 25-шаввал, миладий 2019-жылы 28-июнь күнү жума намазынан соң Сиддий мечити алдында Триполи өкмөтүнүн имаратынын тушунда өтө турган «Жарандык согушка жол бербейбиз» деп аталган нааразылык демонстрациясына катышууга чакырды.

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты режимди улутчулдук, тайпачылык жана мазхабчылык жаңжалын чыгаруудан көп жол эскертти. Хизбдин дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүсүндө мындай делет:

«Ливандын фитначы башчыларынын бири эл алдына чыгып, улутчулдук, мазхабчылык, тайпачылык негизинде сөз сүйлөп, ливандыктарды жана сириялыктарды, Ливанда жашап жаткан Фалестин калкын жек көрүүсүн көрсөттү. Негизи, Фалестин калкы ушул жерде бул улутчул жетекчилер энесинин курсагында да пайда боло элек маалдан бери жашап келишет!».

Билдирүүдө дагы мындай делет:

«Бу мазхабчыл тайпачычылар Исламды жана мусулмандарды жек көрүүсүн билдирүүдө мамлекеттик мекемелерден пайдаланып жатышат. Мисалы, Хадас мэри радиостудиялардын биринде: «Биз мусулмандарга (жер) сатпоо же ижарага бербөө боюнча он жыл мурун чыгарган токтомубузга сыймыктанамын», – деди. Ал минтип кошумчалады: «Мен республика президенти тарабынан көптөн бери корголуп келем, шиалар да бул токтомубузга ыраазы гана эмес, ал тургай, мени колдоп-кубатташууда». Мындан тышкары, бул улутчулдар шаар имараттарына «Монголдор, кийин усманийлер, кийин сириялыктар келишти жана кайтып кетишти, Ливан болсо калды» деп жазылган плакаттарды орнотушту, бирок англистер, француздар жана яхудийлер жөнүндө эч нерсе айтышкан жок!».

Билирүүнүн соңунда мындай делет:

«Биз, Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын мүчөлөрү, ушул нерселерден эскертебиз, мындай сокурларча жек көрүүлөр чектен чыгып кетти. Ошондуктан, Ливан режимин бөлүнүүгө, жаңжалдарга жана ички согуштарга от жаккан мындай улутчулдук, мазхабчылык жана тайпачылык чакырыктарынан эскертебиз жана алардан сак болууга, аларды жок кылууга чакырабыз. Ливандагы мусулмандар баарына чыдай берет деп ойлобогула, билип койгула, Шам калкы биздин эл. Биздин каныбыз да, ойрон болуп жаткан үй-жайларыбыз да, тарыхыбыз да, Аллахтын уруксаты менен, жаркын келечегибиз да бир… Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык саясында мазхабчыл, тайпачыл адамдар болбойт.

Роя гезити, №241, 2019жыл, 3июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here