Соцтармактарда: Солтон-Сары

392
0

Соцтармактарда: Солтон-Сары

Соцтармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда койлор жапырт кырылып жатканы” тартылган видеотасмалар тарады. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция койлордун өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирди. Бирок, өлгөн малдан анализ алынганда, этинде нитрат жана мышьяк бар экени аныкталган. Мунун негизинде малдар ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган

Буга чейин, 15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, “Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинаты курулбасын” деген талап коюшкан. Алар эгер комбинат салына турган болсо, андан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, аны мал менен кошо ошол жердеги малчылар кошо ичип, ден соолукка олуттуу зыян тийгизээрин айтышкан.

Ал эми компания өкүлү Гүлмира Ибраимова “комбинат экологияга зыян келтирбейт, атайын иликтөө, экспертизалык иштер жүргүзүлгөн” деген.

Бирок, компания ишке ашырып жаткан жардыруулардын өзүнөн эле, жөнөкөй көз менен деле экологияга канчалык зыян келип жатканын көрүүгө болот.

Буларга карабастан, кече экотехинспекция сууну жана топуракты текшерүүдөн соң, анализ жыйынтыгы таза чыкканын билдирди. Бирок кийин, бул койлор ууланганга чейинки анализ экени  ачыкка чыкты. О.э. мал өлүмүнө козуларды дарылоо үчүн чабандар тарабынан берилген мышьяк себеп болуусу мүмкүн деген да версия көтөрүлдү. Бул болсо бийликтин компанияга адвокаттык кыла баштаганын түшүндүрөт.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмакчы.

Ошондуктан, жогорудагы жолугушууда өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов  комбинат кандай болбосун куруларын айткан:

-“ …кен казуу үчүн лицензия алган компаниянын лицензиясын кайра кайтарып алуу мүмкүн эмес. Алар да мыйзамдуу түрдө Мамлекеттик геология агенттигинен алышкан. Биз азыр элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн башка аргабыз жок”.

Жогорудан белгилүү болгондой, бул компания Атамбаев президент кезинде түзулгөн, Кытай экспансиясына жол ачкан келишимдер алкагында иш алып барып жатат. Быйыл болсо, Шанхай саммити алдынан, президент Жээнбеков Кытай баскынчылыгын тереңдете турган 19 документке кол койду. Анын алкагында, азыр Кыргызстанда Синцзян аскерий округунун аскерий делегациясы жүрөт. Бул Кытайдын аскерий жактан тымызын жылжып кирүү ыкмасына кирет. Белгилүү болгондой, Синцзянда мусулмандар Кытай бийлиги тарабынан кордолуп, камактарда азапталып жатышат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here