Бишкекте сууга карата тарифти кымбаттатуу сунушталды

259
0

Бишкекте сууга карата тарифти кымбаттатуу сунушталды

Бишкекте таза сууга жана сууну бөлүштүрүүгө (канализация) тарифти жогорулатуу сунушталды. Шаардык кеңеш буга байланыштуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу, бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулатуу сунушталды. Мындан сырткары Шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Депутаттар мунун себебин азыркы тарифтер өзүн-өзү актабай жатканы менен түшүндүргөн. Ошондой эле Башка өлкөлөрдүн шаарларындагы баалар менен салыштырышкан.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы буга чейин суу чарбасын реформалоо үчүн 8 млн евро кредит бөлүп берүүгө убада берген. Анын 4 миллиону гранттык негизде, калганы 0,75% үстөк менен берилет. Эл аралык уюмдар, алардын ичинде эл аралык банктар жакыр өлкөлөргө, негизинен, ушундай кайра продукция өндурбөгөн тармактарга кредиттер беришет. Аны төлөө кепилдиги үчүн, өздөрүнүн талаптарын коюшат. Бул талаптар негизинен мамлекеттик тейлөөлөрдүн баасын көтөрүүгө каратылган. Өз кезегинде бул талаптар саясий талаптарга айырбашталат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here