Атамбаев: Текебаевдейлер парламентке абдан керек

373
0

Атамбаев: Текебаевдейлер парламентке абдан керек

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 16-июлда Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Ал «Текебаевдин иши боюнча катаал маселеге туруштук бериши керек» болгонун журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

  • – Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамабевге салыштырмалуу Сооронбайдын (Жээнбеков – ред.) убагында көбүрөөк отурат,– деген Атамбаев. (“Азаттык үналгысыан” алынды)

Комментарий:  Текебаевдин камалышы – Атамбаевдин жекече амбициясы же кызыкчылыгынан келип чыккан эегемендүү токтому болгон эмес. Балким, ошол учурдагы саясий абалдын талабы болгон. Т.а. Атамбаев эски саясий чөйрөнү майдандан четтетип, ордуна жаңы жетекчи топту саясий майданга алып келүүнү долбоорлоду жана анын бул долбоору Путин тарабынан тастыкталгандан кийинки ишке ашырылган токтом болгон эле. Өзүн саясий элита деп эсептеп жаткан жаңы жетекчи топ азыр да өз ордунда жаңы президентке саясий кызмат көрсөтүп жатат.

Текебаев азыр да – саясий чөйрө ичинде бекем орношо албаган ошол жетекчи топ алып барып жаткан жасалма жараяндар үчүн – чоң проблемалар пайда кылышы мүмкүн болгон күчтүү саясатчылардын бири. Демек, ал өзүнүн “Ата мекен” партиясы менен күтүлүп жаткан депутаттар шайлоосунда олуттуу проблемалар пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, Атамбаев Текебаевди өзүн сатып кеткен депутаттар үчүн керектүү деп, аларга ыраа көрүп жатат.

16-июнда Текебаевдин үстүндө күтүлгөн сот процесси 21-августка кечиктирилди. Жээнбеков да кудум Атамбаев сыяктуу шайлоодо парламентке өзүнө караштуу саясатчыларды алып келүүнү максат кылууда. Ал да ушул маселеде өз долбоорун Путин менен кеңешип, тастыктатып алып, андан кийин ишке ашырып барууда. Текебаев жана башка бир катар активдүү саясий чөйрө мүчөлөрү болгон эски саясатчылардын жетекчи топ курамына киришине жол бербей жатат. Жаңы президент да сот системасын бүтүндөй өз таасири астына алды. Демек эч нерсе өзгөргөн жок, өзгөрбөйт дагы.

Ошондуктан, бу жасалма саясатчылар бизде жаңы үмүттөр пайда кылууга аракет кылып, бизди шайлоого катышууга чакырышат. Өздөрүн эл үчүн күйгөн, мекенчил кылып көрсөтүшөт. Айрымдары болсо диндар боло калышат. Бирок, эч нерсе өзгөрбөйт. Атамбаевчи топ башка кийим кийип, эми Жээнбековчулардан болуп чыга келишет! Эч нерсе өзгөрбөйт…

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here