ИДӨ көрсөткүчү – элди алдоо

684
0

ИДӨ көрсөткүчү – элди алдоо

Экономика министрлиги 2019-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 232,6 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүш 6,4% түзгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, орточо экономикалык өсүш 2,1% түзгөн. Ал эми айыл чарбасында 1,7%, курулушта 5,9%, өнөр жай тармагында 20,5%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 1,4% , соодада 4,7% экономикалык өсүш болгон.

Ал эми 2019-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 2,6% төмөндөгөн.  Жыл аягында ИДӨнүн өсүшү 4% деп болжонууда.

            Капиталисттик түзүм ички дүң өндүрүмдү көп өндүрүүнү проблемага чечим кылып алган. Мында коомдун бардык мүчөлөрүнүн керектөөлөрү кандырылабы, же кээ бирлериники кандырылып, кээ бирлериники кандырылбайбы, бул мааниге ээ эмес. Негизи, ИДӨнүн үлкөн бөлүгү чет элдик инвесторлор тарабынан ташылып кетет. Ал эми алардан артканынын ири бөлүгүнө мамлекеттеги бир ууч капиталисттер ээлик кылып, калган карапайым калк арзан жумушчу күч катары күнүмдүк оокатка жетип-жетпеген каражатка гана ээ боло алат. Андыктан, калк кооз көрсөткүчтөргө алданбай, мамлекеттен жеке адамдын бардык негизги муктаждыктары толук кандырышын талап кылышы шарт. Анткени, Ислам шариятынын талабы ушундай. Негизги муктаждыктар: азык-түлүк, кийим-кече жана үй-жай.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here