Өзбекстандын Коргоо министри АКШга барды

545
0

Өзбекстандын Коргоо министри АКШга барды

Өзбекстандын Коргоо министри Баходыр Курбанов жумушчу сапар менен АКШга барды. Ал сапардын алкагында коргоо министрдин милдетин аткаруучу Марк Эспер жана расмий өкүлдөр менен жолугушат. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчиси Даниел Розенблюм билдирди.

Розенблюмдун айтымында, Өзбекстандын Коргоо министри мындан башка да бир катар министрликтер менен жолугушат. Андан соң Курбанов АКШнын аскердик базасы менен аскердик академиясына да бармакчы.

“Учурда Өзбекстанга техникаларды жиберүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алардын бир бөлүгү кайтарымсыз берилсе, бир бөлүгүн Өзбекстан өзүндөгү ресурстары менен төлөй алат”, – деди Розенблюм.

Белгилүү болгондой, АКШ Борбор Азияга карата колонизаторлук жүрүшүндө Өзбекстанга өзгөчө маани берет. Анткени, Өзбекстан аймакта арзан жумушчу күчү жана кен-байлыктардын запасы боюнча алдыңкы сапта турат. Дал ушул өзгөчөлүктөр Россия, АКШ, Кытай жана Европа колонизаторлорунун Өзбекстанга болгон кызыгуусун арттырып келет. Колонизаторлор байлыктарды ташып кетүү үчүн, бул өлкөгө экономикалык, аскерий тузактарды ташташууда.

Белгилей кесек, 2015-жылдын соңунда АКШ Өзбекстанга миналардан коргоочу жана 20 эвакуациялоочу брондолгон унааларды белекке берген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here