Капитализм көрүнүштөрү көкөй кести
УКМКнын антикоррупциялык кызматы мыйзамсыз иш-аракеттен киреше тапкан
букмекердик компаниянын ишине бөгөт койду. Бул боюнча УКМК басма сөз кызматы
маалымат таратты. Маалыматка ылайык, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган
компания Кыргызстандын чегинен сырткары жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд.
сомдон ашык которгон. Бул кылмыштарга чет элдик
жарандар жана чет элдик банктардын катышкандыгы аныкталды.
Ушул окуяга катар эле, Нарында 270 адам финансалык пирамиданын курмандыгы
болушту. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын
(Финпол) пресс-катчылыгы маалымат таратты. Ага ылайык , уюштуруучулар Юстиция
министрлигинде жана салык органдарында катталбай туруп, элдин ишеничине кирип,
жарандардын акчасын алып, улам жаңы кардар табууга азгырып, финансылык пирамида
түзүшкөн. Кылмыштуу топ болжол менен 34 миллион сомдон ашык зыян келтирген.
Комментарий:
Бийликтин мындай кылмыштар менен, айрыкча экономикалык кылмыштар менен эл көзүнө
күрөшүүсү эл коопсуздугун сактоо алдында “көлгө түкүргөндөй” эле болуп жатат.
Себеби, бул кылмыштардын тамыры мамлекеттин капитализм түзүмү менен башкарылып
жатканында. Капитализм түзүмү мамлекетке жана анын жарандарына каалагандай
ыкмалар менен киреше табуунун жолдорун ачып берүүдө. Киреше табууда бир гана
пайданы көздөө керектигине үндөөдө. Көрүп жатканыбыздай, сүткордук, кумар
оюндары, алдоолор киреше табуунун кадимкидей эле булактары болуп калды.
Бийликтин капитализм негизинде чыгарып жаткан мыйзамдары болсо, бул булактардын
көбүнө жол ачып, калгандарына жылчык калтырып койууда. Ошондуктан, бийликтин
экономикалык кылмыштар менен күрөөшүүсү “жыландын өз куйругун тиштегени”
сыяктуу. Мындай курулай күрөш капиталистик түзүм башыбызда орногондон бери
уланып келе жатат. Негизи, букмекердик жана лоторея ойнотуучу кумар оюндары;
алдамчылык, финансалык пирамидалар, тармактык маркетингдер сыяктуу көз боёмочулуктар
– булар капиталисттик системадагы акча табуу ыкмалары. Ушуга ылайык, бул
кылмыштарды түп-тамыры менен жок кылып, элдин экономикалык коопсуздугун
сактоодогу күрөштүн натыйжасын көрүү үчүн, капитализм системасынан баш тартып, анын
ордуна адилеттүү Ислам системасын алып келүү зарыл.
Рашид Нусрат