Орто Азия мамлекеттери Орозо айт майрамын алдын ала белгилөөдө кандай максатты көздөшөт

343
0

 Орто Азия мамлекеттери Орозо айт майрамын алдын ала белгилөөдө кандай максатты көздөшөт

Бир нече жылдардан бери дүйнөдөгү бир катар исламий өлкөлөр рамазан айынын башталышын о.э. орозо бүткөндөн кийин окулуучу айт намазын алдын ала белгилеп коюшууда. Алар белгилеген күндөр, ал тургай рамазан же шаъвал айларынын башталышы менен туура келип калган күндө да, аны алдын ала белгилөө (аасийлик, чектен чыгуу) арам амалдардан деп эътибар кылынат!

Бул адатты милиция жана коопсуздук кызматкерлери менен муфтият биргеликте коомго сиңдирүүгө аракет кылышууда. Ал тургай, бул аракеттердин шариятка тескери экенин билген имам-молдолор да “биз баш ийгенибиз үчүн сооп алабыз, муфтият ката кетирип жаткан болсо өзү жооп берет” деген жалган жана ката фатваларды таратышууда.

Мен маселенин шаръий тарабына киришмекчи эмесмин, себеби, айды көз менен көрүү шарты жана аны көргөн мусулмандын кабары бирер мекенге чектелгени жөнүндө шаръий насс жок! Проблема айды көргөн мусулмандын ошол кабарды өз убагында дүйнөгө жеткире алышында. Башкача айтканда, ай көрүнгөнү жөнүндөгү маалымат бирер өлкөгө жетип барбаса, алар рамазанды 30 күн кылууга мажбур болушат. Дүйнө жүзү боюнча бир күндө ай жаңырышы шаръий жана илимий тараптан тастыкталган. Башкача айтканда, мында ихтилаф жок! Проблема маселенин саясий тарабында. Мусулмандарды айт намазынан тосууда куфр жетекчилиги үчүн кандай кызыкчылык бар?

Дүйнөлүк куфр башкаруу системасы акыркы жылдарда мусулмандарды эки тайпага бөлүү максатында олуттуу аракет кылууда. Бүгүнкү күнгө келип, алар өкмөттөр менен диний башкармалыктардын өкүлдөрү ортосунда шайкештик пайда кылышты. Эми бул уюшкан топ жардамында үммөт ичинде өз тарапкерлерин пайда кылуу максатында коомго кирип баруу үчүн амалий аракеттерди ишке ашыра баштады. Айт намазынын алдын ала белгилениши жана ал күн ката болушуна карабастан, үммөттү ушуга мажбурлоо аракетинде куфрдун “мээлүүн Ислам” долбоору коомго канчалык таасирин тийгизип жатканын аныктоо максаты көздөлгөн. Куфр бул аркылуу ката экенин билип туруп да бийлик тарапта турган мусулмандардын  санын аныктап алмакчы болду. Ошондой да болду. Үммөт эки пикирде бири-бири менен карама-каршылыкка барып, айрыкча социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштар пайда болду.

Быйыл “ар бир мамлекет өзү айды көрүп рамазанды өзү белгилейт” деген жаңы фатва пайда болду. Бул пикир, куфр сызып берген жасалма чек араларды шаръий өкүм үчүн да чек ара деп моюнга алууну түшүндүрөт. Бул өтө кооптуу пикирий багыт болуп, бир өлкөдөгү мусулманды башка өлкөдө жүз берип жаткан зулумдарга кайгырбай турган, жоопкерчиликти сезбей турган кылып коёт Т.а. улутчулдук жана мекенчилдик туйгуларын пайда кылат. Бул пикир Ислам жана мусулмандарды куфр кызыкчылыгынан болгон мекенчилдик, улутчулдук көрүнүшүндөгү кайдыгерлик байрагы астына чогултуу максатын көздөйт. Натыйжада мусулмандар дүйнөлүк, ал тургай жергиликтүү зулумдарга “мамлекет же муфтият жооп берет, биз аларга моюн сунуудан жоопкербиз” деген көз караш менен кайдыгерлик позициясын карманышат! Акыбетте бул саясий айла-амалдын артынан “дин мамлекеттен ажыратылган” деген демократиялык куфр акыйдасы мусулман дүйнсүндө мусулмандардын оозу менен тастыкталат! Сак бололу! Айрыкча, даъват жүгүн мойнуна алган боордоштор! Мээлүүндүккө чакыруу – бул акыркы жылдарда куфр тарабынан ишке ашырылып жаткан олуттуу пикирий күрөш болду. Кайдыгер болбойлу!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here