Түркия Россиядан С-400 сатып алуудан баш тартпайт
“Haberturk” интернет гезити: “Россия С-400 комплекстерин сатуу боюнча АКШга караганда жакшыраак сунуш билдирди. Түркия президенти Режеп Эрдоган журналисттерге мына ушундай билдирүү берди”, – деп кабарлады .
“АКШнын “Patriot” ракетасын сатуу жөнүндөгү сунушуна караганда Россия менен С-400 боюнча келишим жакшыраак болууда”, – деди Эрдоган.
О.э. зениттик ракета комплекстерин сатып алуу келишими түзүлүп бүткөндүгүн жана жокко чыгарылбастыгын белгиледи.
“Бизде келишим бар, биз олуттуубуз”, -деди Түркия президенти.
Мындан тышкары, ал Түркия Россиянын ракеталык комплекстерди жеткирип берүүсү боюнча түшүнбөстүктөрдү талкуулоо үчүн АКШ менен биргелешкен топ түзүлөрүн эске салып өттү.
Келишим боюнча, Россия Түркияга төрт даана С-400 дивизионун жеткирип берет. Келишимдин баасы 2,5 млрд доллар.
АКШ ушул келишимге каршы чыгууда жана Анкараны санкциялар менен коркутууда. Вашингтон С-400дүн ордуна АКШнын “Patriot” ракеталык комплексин сатып алууну сунуштап жатат.