Мубарак рамазан айтынын куттуктоосу

475
0

1440-жылдын шаввал айын күзөтүү натыйжасынын жарыясы жана мубарак рамазан айтынын куттуктоосу

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллох, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ва лиллахил хамд!

Бисмиллахир Рохманир Рохим. Залимдерди кыйроого учуратып, Ислам жана мусулмандарга күч-кубат берген бүткүл ааламдар Роббиси Аллахка мактоолор болсун. Бүткүл ааламга рахмат болуп жиберилген, бардык калктардын саййиди жана анбиялардын жыйынтыктоочусу болгон саййидибиз Мухаммад ﷺга, туура жолду таануу үчүн андан алгандарга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыямат күнүнө чейин аны жакшылык менен ээрчигендерге саламдар болсун.

Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра Gнун мындай дегенин уккам: Набий A же Абу Касим A айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ، وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асманды булут каптап турса, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 2019-жылы 3-июнь, дүйшөмбүдөн шейшембиге өткөн түнү мубарак шаввал айы күзөтүлгөндөн кийин ай шаръий түрдө көрүлгөнү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Мындан улам, эртең шейшемби күнү шаввал айынын жана мубарак рамазан айт күнөдүрүн биринчи күнү болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рушта – Аллах ал кишини Өз коргоосуна алсын – бардык Исламий Умматтын перзенттерин мубарак рамазан айты менен куттуктайт. Ал киши Аллах Субханаху ва Тааладан жер жүзүндө Исламды колдоно турган, Исламды хидаят жана нур катары бүткүл дүйнөгө жеткире турган, өлкөлөрдү азат кылып, Аллахтын пенделерине кызмат кыла турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө бизди жеткиришин сурайт. Бул жихад мамлекети менен мурунку фатхтар кайра жанданат. Натыйжада, адамдар айт майрамдарында жана фатхтарда «Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах, Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд» деп ураан салышат.

Өз кезегинде, мен жана маалымат бөлүмүнүн кызматкерлери Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштаны жана бардык мусулмандарды ушул мубарак рамазан айты менен куттуктайбыз. Аллах бул айт орозо кармагандарды шаттыкка бөлөшүн, мусулмандардын биримдигин көрсөтүүсүн жана мусулмандарга алар адамдардан өзгөчө бир Уммат экенин эске салышын каалады.

Дүйнөнүн чыгышы-батышындагы бардык мусулмандарга! Шамдын кайраттуу калкына! Мубарек Фалестина жеринин мурабит-коргоочу калкына! Ямандын сабырдуу калкына! Судан жана Алжирдин козголоңчу калкына! Бирмадагы мазлум мусулмандарга! Кашмирдеги мужахид мусулмандарга! Орозо кармаган, кыямул лайлдарды кылган, ибадат жана салих амалдар менен алек болгон момундарга… рамазан айтыңар мубарек мубарек болсун.

Эй момундар, ушул айтка ачык жүрөктөр менен чыккыла, дилиңер ушул айда кылган таат-ибадаттарыңар менен кубанычка толсун… Мубарак Рамазан айындагы намазыңардын нуру себептүү жаркырап жаткан жүзүңөрдөгү шаттыкты бүткүл дүйнө көрсүн, Аллах Тааланын:

سِيمَاهُمْ فِي وُجُوهِهِم مِّنْ أَثَرِ السُّجُودِ

«Алардын жүздөрүндө сажда изинен (калган) белгилер бар»  [48:29]

деген аяты силерде көрүнсүн.

Колонизатор кафир Батыш жана анын мусулман өлкөлөрүндөгү саткын малайлары, баары улуу Ислам акыйдасы силерге берген бекемдиктин кандай гана күчтүү экенин көрүшсүн. Силер Роббиңердин убадасынан кадыржам болгон, Расул ﷺ белгилеп берген максатка карай ылдам кадамдарды шилтеп жаткан Уммат экениңерди баары билип койсун. Расул ﷺ белгилеген максат –Уммат менен биргеликте рошид халифалардын сийратын кайтара турган таза, таква адилеттүү халифаны ээрчип, Аллахтын арканын бекем кармоо. Ушул халифа Умматтын күч-кубатын топтоп, өлкөлөрүбүздүн кызыкчылыктарын жана байлыктарын жамдайт. Натыйжада, Аллах Таала силердин амалыңар менен силер үчүн жана бардык адамдар үчүн береке дарбазаларын ачып берет… Силер бул дүйнөгө үмүт чырагын жандырып бересиңер т.а. дүйнө аларга адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат жетекчилик кылып жатканына кайра ишенет. Негизи, жер жүзүн Робби ыраазы боло турган нерсе менен абат кылууга ушул Уммат гана татыктуу.

Эй момундар, ушул жакшылыкка алып бара турган каражатыңар жана жолуңар – бир гана Халифалык мамлекетин кайра тикелөө. Бул мамлекет – бүткүл адамзаттын саййиди Мухаммад мустафа ﷺ силерге калтырып кеткен мамлекет.

Хизб-ут-Тахрир негиздөөчүлөрү, фукаха жана мүчөлөрү Мухаммад ﷺдын сийратын терең тастыктап, анын кылган иштерин үйрөнүп чыгышты. О.э. алар дин мураскорлору болгон фукаха-мужтахиддердин тунук райларына ээрчишти. Мунун натыйжасында, Расулуллах ﷺдын сахабалар жамаатын түзгөндөн баштап, Мадинаи Мунавварада Ислам мамлекетин тикелегенге чейинки саясаттагы минхажын түшүнүп жетишти. Кийин, ал заттын тарыйкатына негизделип, Абу Бакр, Умар, Усман жана Али разияллоху анхумдар мамлекети болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайра тикелөө боюнча жоготулган жол картасын, набавий хидаят картасын кайра түзүп чыгышты.

Эй мусулмандар, Батыш силер менен Хизб-ут-Тахрирдин даъватчы мүчөлөрү ортосуна тосмо коюуну өтө-өтө каалап жатат, ушуга урунуп жатат. Андыктан, мындай ыплас тоскоолдукту кыйратып, Хизб мүчөлөрүнө кошулгула, алардан силерге бере турган жакшылыктарды сурап алгыла. Анткени, алар мусулмандар кайда болбосун, силердин араңарда жана силер менен бирге. Силер Хизб мүчөлөрү жөнүндө сурап-сүрүштүрсөңөр, араңарда силерге колдорун сунуп турушканын, өздөрүнүн түшүнүк жана пикирлерин силерге сунуштоо үчүн жүрөктөрүн ачып жатканын көрөсүңөр. Ошондуктан, кутулуу жолун таанып алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла. Хизб мүчөлөрүнүн колуна колуңарды бергиле, балким, Аллах силерге жана аларга нусрат-үстөмдүк берер.

Эй жер жүзүндөгү бардык мусулмандар, ушул айдагы кубаныч Роббиңерге болгон бир ибадат. О.э. бул кубаныч кубатыңарды кайра топтоп, кайратыңарды бекемдейт, душманыңарга карата өч алуу-душмандыкты ойготот. Ошондой болгон соң, тахлил-такбир айтып, шаттангыла жана кубанычыңарды көрсөткүлө. Кийин, амал кылуучулар менен бирге амал кылгыла.

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар.

Баарыңардын айтыар мубарак болсун! Аллах Субханаху ва Таала баарыбыздын таат-ибадаттарыбызды кабыл алсын!

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Шейшембиге өткөн түн, хижрий 1440-жылдын шаввал айынын биринчи күнү

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here