«Эркин» демократия: АКШ визасы

406
0

«Эркин» демократия: АКШ визасы

АКШнын маалымат каражаттары кабарлашынча, эми АКШга виза алмакчы болсоңуз социалдык тармактардагы аккаунтуңуз жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүүсүз.

Жаңы киргизилген эрежелерге ылайык, Америка визасына арыз берген адамдар акыркы беш жылда колдонгон телефон номурлары, электрондук почталары, социалдык тармактардагы бардык аккаунттары тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Бул талап аткарылбаса, виза алуу мүмкүн эмес. О.э. адамдар аларды колдонбойм деп койсо, же аларды өзгөртүп айтып койсо, анда анын акыбети катаал болот. Ага кошумча, бул маалыматтардан тышкары визага арыз берген адам анын үй-бүлө мүчөлөрү террористтик аракеттерге катыштыгы барбы деген суроого жооп бериши керек.

АКШ бийлиги бул эрежелер киргизилишине баягы эле «терроризмди» шылтоолоп жатат. Негизинен, АКШнын, деги эле бардык капиталисттик мамлекеттердин максаты – калк үстүнөн «тотальный контроль» орнотуу т.а. ар бир жаран «кишенделген» абалда болушу зарыл, акылы да, пикирлери да «кишенделиши» керек.

Табийгый суроо туулат: АКШ эртели-кеч сайрап жаткан “эркиндикти кепилдөө”, “адам укуктарын коргоо” кыялдары каякта калды?

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here